// //

Лайфхак: телефон сууга түшүп кетсе эмне кылуу керек?

2019.05.02, 16:22
4630

Телефонуңузду сууга түшүргөндөн кийин дароо алып чыксаңыз зыянга учурабайсыз. Ал эми, төмөндөгү кеңештер аны сактап калууга  жардам берет.

Эмне кылбаш керек?

  • Дароо иштетпеңиз.
  • Күйгүзөм деп, зарядкага сайбаңыз.
  • Кнопкаларын баскылабаңыз.
  • Силкпеңиз, ургулабаңыз.
  • Үйлөбөңүз, суу башка жагына өтүп кетиши мүмкүн.
  • Чач кургаткан фен колдонбоңуз.

Сууга түшкөн телефонду кантип калыбына келтирсе болот?

  • Өчүрүп, тик абалда кармаңыз.
  • SIM-карта менен флешканы алып чыгыңыз.
  • Аппаратыңыз эски болсо батареясын чыгарыңыз. Батареясы чыкпаган жаңы смартфондорду телефон оңдоочу жайга алып барыңыз.

  • Телефонду кургак чүпөрөк же кагаз сүлгү менен сүртүңүз. Суюктук тешиктерине кирип кетпесин, этият болуңуз.
  • Чийки күрүч салынган баштыкка салып койсоңуз да болот. Себеби күрүч нымдуулукту өзүнө жакшы тартат.
  • Телефонуңузду бир-эки күн кургатыңыз. Кызыгып кетип, жандырып жибербеңиз.
  • Бир-эки күндөн кийин күйгүзүп көрсөңүз болот. Эгер иштеп баштаса, динамикасын, экранын жакшылап байкаңыз.
  • Текшерткени атайын адиске алып барыңыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт