// //

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

2019.05.05, 13:45
66898

Жыныстык катнаш – адамдардын негизги муктаждыктарынын бири. Ал эми, сексуалдык инстинкт – эң күчтүү инстикт болуп саналат.

Bilesinbi.kg бир нече урологдор жана сексологдор менен байланышып, туруктуу жыныстык катнаштын жоктугу эркектин ден соолугуна кандай таасир берээрин сурап көрдү.

Секстин жоктугу эркектин ден соолугуна терс таасир берет. Узакка чейин жыныстык катнашка барбаса төмөнкү ооруларга чалдыгышы мүмкүн:

  • простатит
  • эректилдик дисфункция
  • мезгилсиз эякуляция
  • либидонун төмөндөшү
  • жүрөк жана кан тамыр оорулары
  • иммунитеттин түшүшү
  • тукумсуздук ж.б.

Баса, эркектердин каалоосу аялдарга караганда жогору деген пикирлер негизсиз. Психологиялык жана физиологиялык ден соолугун сактоо үчүн эркек менен аялга бирдей өлчөмдө секс керек.  

Ошондой эле, эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса организминде гормоналдык өзгөрүүлөр пайда болот. Бул өз кезегинде ашыкча салмактуулукка, тери ооруларына, психологиялык көйгөйлөргө алып келет.

Жыныстык жашоо туруктуу болуп турганы жакшы (сексуалдык активдүүлүк узарат), болбосо, психикага терс таасир бере баштайт. Эркек:

  • кайдыгер, пассивдүү адамга айланат
  • жашоого кызыгы жоголот
  • болбогон нерселерге кыжырданат
  • эс тутуму начарлайт
  • стресске чалдыгат
  • депрессияга түшөт
  • уйкусу качат.

Нормада эркек киши 28 жашка чейин жумасына 5-8 жолу, 28 жаштан өткөндөн кийин 3-5 жолу жыныстык катнашка барып турушу керек.

Эгерде сизде жогорудагы белгилердин бирөөсү байкалса, адиске кайрылып, кеңеш алыңыз. 

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
09.05.2019, 00:32

Менде жолдошум жок 6 жыл. Башым и бойрогум коп Жана мага эч нерсе жакпайт. Аны таныштарым секстен туурабы

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
21.10.2019, 17:09

Саламатсызбы. Жубайым менен кошулганда биринчиси бүтүп экинчисине 20 минутадай убакыт кетет эзалып анан улантам. Ушул нерсе кийинчерек пайда болду 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт