// //

Кайын - журттун кулумун

2018.08.30, 17:23
5850

Турмушка чыккам. Эки балам бар. Кайын-журтум менен жашаганыма 4 жылдын жүзү болду. Өкүнүчтүүсү кайын атам, кайын энем мени кабыл ала алган жок. 

Үйдө кара жумуш абдан көп. Таңкы 5:30да туруп уй саайм, сүт тартам, чөп чөмөлөйм, коон жыйнайм, тезек жабам, эшик алдын шыпырам, үй тазалайм, тамак жасайм, кыскача айтканда кара жумуштан башым чыкпайт.

Оокат кылгандан колум түшүп калбайт деңиздерчи. Бирок, кылсам деле “айтмайын жазабайсың, ылжырап эле жүрөсүң, укпайсың, тоготпойсуң” дешет. Үйдө уруш чыкса баягы мен күнөөлүмүн. Кайын атам дагы көп кемсинтет. “Сен Хюрем болуп алдың."Одноразовыйсың!" ” дейт. Каяша айтпай эле коёюн деп унчукпасам “көк бетсиң, тоготпойсуң” деп улам күчөйт.

Негизи үйдү кайын атам башкарат, баары анын айтканындай. Кайын энем мени ага акырын жамандай берет. Унчукпай койсо, кыздарына айттырып жатып, аягында уруштурат.  Атам чоң адам, кыйкырып урушканда калтырап кетем.

Бүгүн дагы аябай жаман сөздөр менен урушту. Ызама чыдабай, кайын энеме “эмнеге дайыма мени атама ушактай бересиз" деп ыйлап жибердим. Ал чуркап барып кайын атамды чакырып келип арызданды. Атама “мени жээрип эле уруша бересиз” деп салдым. “Сенин тилиң азыр эле ушундай, дагы төрөсөң тилиң узарат го” деп кайра урушту. 

Күйөөм болсо атасынын сөзүн эч качан эки кылбайт, кээде мени урат, анысын эч кимге айтпайм. Аны мындан ары сүйүүгө алым жок! 

Ата-энем, бир туугандарым бар. Кудайга шүгүр жакшы турушат. Аларга жашоом тууралуу айта албайм.

Кыскасы, ушул үйдөн учуп кетким келет. Кайда барам? Кетип калсам кыздарымды көрсөтпөй коюшсачы?  Менин да күнөөм бардыр. Мүмкүн алардын оюндай чөп жыйнап, мал карай албайттырмын. Кеңеш күтөм!

Айгүл Ысыкеева, психолог

Урматтуу каарман, кайын атаңыздын жылдан-жылга күчөп жаткан маселесин басым жасоо деп түшүнүүгө болот. Кайын энеңиз дайыма кылган иштериңиздин баасын түшүрүп, жашыруун түрдө жоопкерчиликти кайын атаңызга жүктөп ал да үстүңүздөн басым кылып жатат.

Жолдошуңуз ата-энесинин ушундай мамилесинде чоңойгон. Активдүү жана пассивдүү мамилени жакшы ажырата албай, жакпаса да мындай көрүнүштү кабыл алып, зомбулукту токтотпой, кээ бир учурда өзү кошулуп кетет экен.

Суроо жаралат: Эмне үчүн мунун баарына чыдап жашап жүрөсүз?

Көбүнчө биздин жаш келиндер “Эл эмне дейт? Ата-энемдин бетин кантип карайм.  Мүмкүн меники туура эмес”, деп так ажырата албай чыдап жүрө берет. Бул коркунучтар зомбулукту өркүндөтөт. Жакшы мамилеге татыктуумун деген ишенимдери жетишсиз. Жардамсыз жалгыз калгандан коркушат. Өздөрүнүн күчүнө, акылына ишенишпейт. Бирөөгө таянып жүрүүнү туура көрүшөт. Өзүн коргоону, жоопкерчиликти өзүнөн эмес күйөөсүнөн күтөт.

Мына ушундай коркунучтар, адаттар каарманыбыздын өзүнүн ата-энесинин, үй-бүлөөсүнүн шарттарына калыптанып калып, таасирин берип жаткан убагы.

Кызым, кичинекей болсоңуз мындай коркунучтарга туруштук бере алмак эмессиз, бирок бүгүнкү күндө толук түрдө туруштук бере алууга шарттарды түзө аласыз.

  1. Зомбулуктуу мамилеге чыдабастыгыңызды даана түшүнүңүз.
  2. Кайсы тараптан, ачык же жашыруун түрдө зомбулук, адилетсиздик келгенин тактаңыз.
  3. Өзүн-өзү баалоонун ыкмаларын үйрөнүңүз. Психологиялык чектерди сактаганга жана сизди адам катары сыйлаганга талаптарды күчөтүңүз.
  4. Өзүңүзгө таяна тургандай ички жана сырткы рессурстарды табыңыз. Ички рессурстар: жан дүйнөңүздөгү ишеничтер. Сырткы рессурстар: зомбулукту ачыкка чыгарып, туура жардам бере алган адам. (Жакындарыңызга кайрылбаганыңыздын бирден бир себеби, алардын жардам берерине күмөңүңүз бар)
  5. Кыйналганыңызды, чарчаганыңызды, туура эмес мамилени ачык бөлүшүп, билдирип туруңуз. Ансыз акыбалыңыз башкаларга белгисиз бойдон калат. Өзүңүзгө болгон жоопкерчиликти өзүңүз алыңыз. 
  6. Мүмкүн болсо психологго кайрылыңыз.

Жогорудагы кеңештер жардам бербесе, ойлонуп ажырашуу чечимин кабыл алсаңыз болот. 

Эсиңизде болсун, жашоо - бул сыноо, ар бир мүнөттө тандообузду жаратабыз.

Сизге ийгилик каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт