// //

"Үйдөн качкан" өспүрүмдөр

2018.01.29, 10:28
3010

Өсүп келе жаткан балдардын туруксуз психологиясы аны ар кандай чечимдерге түртүп турат эмеспи. Курчап турган чөйрөсү, үй-бүлөдөгү туруксуз абал же ата-эненин жетишээрлик көңүл бурбагандыгы да баланы ар кандай ойго түртөт. Алардын бири үйдөн качып кетүү, аны менен ата-энесинин же кимдир бирөөнүн көңүлүн бурдуруу. Негизинен иликтөөлөр көргөзгөндөй балдардын качкан себеби, үйдөгү тынч эмес абал жана жагымсыз жагдайлар себеп болоору белгилүү болгон. Качкын балдар тууралуу Гүлмира Молдокулова эмнелерди айтат.

  • Эмнеге өспүрүм үйдөн качып чыгууну ойлойт?

Бул өтө актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Өспүрүмдүк убакыт өтө татаал болот, бир четинен кичинекей бала бирок, өзүн чоң адамдардай сезет. Өспүрүм бала көп учурда менин эчкимге керегим жок, мени жаман көрүшөт, мага кысымдык кылышат, мени түшүнүшпөйт деп билет. Өспүрүм дайыма үйдөн өзүнүн оордун тапканга аракет кылат. Менин өзүмдүн оюум бар, маселелерди чечкенге акым бар деп ойлойт. Бирок ата-эне көпчүлүк учурда мындайга даяр эмес, аларга баласы дагы деле кичинекей сезилет. “ Сен али кичинекейсиң, менин жашыма жетип ал биринчи, биз ата энебиз биз чечебиз эмне кылыш керектигин ” деп баланы токтотуп коет.

  • Үйдөн кетип калуу чечиминин себептери?

Көбүнчө үйдөн качып кеткен өспүрүмдүн жашы 10дон 17ге чейин болот. Улуулар жактан дайыма кагуу жеп турса, үйдө балага болгон басынтуу болсо же ата эне бири-бири менен дайыма урушуп турса, үйдө тынчтык болбосо, үй-бүлөдөгү башка балдарга караганда өспүрүмгө адилетсиздик мамиле кылышса, ата-эне ажырашып кетсе анан жаңы үй бүлө түзүп өгөй ата же эне менен жашап калганда балага үйдөн кетүү оюу келет.

Мындан сырткары жалгыз ата же эне баласына өтө камкордук кылып турса бул дагы баланын жинине тийип кыжырлантат. Дагы бир себеп ата-эненин колу бошобой баласына көңүл бурушпаса бала өзүнө көңүл бурдуруу үчүн, ата-энесин кайтарып алуу максатында үйдөн качып кетет.

  • Алдын алуу жолдору:  балага көңүл буруп, анын көйгөйлөрүн чечишип, ага акыйкаттуу мамиле жасап, ар бир кырдаалда оюн уга билип турса бала үйдөн качып кетпейт.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт