// //

Аты-жөнүн өзгөрткүсү келгендер үчүн

2018.08.28, 11:42
8174

Мурункудай болуп аты-жөндү өзгөртүү таатал эмес болуп калган. Бирок алдын ала эскертип коёюлу: паспорттон тышкары, калган баардык документтерди өзгөртүүгө даяр болуңуз.

  1. Ким аты-жөнүн өзгөртө алат?

16 жашка чыккан Кыргызстандын жараны. Бардык өзгөрүүлөр Мамлекеттик каттоо кызматына (МКК) жана ЖААКка киргизилет. Ата-эне пикири бул маселеде каралбайт.

  1. Эмнеден баштоо керек?

Аты-жөнүңүздү кантип өзгөртүүнү чечтиңиз. Эми жашаган аймагыңыздагы ЖААК (ЗАГС) бөлүмдөрүнө кайрылып арыз жазасыз. Үлгүсүн ошол жерден беришет.

Арызда төмөндөгү маалымат көрсөтүлүшү керек:

  • Аты-жөнү, туулган күнү жана жери, жарандыгы, улуту, жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы ( бойдок, никеде, жесир, ажырашкан);
  • Эгерде балдар бар болсо, бойго жете электеринин аты-жөнү, туулган күнү;
  • арыз берүүчүнүн жана бойго жете элек балдарынын ар бирине карата түзүлгөн жарандык макамы жазылган маалымат;
  • Фамилия, аты жана атысынын атын кантип өзгөртүлөт жазылат;
  • Аты-жөнүн өзгөртүүгө эмне себеп болду.

Атын гана өзгөртүүнү каалаган адам, атын өзгөртүү жөнүндө арызга кол коёт жана түзүлгөн датасын көрсөтөт.

  1. Арыздан тышкары кандай документтер талап кылынат?

Арыз менен кошо төмөнкү документтерди даярдоо зарыл:

  • арыз ээсинин ким экендигин тастыктаган документ (паспорт);
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • арыз ээси үй-бүлөлүү болсо, нике тууралуу күбөлүк;
  • ажырашуу күбөлүгү, арыз ээси ажырашкандыгына байланыштуу кайрадан кыз атын алууну кааласа;
  • бойго жете элек балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

Кээ бир документтер жоголуп кетсе, орган бар болгонун кабыл ала берет, жоголгондорду МКК өзү ЖААК аркылуу калыбына келтирип алат.

  1. Документтер өткөрүлүп берилгенден кийин эмне болот?

Аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүк үчүн терминал же банкка 115 сом мамлекеттик алым төлөйсүз. Андан кийин сиз эки ай күтүшүңүз керек.

  1. Эки ай күтүп жатканда, МКК эмне кылат?

Арыз каралат. Зарыл болгон документтердин ичинен кандайдыр көчүрмөлөрү жоголуп кеткен болсо, карап чыгуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. ЖААК документтер сакталган башка ЖААКтардан өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жарандык ал абалдын көчүрмөлөрүн сурайт. Мисалы, сиз Бишкекте катталгансыз, бирок Токтогулда төрөлгөнсүз, документтерди суроо Токтогулга кетет.

  1. ЖААКта (ЗАГС) маалыматтар сакталбай калсачы? Эмне кылуу керек?

Маалыматтар калыбына келтирилгенге чейин күтүүгө туура келет. Бул менен МКК алектенет. Сиз бат-баттан баардык документтер даярбы деп сурап турушуңуз керек.

  1. Өзгөртүүгө баш тартып коюушу мүмкүнбү?

Мүмкүн. Эгерде соттолгондуңуз өчүрүлө элек болсо же кандайдыр бир мыйзамсыз ишти жашыруу үчүн атыңызды өзгөртүп жатсаңыз. Муну билүү үчүн ЖААК Ички иштер министрлигине суроо жөнөтөт. ЖААКтын жетекчиси баш тартуунун себебин түшүндүрүүгө милдеттүү. Аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө арыз менен бирге берилген документтер кайтарылып берилет.

  1. Өзгөртүлгөн маалыматтар тууралуу кимдер билет?

ЖААК  аты-жөнүңүздүн өзгөртүлгөнү тууралуу РИИБге билдирет.

  1. Аты-жөнүңүздү өзгөртүүгө макулдук берилгенден кийин эмне болот?

Колуңузга аты-жөнүңүз өзгөртүлгөнү жөнүндө күбөлүк аласыз. Ал жакта көрсөтүлөт:

  • аты-жөнү (өзгөртүлгөнгө чейин жана алмашкандан кийин), атын өзгөрткөн жарандын туулган күнү жана жери, жарандыгы;
  • аты-жөнү өзгөртүлгөн күнү жана актын номери;
  • аты-жөнү өзгөртүлгөн мамлекеттик каттоо жери;
  • аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө күбөлүктү берген датасы.

Бул документти өзүңүз менен алып жүрүшүңүз керек!

  1. 16 жашка чейинки балдардын аты-жөнүн кантип өзгөртсө болот?

Ал үчүн ата-эне же баланын мыйзамдуу өкүлдөрү арыз менен кайрылышы керек.

  1. Колуңузда аты-жөнүңүз өзгөртүлгөндүгү жөнүндө күбөлүк бар. Эми калган документтерди өзгөртүү керекпи?

Бул күбөлүктүн негизинде паспорт, айдоочулук күбөлүк жана башка документтерди өзгөртө аласыз. Бирок, паспорттон башканы өзгөртпөй деле койсоңуз болот. Эски документтерди пайдаланууда аты-жөнү өзгөртүлгөн деген күбөлүк көрсөтөсүз. Чет өлкөгө чыгып жатканда дагы керек болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт