// //

Лыжачан бала

2018.08.24, 17:31
1404

Чөлдө кербенинен калып кетип, күнгө куйкаланып, тамчы суу үчүн жанын бергенге даяр, жутканга шилекейи катып, айла түгөнгөндө заарасын кочуштап ичейин десе кашайып анысы да какшып чыкпай, тилин салаңдаткан жолоочу өңдүү бей чара Лыжачан бала да эриндерин жаланып келатты. Баары жылас болгондой, көчөдө тирүү жан көрүнбөйт. "Кышында жут каптай тургансып, кемпир-чалы деле чөп чабыкка кетип калганбы..." - деп ойлоду, саардан бери жазылбай, мээси бүрүшүп калган башы.

Лыжачан бала жумалап бөтөлкөнүн ичинде жашап, чакалап ичсе да эртеси мынчалык башы ооручу эмес. "Карып баратамбы, колдор калтырап, дене титирейт, томолоноюн деп калган чалдай болуп" деп уудан олжосуз кайткан аңчыдай түнт тартып баратты.

- Ии, келип калыптырсың, Лыжачан бала. Абалыңды го көрүп турам. Бирок кечирип кой, карызга куюп бералбайм. Өзүң деле билесиң, эки айдан бери төлөй элексиң. Карызың болсо эки баракты толтурду.

Дүкөнчү Гүкүн айылдыктын баары жазылган калың көк дептерге ишарат кылып койду. "Башкалардан го пенсиясын алган кезде же малын саткан маалда өндүрүп алам. Сенден балээни алайынбы, арак ичпей, балээ ичкир," - деди ичинен, сыртынан боору ооругандай, абалын түшүнүп тургандай түр көрсөтө. Лыжачан баланын Гүкүндүн айылдын шамалына, чаңына туурулган жүзүн айга, күнгө теңеген аракети да дүкөнчүнү ийге келтирбеди. Көк дептердин ээси бир топ жыл мурун мода болуп турган кезде салдырып, эми ак тишке алмаштыра албай жүргөн маңдайкы алтын тиштерин жылтырата күлүмсүрөй гана угуп турду. Ал айылдык аракечтин баарын беш колундай билип бүткөн.

Айтмакчы, ошолордун сап башында турган Лыжачан баланын азан чакырылып коюлган аты Боронбай. Бир ирет арактан өкүртө ичип алып, жинди суу ичти кызыткандан кийин өзүн Манас баатыр сезип, атын айылды чаңызгыта чаап жүрүп анан ооздугун тарта албай, аңгекке түшүп кеткен. Ошодон бери сылтып басат. Алыстан караганда бир өйдө, бир ылдый болуп аксап басып келаткан Боронбайды бөтөлкөлөш жоросу Эргеш "Ойнең, Бокуш эмне, лыжа кийип алганбы," - дей салып, жанындагылардын боорун эзген. Ошентип Боронбай, Бокуш аттары өчүп, карысы деле, жашы деле "Лыжачан бала" дей баштаган.

Айласы куруган Лыжачан бала бүгүн капканы чаппай калганына каңырыгы түтөй, түпкүрдөн жылт эткен кызыл үмүтү өчкөнсүй, көчөдө жалгыз шылкыйып баратты.

- Ассалому алейкум, Боронбай бий!

"Арзыбай молдо" деди ичинен Лыжачан бала, башын көтөрбөй туруп. Бул айылда аны өз атынан ушул мечиттин имамы эле атачу.

- Мечитке да келбей койдуңуз. Мени көрсөңүз эле ажыдаар көргөнсүп, алыстан айланып качасыз, мен сизди зордоп апкеле тургансып. Жок дегенде жума намазга келип турсаңызчы, даараттын шылтоосу менен бетиңиз да жуулуп калат эле, - Арзыбай молдо Лыжачан баланын чылпык баскан көздөрүнө тийиштире сүйлөдү.

Лыжачан бала молдону кыртышы сүйбөй турду. "Тимеле, тимеле. Адалсынып коет мага, үйүңөн алты камандын башы чыгаар, - деди ичинде, - кыйын экенсиң, мага акыл үйрөтпөй, аялың Гүкүнгө арак саттырбай койбойсуңбу. Деги сен өзү такыба болуп калганыңа канча болду? Мурдагы жылы эле биз менен ичип жүрүп, оонап калганыңда, үйүңө мен колтуктап жеткирчү эмес белем. Эми эле мага насаат айтып калганын кара".

- Ниет бар, таксырым, ниет бар. Буюрган күнү силердин сабыңарга туруп каларбыз, - Лыжачан бала кышы бою тезек менен көмүр жагылган мештин морундай карарган бетиндеги апсайган сакалын сылай, шек алдырбады.

- Машалла, таксырым! Иншалла ошондой эле болсун. Пакистанга үч айлык дааватка жөнөдүм. Иншалла сизге теспе ала келейин, өз колум менен тапшырам. Жок, жакшысы сиз да жүрбөйсүзбү. Аллага бирге кызмат кылалы. Көрөсүз, бир айда эле бетиңиз нурданып, өзүңүздү тааныбай каласыз.

"Бир стакан эле жутсам, бетим нурданмак түгүл жаркырап калбайт беле. Ыя, аялыңа айтып койбойсуңбу, Пакистан-Макистанга убара кылбай эле, айылдан эле сообума калсын" деп куйтуланып турду.

- Чөп чабышым керек, таксыр. Болбосо үйдөгү тиргиликти таштап коюп, тилин билбеген, бабам көрбөгөн жерге мен деле бармакмын. Анын үстүнө, өзүңүз деле көрүп турасыз, мага окшогондор деле дааваттан келип алып, керек болсо эл сыйлаган, той-топур, өлүм-житимден жилик алган молдого айланып жатпайбы.

Молдонун чылпагына тийиштирген сөзүнө татыктуу жооп берип койдум дегенсип, кудуңдай, компоюп калды. Азыр эле жүзүнөн мээрим төгүлүп тургансыган молдонун таалылуу жеринен кармады белем, ыраңы кубара түшүптүр.

- Кудай ургур, жаннаттан жай табылбай калсын сага...
- Бейиштин баарын өзүңөр ээлеп алсаңар анан...

Экөө бири-биринен алыстаганга шашып, артына кылчайбай кетишти. Бирок Арзыбай молдонун "Пакистанга... үч айга..." деген сөздөрү эсине кылт эте, кулагынан кетпей туруп алды... Ашыга элеңдеп, молдонун үйүн карай басты.

Кожоюну дааватка, кожойкеси дүкөндө жүргөн үйдүн короосунда кукулуктап бир топ тоок жүрөт. Кайдан-жайдан жем таба койду да, "түтү-түтүлөп" чогултуп, шырп алдырбай бирөөсүн баса калды... Арыктын боюна отура калып, муздак сууга эле тооктун жүнүн тытып кирди...

- Гүкүн, карачы, семиз тоок апкелдим. Эти жумшак, өзүм баккам. Талап эле кетишет. Келе, ордуна бир бөтөлкө берчи...

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт