// //

Шейшеп текшерүү жөрөлгөсүнөн коркуп жатам. Анткени...

2018.08.28, 15:41
8953

Колунда бар үй-бүлөнүн кызымын. Кичинемден эч нерседен кем болбой чоңойдум. Бирок, кеп башкада.

17 жашымда бир жигит “кыз-жигит” болуу сунушун киргизди. Жаккан жок, баш тарттым. Намыстандыбы билбейм, күчкө салып зордуктап койду. Үйлөнүүгө даяр эмес болгондуктан, башкалардай ала качып дагы ала алган жок. Бул тууралуу эч кимге айткан жокмун. Иштебеген, эч нерсеге жөндөмү жок бала эле. Ата-энемдин акчасына кызыгып, мага жетүү үчүн кыздык намысымды алса керек деп ойлойм. 

Экөөбүздүн келечегибиз жок экенин билип, алыстоо чечимин дароо кабыл алдым. Арадан бир жыл өттү.

Азыр оюмдагыдай жигитим бар, жакында баш кошобуз. Ага болгон окуяны айтып бергем. “Кудайым буюрса баары жакшы болот” деген сөзү оозунан түшпөйт. Жигитимдин “сарсана болуп кереги жок” дегенине карабастан, шейшеп текшерүү жөрөлгөсүнөн коркуп жатам. Анткени кыздык белгинин каны башкача болот деп уккам. 

Шейшеп текшергенде кан башка өңдө болуп, билинип калбайбы?

Гүлзина Мадраимова, акушер-гинеколог

Кызым, менструалдык кан менен кыздык белгиден чыккан кан бир аз айырмаланат. Кыздык кан капиллярлардан чыккандыктан өңү ачык болот. Жигитиңиз түшүнүктүү болуп, туура кабыл алып жатса эмнеге ойлоносуз. Кыргызда "Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар" деген кеп бар.  

Бири-бириңерде сыйлоо, түшүнүү сезимдери болсо сыймыктаныңыз. Сизге айтаарым, баш кошоор алдына психолог, гинекологдон кеңеш алып, турмуш курууга канчалык деңгээлде даяр экениңиздерди текшерип кетиңиздер.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт