// //

Кой терисин жамынган карышкыр молдонун бетин кантип ачса болот?

2018.08.27, 16:09
4917

Коомубузда балдарын мусулманчылыкка үйрөтүүнү каалаган ата-энелер көп. Бирок молдолорго окууга берүүдөн коркушат. Себеби, радикал ойлорун балдарга таңуулаган молдокелер жок эмес.

Учурда диний билимге талап өсүп жаткан маал. Бул бир жагынан жакшы болгону менен, экинчи тараптан кой терисин жамынган карышкырларды көбөйтүүдө. Балдары мечитке барып жаткан ата-энелерди коопсуздук маселеси тынчсыздандырат.

Бизге кайрылган ата-энелердин бирөөсү:

“Балам 15 жашта. Достору менен мечитке бара баштаганына аз эле болду. Башында жакшы эле каршы болгом, болбой достору менен кетип калды. Ашкере динчил болуп кетеби деп корком”,- деди.

Ошондой эле дагы бир ата-эне төмөнкүлөргө токтолду:

Мен балам үчүн коркуп жатам, ал өзгөрдү, балким жакшы көңүл бура албай койгондуктанбы билбейм. Себеби, аялым экөөбүз балдардын келечеги үчүн деп күндөп-түндөп көр оокаттан азабы менен бошобойбуз. Албетте, ата-эне болгондон кийин баланы жакшы болуп чоңоюшун каалайбыз. Ата-эне деген эмне жакшы, эмне жаман экенин сезет. Ортончу эркек балам 19 жашта.  Намаз окуйт анысы жакшы, ага сүйүнөм ичип, чегип жүргөндөн көрө намаз окуганы жакшы да, бирок эртеден кечке үйгө келбейт. Эмне кылып жүргөнүн билбейм.

“Молдодон балдарга эмнени үйрөтөөрүн сурагыла”

Муфтияттын Даават, үгүт-насаат, ар түрдүү агымдар жана жаштар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билал ажы Сайпиев алгач ата-энелер өздөрү мечитке барып, эмнелер тууралуу айтылаарын билиши керек деди:

- Бала мечитке барса эле бузулуп кетет деген ойдон алыс болушубуз керек. Мечитте радикалдар тууралуу сөздөр айтылбайт. Мечит - адамдар келип кулчулук кылган, ачык жер. Көбүнчө туура эмес пикирлер интернет айдыңдарында, өзүнчө батирлерде жайылтылат. Үйдө кооптонуп олтура бербестен, ата-энелер өздөрү мечитке барып, молдону угуп, эмнени окутуп жатканын сурап турса болот.

Билал ажы Сайпиевдин айтымында адамдын айткан сөзү анын ким экенин билсе болот:

- Адамдын сүйлөгөн сөзү, акылынын таразын билдирет. Имамдын айткандарынан эле, анын ким экенин, канчалык такшалгандыгын билүүгө болот.

“Көчөдөн үгүт жүргүзүү туура эмес”

Ата-энелер көчөдөн же мектептен жаштарды кармап алып дин тууралуу үгүт иштерин жүргүзгөндөрдөн коркушат.

Күмүшай апа небереси кооптуу диний топко кирип кетеби деп кабатыр:

 “Неберем 13 жашта, кээде мектептен келе жатса дааватчылар кармап алып, ар нерселерди айта беришет экен. Эмнени айтты десем, балам “жөн эле” деп коёт. Эмне кылышты билбей калдым.”

Бөлүм башчынын айтымында мындай фактылар катталып келген:

- Оба, бизде бул сыяктуу учурлар болгон. Борбордук мечиттен дааватчылар чыгып алып, балдарга келиме айттырып жаткандарын адамдар тартып, интернетке жайылтып, нааразычылыктарын билдиришкен. Биз ал дааватчыларга “бала мечитке өзү келе турган болсо мейли, эгерде көчөдөн көрүп калсаңар, байке катары насаатыңарды эле айтып койгула" деп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз,-деди.

 Сабаттуу молдо менен радикал молдонун айырмачылыктары

Теолог Кадыр Маликов имам эч качан жарандардын жеке ишине кийлигишпеши керектигин айтты:

Имамдын милдети диний жөрөлгөлөрдү жасап, аларды башкаруу гана эмес:

  • Жергиликтүү жамааатардын жүзү болуу.
  • Ар бир кайрылган жараан менен өз алдынча иш алып баруу.
  • Адамдардын көйгөйлөрүн чечип, аларга туура багыт берүү.
  • Коомду терс көрүнүштөрдөн (алкогол, баңгилик ж.б) алдын алуу.
  • Жамаатарды чогултуп алып, каражат топтоп, кембагалдарга жардам берүү.
  • Жарандардын жеке иштерине кийлигишпөө.

Теолог бүгүнкү күндө имам кандай болуш керек деген сурообузга төмөнкүчө жооп берди:

- Заман талабына ылайык, имамдар ислам жаатында гана билимге ээ болбостон, психология, тарых сыяктуу светтик илимдерден билим алып, дүйнө таанымы, ой жүгүртүүсү кең болушу керек. Маалыматтарды фанатизми жок, жаштарга түшүнүктүү тил менен жеткирүүсү зарыл.

Адамдар сак боло турган болсо, молдонун радикал экенин билип алса болот.

     

      Сабаттуу молдо

 

         Радикал молдо

Жай сүйлөйт

Өктөм сүйлөйт

Катуу айтпайт

Катуу чакырыктарды жасайт

Коркутпайт

Коркутат

Башкаларды күнөөлөбөйт

Адамдарды күнөөлөп “каапыр” дейт

Толеранттуу

Агрессивдүү

Заман агымынан артта калбайт

Жаңы нерселерди (инновация) кабыл албайт

Ар тараптуу билимге ээ

Бир багытка катуу берилген

Мажбурлабайт

Өз оюн таңуулайт

Өз оюн таңуулабайт

Атайын жайларда топ-топ болуп чогулуп турушат (батир, үй, кеңсе)

Түшүндүрүү иштерин коомдук жайларда жайылтат

Каапырларга каршы күрөшүүнү үгүттөп, мамлекетке каршы чакырыктарды жасайт

Радикализимге каршы күрөшүүдө, ар бир адамдын жардамы маанилүү. Жогоруда критерийлер адам радикалдуу диний агымдарга мүчө экенин көрсөткөн белгилердин айрымдары гана. Сизде молдого кандайдыр бир күмөнүңүз болсо, дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт