// //

Аял адамбы, же...

2018.08.30, 11:39
6114

Коомубузда аялды - укугу жок, колунан үй жумуштарынан башка эч нерсе келбеген зат катары карагандар аз эмес. Мындай жаңылыш пикирди ислам динин туура эмес түшүнгөндөр карманышат.

Динде аял кишинин укуктарына өзгөчө маани берилген. Анын коомдогу, үйдөгү жана үй-бүлөдөгү орду бийик.

“Билесиңби” порталы исламдагы аялзатынын укуктары тууралуу теологдор менен сүйлөштү.

Жар тандоо укугу

Ислам дини аялдарды аябай сыйлайт. Ошол себептүү кыздарда болочок жарын тандоо укугу бар.

Султанали Гапуров, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн адиси:

- Албетте, жар тандоодо эркек кишинин дагы, аял кишинин дагы өзүнүн укугу бар. Сөзсүз түрдө ата-эненин көңүлү каралат. Ата-эне жүрөгү перзенти үчүн согот, алар өз балдарына жамандык каалабайт. Эгер ата-эне ылайыктуу жерди көрсөткөн болсо, “макулмун” же “макул эмесмин” деп айтуу кыздын эрки. “Ата-энем айтып жатат, мен сөзсүз түрдө ошого турмушка чыгышым керек” деген мажбурлоо жок. Себеби, ал адам менен жашоочу кыз болот. Жалпылап айтканда, динибиз кыздарга бул жаатта тандоо укугун берген.

Билим алуу укугу

Шариат аялдарга өзүн-өзү өнүктүрүүгө, билим алып, акча табууга уруксат берет.

Кадыр Маликов, теолог:

- Ар бир адам баласы ал эркек болсун, же аял болсун илим алууда эч кандай айырмачылыгы жок. Эгерде аял билим алгысы келип, өзүн өркүндөтүүнү кааласа бул нерсеге мүмкүнчүлүк бериши керек. Куранда “Билим алуу үчүн изденүү ар бир мусулмандын милдети” деп айтылган. Ал эми Пайгамбарыбыз (с.а.в) “Билим кайда гана болбосун аны издегиле” деген. Демек, аял дагы билим алууга укуктуу. Ошондой эле Пайгамбарыбыз  (с.а.в) «Илим алуу ар бир мусулман эркек жана аялга парз» деп айткан. Мындан илимдин канчалык маанилүү жана зарыл экенин түшүнүүгө болот.

Иштөө укугу

Кээ бир эркектер аялдарын иштетпей үйгө камап коюшат. Бул туура эмес.

Улан Усупов, теолог:

- Аялдар аялзатына ылайыктуу, шарты туура келген жана шарият уруксат берген чөйрөдөгү жумушка иштөөгө укуктуу. Алар иштеп тапкан акчасына өзүнө керектүү буюм-тайымдарды, кийим-кечелерди алат. Үй-бүлөсүн, тамак-аш, кийим-кече менен камсыз кылуу эркектин милдети. Мындайча айтканда аял акчасын өз муктаждыктарына гана жумшайт.

Кесип тандоо укугу

Айдоочу же ширетүүчү болуп иштеген аялдарды таң калып карайбыз. “Бул эркектин жумушу да” деп артынан сөз кылабыз. Мүмкүн, аял өз кесибин сүйөт.

Султанали Гапуров:

- Аял киши кесип тандоо укугуна ээ. Болгону өздөрүн азапка салып, оор жумуштарды аткарып жанын кыйнабашы керек. Оор жумуштарды эркектерге калтырып, жеңилин тандаса туура болот. Себеби, аялзаты назик зат. Жумуш шарты аялдарга ылайык болуп, кызматы физиологиялык жана психологиялык жактан ден-соолугуна терс таасирин тийгизбеши зарыл.

Өз оюн билдирүү укугу

Көп учурда аялдын жеке оюна орун жок болуп калат. “Сен эмнени билмек элең, бар тамагыңды жасап, ишиңди кыл!” дегендер арбын. Бирок, аялзатын сыйлоо, аздектөө тууралуу жана укуктары эркектердики менен тең экендигин аяттар, хадистер айтат.

Нурлан Субанов, “Адеп Башаты” фондунун мүдүрү:

- Пайгамбарыбыздын аялдарынын бири Айша энебиз акыл-эстүү аял болгондуктан, көп жерде Пайгамбарыбыз аны менен кеңешип, оюн угуп иш кылган. Андан кийинки улуу-улуу энелерибиздин ойлору ушунчалык так-даана айтылгандыктан, шариятта көп жерде аялдардын оюу алынган. Бардык эле аялдардын оюуна орун берилет дегенден дагы алыспыз. Оюу алына турган деңгээлдеги акыл-эстүү, билимдүү болуш керек.

Кызмат кылуу укугу

Шарият, “Эркектердин эң мыктысы – өз аялдарына жакшы мамиле жасагандар” деп айтат. Андыктан, “сен мага кызмат кылышың керек” дегендер жаңылышат.

Султанали Гапуров:

- Шарият боюнча аялдар күйөөсүнө кызмат кылууга милдеттүү эмес. Эгерде аял күйөөсүнүн көңүлүн алып, тамагын берип, кийимин тазалап берсе кудай ыраазы боло турган иш жасайт. Баары өз каалосу менен болот. Күйөөсү сенин милдетиң дебестен, бош убактысында кол кабыш кылса, ортолорундагы сый-урмат, сүйүү бекемдейт.

Ислам дининде ар бир нерседе тең салмактуулук принциби бар. Жогорудагы пикирлер  аялдын коомдогу орду бийик экенин көрсөтүп бере алды деп терең ишенебиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт