«Өзүңө жаккан иш менен алектен» болбогон бир кепби?

“Жумушумду сүйөм” деген адамдарды көргөндө, ичибизде аз да болсо көрө албастык сезим ойноп кетет. Чынында эле сүйүктүү жумуш - сейрек кездешүүчү бакыт. Ошондо жумушун сүйбөгөндөр бактысыз болуп калабы?

Стэнфорд университетинин окумуштуулары рахат тартуулоочу жана өнүктүрчү жумуш табууга кайсы стереотиптер тоскоол болоорун изилдеп чыгышты. Изилдөөдө ушул убакка чейин айтылып келген “Өзүңө жаккан иш менен алектен” деген кептин эч кандай пайдасы жок, кыялдагы жумуш издөөгө тоскоолдук кылаары белгилүү болду.

Окумуштуулардын айтымында "каалаган нерсең менен гана алектен", "кыялыңдын аркасынан түш" деген кеңештер жардам бербейт, болгону жолубузду чаташтырат.

Стэнфорд университетинин психология профессору Кэрол Дуэк, кичинекей эксперимент жүргүзүп көрүүнү чечет. Ал студенттерден, “"Ким өзүнүн жашоодогу ордун издеп жүрөт” деп сурайт. Дээрлик  баары кол көтөрөт. “Алар капыcтан эле башыңа бир нерсе түшүп, анан жашоодо эмне менен алектенишиң керек экенин билип калfсың деп ойлошот. Мисалы, мен дарыгер болушум керек экен, ураа, мен кыялдагы жумушту таптым. Ошону менен биргеликте эмне менен алектенүү керектигин издөө мотивация деп ишенишет”, - деди профессор.

Сингапурдун Yael-NUS колледжинин психология профессорунун жардамчысы  Пол O'Kиф “Эгерде жумуш адиске жагымдуу маанай тартуулабай, күн сайын кайталанчу айлампа болуп көрүнсө – ал ошол замат өзүнө ылайыктуу эмес жумуш менен алектенип жатам деп ойлой баштайт”, -деди.

Жумушка болгон кызыгуу кайдан-жайдан пайда болбойт

O'Kиф жана Стэнфордун окумуштуулары Кэрол Дуэк менен Грег Уолтон “чакырык” тууралуу көз карашты өзгөртүүгө убакыт жеткенин айтышат. Алар жүргүзгөн изилдөөлөргө таянсак кызыгууну табуу мүмкүн эмес, аны өнүктүрүү керек.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча жарыяланган  макалада, авторлор эки  башка ой жүгүртүү түрлөрүн баса белгилешкен.

  1. "Белгиленген ой жүгүртүү" – мындай ой жүгүртүүгө ээ болгон адамдар кызыкчылык – бул туруктуу сапат, ал бизге төрөлгөндөн тартып берилет, болгону аны табуу керек дешет.
  2. “Ийкемдүү ой жүгүртүү" - бул ой жүгүртүүгө ээ болгон адамдар кызыкчылыктарды иштеп чыгып, аны өнүктүрсө болооруна ишенишет.

Бул ой жүгүртүүлөрдүн адамга тийгизген таасирин түшүнүү үчүн, изилдөөчүлөр жөнөкөй студенттерге бир катар тажрыйба жүргүзүшкөн.

Окумуштуулар жаштарды эки топко бөлүшөт: кээ бир студенттер техникалык илимдерге кызыкдар болсо, башкалары - гуманитарга. Андан кийин, сурамжылоо жардамы менен студенттердин кимиси "Белгиленген ой жүгүртүү", кимиси  "Йкемдүү ой жүгүртүү" теориясын карманаарын тактап алышып, экспериментти башташат. Сыноо "Белгиленген ой жүгүртүү" теориясын жактагандар өздөрүнүн кызыкчылыгына туура келбеген сабактарга кызыкдар эмес экенин көрсөттү. Натыйжада - пайдалуу сабактарды өткөрүп  же кызыкчылыктарына төп келбесе дагы келечекте пайдалуу боло турган мүмкүнчүлүктөрдөн баш тартышкан.

Мындан тышкары, алар жакшы көргөн жумушта кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн эмес деген ойдо болгондуктан, кыйынчылык башына келгенде дароо жеңилип, баштаган ишинен баш тартышат.

Ой жүгүртүүсү ийкемдүү адамдар, тескерисинче, каталарды кетирүүдөн аз коркушат. Алар белгилүү бир шарттарда дээрлик ар бир адам ар кандай нерсеге кызыкдар болушу мүмкүн деп болжошот.

Ой жүгүртүүсү белгиленген адамдар жумуш тандап жатканда преспективасына эмес, өздөрүнүн ыңгайына карашат.  Башкача айтканда, кызыкчылыктарын жакшы маяна, жумуш ордунан көтөрүлүүдөн бийик коюшат.

Ой жүгүртүүсү ийкемдүүлөр ар дайым жаңы бийиктикке жетүүгө умутулушат. Ошондуктан, тобокелдиктерге жана өнгүүгө алып бара турган жумуш тандашат.

Эгерде ата-энелер  өздөрүнүн үлгүсү менен балага жаштайынан кыйынчылыктардан коркпошу керек экенин көрсөтүп, жаңы нерселерден коркпоо керек экенин айтып турса, баары жакшы болот. Кийин чоңойгондо бала ким болом деп кыйналбайт.

 

 

 

 

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт