// //

Бул ашкана сырларын апаңыз да билбейт. Ашпозчудан кеңеш

2018.08.29, 14:05
4496

Кээде ашканада убакыт өткөрүү тирүүлөй тозокко айланат: эт бышпайт, май чачырайт, тамак күйүп, казанга жабышып калат, базардан алып келген продукттар эски болуп чыгат. Айта берсең сөз көп.

Кулинардык чеберчилик боюнча уста Данияр Деркембаев ашканада колдонгон кээ бир амалдарын көрсөтүп берди. Буларды эстеп алсаңыз, убакытты үнөмдөп, нервди сактап каласыз.

  1. Бычактарды идиш жуугуч машинада жуубаңыз. Болбосо, идиш жуучу каражаттын курамы, бычакты бир жууганда эле мокотуп коёт.
  2. Аш тактайдын алдына кагаз майлыкты нымдап, салып койсоңуз, колдонуп жатканда тайгаланбайт.
  3. Жумшартылган этти (отбивной) туурасынан кесебиз, узатасынан кесип койсок чайноо кыйын болуп калат.
  4. Көмөч казанга эт туурамын (фарш) кууруп жатканда, ширелүүлүгү жоголбосун десеңиз, даяр болгонго чейин туздабаңыз.
  5. Майонез кошулган салаттарды муздаткычта 1 күндөн ашык сактабаңыз.
  6. Буурчакты бышырып жатканда бир чымчым сода кошуп койсоңуз, 15 мүнөттө даяр болот.
  7. Чечевица даяр болгондон кийин гана туз кошуу керек, болбосо эзилип кетет.
  8. Кайнап жаткан картошкага маргарин же өсүмдүк майынан бир кашык кошуп койсоңуз бат бышат.
  9. Этти майда туурайм десеңиз, аны жалпак кылып кесип, бир аз убакытка муздаткычтын тоңдургучуна салып коюңуз. Тоңгон этти кесүү алда канча оңой.
  10. Базардан боор сатып алганда, жакшылып көңүл буруңуз. Аны кесип берип жатканда, өт тийип кетпесин. Эгерде өт тийсе, боор жараксыз болуп калат. Боор жуулбаган, кургак болушу керек.
  11. Палоого күрүч тандаганда, бир ууч күрүч алып колуңузга сүртүп көрүңүз. Алаканыңызда крахмал уну калса, анда күрүч палоого ылайыктуу эмес.
  12. Балыктын сөөктөрүн алып салуу үчүн, кабыргаларын ичинен кесип, акырын алыңыз. Андан кийин, кылдаттык менен омурткасын кесип, баш жана куйругун алып салуу керек.
  13. Шорпого бир кесим муз салып кайнатсаңыз, шорпо тунук болот.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт