// //

Байыгың келсе жумуш эмес, мыкты жетекчи тап

2018.08.29, 16:04
2280

Максатка жетүү кыйын эмес. Болгону - ишеним, күч-аракет жана мыкты жетекчи керек. Оба, туура эле уктуңуз – жетекчи. Таң калуунун кереги жок. Ичиңизде жаткан идеяларыңызды ишке ашырууга дал ушул жетекчи жардам берет.

Билесизби, адамдар эки түргө бөлүнөт:
1. Эл менен иштешүүгө жөндөмдүү
2. Демөөрчү табууга жөндөмдүү

Айталы, идеяга бай адамсыз, бирок, аларды ишке ашыруу үчүн сизде каражат жок. Бирөөдөн акча сурай албайсыз же колуңуздан келбейт. Анан эмне болот, акча таап берип турган бирөө керек. Туурабы!?

Шашпаңыз, мыкты жетекчилер көчөдө кол булгалап турбайт. Ууга чыккан аңчыдай болуңуз. Буга чейин кандай жыйынтыктарга жеткен, кандай долбоор менен иштешкен, адилеттүүбү, калыспы байкаңыз. Мисалы, келечекте мыкты программист же бизнесмен болууну каалайсыз. Демек, ушул тармактан, ийгилик жараткан адамга көз салыңыз.

Өзүмчүл, сараң, өз пайдасын гана ойлогон, ишенимиңизди тепселеп, идеяларыңызды колдобогон жетекчилерге жакын жолой көрбөңүз. Алар сизди чөктүрөт.

Бирөөнү таптыңыз дейли, эми аны менен жакшылап сүйлөшүп, кол алдына кирүүгө аракет жасаңыз. "Мага мынча сом бер" деп айта көрбөңүз. Мындай жетекчилер үчүн акыркы жыйынтык маанилүү. Эгерде жакшы жыйынтык көргөзсөңүз, үн-сөзү жок эле, татыктуу акча төлөп берет.

“Мал ээсин тартпаса арам өлөт” дегендей, акырындап жетекчиңизге окшошуп, тепкичтен өйдөлөп баштайсыз. Мүмкүн андан дагы кыйын болуп чыгасыз. Бул ыкма – ийгиликке жетүүнүн оңой жолу.

Бизге сизге ишенебиз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт