// //

Бала менен кандай оюндарды ойноо керек? 7-бөлүм

2018.08.20, 10:11
2044

4 жаштан 5 жашка чейинки курак

Балаңыз чоң кишилердин жашоосуна толугу менен камтылгысы келген учур. Себеби анын акыл-эс мүмкүнчүлүктөрү, баарлашуу көндүмдөрү, жүрүм-туруму абдан тез өнүгүп жаткан мезгили. Бул куракта бөбөктөр үчүн ыңгайлуу күн тартибин уюштуруу өтө таасирдүү.

Эгерде балаңыз бала-бакчага барса, бакчанын тартибине көнүп, жалпы эрежелерди өздөштүрөт. Эгерде балаңыз үйдө болсо, сөзсүз түрдө аткарылуучу бир нече аракеттерди белгилеп коюш керек.

Биринчи ирээтте, бөбөктүн уктай турган, тамактануу убактыларын эреже катары белгилеңиз. Ушул куракта бала “жакшы”, “жаманды” айырмалоого кызыга баштайт. Ошондуктан балаңыз менен чоң кишидей мамиле курганга аракеттениңиз. Эгерде балаңыздын жагымсыз  аракети үчүн жазалаганды чечсеңиз, аны сөзсүз түрдө туура эмес кылгандыгын, кооптуу же жалпы баалуулуктарга шайкеш келбегендигин кылдаттык менен түшүндүрүп бериңиз.

Балага болгон талапкөйлүк жана кааттуулук, жылуулук жана көңүл буруу менен шайкеш болушу зарыл.

Көпчүлүк ата-эне ушул учурда ашыкча талапкөй болуш керек. Бейбаш болот деген ойлору жаңылыштык.

Бул куракта бала чоң кишидей сүйлөп, “ойлонуп” жана чоңдордун аракеттерин кайталоосу – бул жалган эле көрүнүш. Себеби бала дагы деле өзүнүн жүрүм – турумун анализдеп көзөмөлдөөгө али даяр эмес. Ал азыр изденип, дүйнөнү активдүү таанып билип жаткан чагы. Сиздердин жардамыңыз, көңүл бурганыңыз, колдооңуз – балаңыздын өзүнө болгон ишенимин арттырып,  келечектеги ийгиликтерине, жетишкендиктерине болгон өбөлгөлөр.

4-5 жаштагы балага төмөндөгүдөй оюнчуктар керек болот:

  • санакка керектелүүчү каражаттар;
  • ар кандай музыкалык аспаптар (барабан, металофон, чопо –чоор);
  • оюнчук телефон;
  • лото;
  • домино;
  • лего.

Кантип ойнотуп, өнүктүрөбүз?

  • Санакка керектелүүчү материалдар менен баланын логикалык ой-жүгүртүүсүн, элестөөсүн, кебин өнүктүрүүчү ар кандай оюндарды уюштурса болот. Мисалы, “Канча эле, канча болуп калды?”, “Эмне көп, аз, тең? Эмне себептен?”, “Баарына тең бөлүштүр”, “Кимисинде көп, аз?” деген сыяктуу оюндар балаңыздын ойлонууга болгон жөндөмдүүлүгүнө шарттарды түзөт.
  • Телефон аркылуу  бала санакты бышыктайт, адептүү жүрүм-турумду өздөштүрөт. Оюн аркылуу “Саламатсызбы!”, “Иштериңиз жакшыбы?”, “Рахмат!”, “Жакшы калыңыз”, “Сизден сураныч”  ж.б.у.с. сөздөрдү колдонгонго үйрөнөт.
  • Ал эми музыкалык аспаптар баланын музыкалык табитин гана өнүктүрбөстөн, эске тутуусун, майда моторикасын, ритмди сезүүсүн, угуусун, чыгармачылыгын, ой-жүгүртүүсүн, математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруусун өнүктүрүү менен бирге эмоциялык жетилүүсүнө чоң салымын кошот.

Кандай аракеттерди жасаса болот?

  1. Балаңызга металлофондун, барабандын таякчаларын кармаганды үйрөтүп, үндүн чыгышы түздөн-түз ушуга көз каранды экендигин далилдеңиз. Чогуу ар кандай үндөрдү угуп көрүңуз.
  2. Ритм (бат –жай), үн (акырын – катуу, төмөн – өйдө)   менен ар кандай эксперименттерди жүргүзүңүз. Ушул жөнүндө сөзсүз түрдө баарлашыңыз.
  3. Балаңызга обон чыгарганга шарттарды түзүңүз. Ойнолгон үндү угуп, кайра кайталоону сунуштаңыз. Чогуу ойноңуз, ырдаңыз.
  4. Чакан концерттерди уюштуруп, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн чакырып, балага ишинин жыйынтыгына ырахат алууга тарбиялаңыз.

(уландысы бар)

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт