// //

Баламды эмизгим келбейт

2018.08.10, 16:01
2694

"Баламды эмизгим келбей  жатат. Себеби иштейм жана эмчегим шалпайып калат. Эмчек эмизбесем баламдын ден-соолугунда мүчүлүштүктөр болбойбу?"

Айгүл Камалова, балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча эксперт

Урматтуу айым, төмөнкүлөр эсиңизде болсун:

  • 6 айга чейин канча сураса ошончо (күнү-түнү) эмчек эмизиш керек. 24 сааттын ичинде эң аз дегенде 8 жолу.
  • 6-12 айлык куракта да канча сураса ошончо (күнү-түнү) эмизиш керек. 24 сааттын ичинде эң аз дегенде 6 жолу.
  • 12 айдан 24 айга чейин эмчек менен эмизүүнү улантуу менен, кошумча тамакты бере башташ керек.

Эмчек эмизүүнүн балаңызга тийгизген таасири көп. Себеби эненин сүтүндө баланын  өнүгүүсүнө пайдалуу болгон көптөгөн минералдар жана азыктандыруучу заттар бар. Андан сырткары эненин сүтү көптөгөн оорулардын пайда болуусун төмөндөтөт:

  • кулак ооруларын:
  • аллергияларды;
  • экземаны;
  • астманы;
  • пневмонияны;
  • өспүрүм диабетин;
  • өспүрүм курактагы ашыкча салмактуулуктан.

Акыркы учурдагы изилдөөлөрдүн далилдөөсүнө ылайык эмчек эмизүү баланын мээсинин өнүгүүсүнө да чоң таасирин тийгизет.

Эне үчүн эмчек эмизүүнүн пайдасы

Эмчек эмизген учурда эне менен баланын ортосунда өзгөчө жакын мамилелер пайда болот, себеби эмчек эмизүү окситоцин гормонунун (сүйүү гормону) пайда болуусуна өбөлгө болот. Ошондой эле бул гормон матканы жыйрылтырып, төрөгөнгө чейинки абалына жеткирет. Эмчектин сүтү бала үчүн эң пайдалуу, убарасыз жана түйшүксүз дайыма даяр азык.Дагы бир баса белгилеп кетчү нерсе, эмчек эмизүү эмчекте жана жумурткаларда рак оорусунун пайда болуусуна жолтоо болот. Эмчек эмизген энелер бат ашыкча салмактан арылышат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт