// //

КИВА тууралуу билгенге чейин бир эле атым бар болчу. Ишкерлердин ийгилик сырлары

2019.04.24, 12:14
1215

КИВА линиясы боюнча насыя алганга чейин бул жеке ишкерлердин саналуу гана мүлкү болгон. Учурда ар биринин кыялдары орундалып, алдыга чоң пландарды коюп жаткан чактары.

Замира Бутабаева: «Бир эле атыбыз бар болчу»

2015-жылы КИВА кредиттик линиясы тууралуу билип, талаачылык жана мал санын көбөйтүү үчүн насыя алдык. “Бай Түшүм” Банкынан насыя алганга чейин: бир ат, 10 майда жандык, 2 уйубуз бар эле. Алган кредитибиз ак жолтой болуп, малдын саны көбөйдү, аларды сатуудан түшкөн акчага там тургуздук. Банктын КИВА кредиттик линиясынын шарттары абдан жагымдуу экен. Алдыда жакшы максаттарыбыз бар.

 

Сарбүбү Мукамбетова: «Асыл тукум букаларды сатып алдым»

Эки баламды жалгыз өстүрдүм. Башында чарбабыз кичинекей эле: бир уй музоосу менен. Балдарым чоңойгон сайын чыгашалар көбөйдү. Жыйынтыгында, сүт жана мал сатып кирешени жогорулатуу үчүн жандыктардын башын көбөйтүү суроосу пайда болду. Ошол учурда, «Бай Түшүм» Банкынын КИВА кредиттик линиясы тууралуу билип калдым. Шарттарын жактырдым. Насыяга саан жана бооз уйларды, асыл тукум букалар менен койлорду сатып алдым. Мал айлантып, балдарыма жогорку билим алууга шарт түзүп бердим, кызымды турмушка узаттым, үйгө ремонт жасадым, чакан дүкөн ачтым. «Бай Түшүм» Банкы менен иштөө ыңгайлуу экен. 

Жумакан Сукетаева: «КИВА турмуш шартыбызды жакшыртты»

7 балам бар. Балдарым үйлөнүп-жайланган. 1997-жылдын бери мал чарбачылык жана өсүмдүк өстүрүү менен алекпиз. Үй-бүлөбүздүн материалдык абалын жакшыртып, малдын башын көбөйтүү үчүн “Бай Түшүм” Банкынын КИВА кредиттик линиясынан насыя алып, 3 саан уй, минералдык жер семирткичтерди, жер үлүшүн сатып алууга колдондук. Жыйынтыгы биз күткөндөн да жакшы болду. Пландаган максаттарыбыз ишке ашып, там салганга жетиштик. Эми ферма курсак деп турабыз. Банктын кеңешине жана жардамына абдан ыраазыбыз.  

«Бай-Түшүм» Банкы, мал жана өсүмдүк өстүрүүгө, бизнес баштоого, жоголгон бизнести/форс-мажордук абалдардын кесепетинен жапа чеккен чарбаны жана турак-жайды калыбына келтирүүгө КИВА багыты боюнча жеңилдетилген насыяларды сунуштайт.

Сизде кандайдыр бир суроо бар болсо бул номерлерге чалыңыз:

  • 0(312) 905 805
  • 0 (770) 905 805 
  • WhatsApp 0 (777) 905 805.

"Бай Түшүм" Банкы - ишенимди баалайбызкыялдарды ишке ашырабыз

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт