// //

Бала менен кандай оюндарды ойноо керек? 6-бөлүм

2018.08.06, 12:08
3401

3 жаштан 4 жашка чейинки курак

Бул куракта баланын өнүгүүсүндө эмнелерге көңүл бурушубуз керек?

Көрүүсүн жана угуусун өнүктүрүү үчүн буюмдардын өңдөрүн, сүрөттөрдү жана текстерди айырмалоого үйрөтүңүз.

Кыймыл аракеттеринде:

  • Кыймыл аракеттеринин шайкештигин, тең салмактуулугун жана айлана чөйрөдө багыт алуусун жакшыртууну улантыңыз.
  • Манжалардын кыймыл активдүүлүгүн жакшыртыңыз.

Кеби, ой-жүгүртүүсү:

  • Өзүнүн атын жана жашын атаганды үйрөтүңүз;
  • Буюмдарды салыштырууну үйрөтүңүз;
  • Эске тутуусун бышыктоону үйрөтүңүз;

Сезимдер жана баарлашуу:

  • Башка балдар менен достук мамиледе баарлашуусун колдоңуз.

Өз алдынчалыгы:

  • Өзүн – өзү тейлөөсүн өнүктүрүүнү улантыңыз.
  • Демилгелерин колдоңуз.

Бул куракта балага төмөндөгүдөй оюнчуктар керек болот:

  • сюжеттик – ролдук оюндарга керектелүүчү оюнчуктар;
  • чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн каражаттар;
  • пластилин.

Кантип өнүктүрүп, ойношубуз керек?

  • “Бейтапкана”, “Чач тарач”, оюнчук идиштер, жыгач аспаптар баланын айлана-чөйрөнү таанууда өтө чоң мааниси бар. Балаңызга дарыгер болууну сунуштаңыз да, өзүңүз ооруканага келген бейтап болуңуз. Балаңыздын баардык  аракеттерин, демилгелерин колдоңуз.
  • Ал эми чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн каражаттарды колдонууда атайын балаңызга жана сизге ыңгайлуу жарык орун даярдап, ал жерге баардык керектүү каражаттарды коюп коюуңуз. Столдун бетине клёнка салып, балаңыз жана өзүңүз үчүн фартуктарды колдонуңуз. Бардык керектүү каражаттарды ыңгайлуу жайгаштырыңыз. Орун даяр болгондон соң балаңыздан эмне тарткысы, чаптагысы келип жатканын сураңыз жана аларды кантип, кандай каражаттарды колдонуусун талкуулаңыз. Көбүнчө баланын ойлорун ишке ашырууну максаттаңыз.
  • Эгерде балаңыз ойлорун айтпай, демилге көтөрбөсө, өзүңүз жөнөкөй аракеттерди сунуштаңыз. Мисалы, “Бизге куурчак конокко келет, бул табактарды (кагаз табактарды алсаңыз болот)  кооздойлу” деген сыяктуу сунуштар баланы алгачкы кадамды жасаганга өбөлгө болот. Дагы бир маанилүү нерсе, иш-аракеттериңиз бүткөндөн кийин балаңыз менен чогуу иш ордун иреттеп, аспаптарды ордуларына жыйноону адатка айлантыңыз. Балаңыздын ишинин жыйынтыгын көрүнүктүү жерге жайгаштырып, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө да чогу айтып бериңиздер.

Пластилин - бул куракта эң пайдалуу жана керектүү каражаттардын бири болуп саналат. Себеби баланын баардык мүмүкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жардам берет.

Пластилин менен кандай иш-аракеттерди жасаса болот?

  1. Жумшак пластилиндин мүмкүнчүлүктөрүн балаңыз менен чогуу изилдеп көрүңүз. Балаңыз колуна алып, ар кандай аракеттерди жасап көрсүн. Сезимдерин айтып берсин.
  2. Үбөлүк менен пластилиндин жайып, анын үстүнө ар кандай буюмдардын (вилка, дөңгөлөк, топ, жип ж.б.у.с.) жардамы менен эн салып көрүңүз.
  3. Балаңыз менен эшиктен ар кандай (өтө жука эмес) жалбырактарды терип келип, алар менен эн салып көрүңүз. Пластилинди жалпайтып, жалбыракты анын үстүнө жайгаштырып, үбөлүк менен жайыңыз. Күз мезгилиндеги түстөрдү чагылдырыш үчүн кызыл жана сары пластилинди жуурулуштурсаңыз да болот.
  4. Пластилинде ар кандай тамак азыктарын жасагыла. Аларды кийин “Коноктор келди”, “Куурчактын туулган күнү” сыяктуу сюжеттик оюндарда колдонсо болот. Конокторго жеткидей кылып токоч жасоо, тортту бардыгына жеткирип бөлүү сыяктуу  тапшырмаларды аткаруу менен бирге бөбөгүңүз санаганды, бүтүндү бөлүктөргө бөлгөндү үйрөнөт, анын ой-жүгүртүүсү өнүгөт.
  5. Пластилинден бир нерсе жасоодон тышкары, кызыктуу сүрөттөрдү тартса болот. Алгач кичинекей сүрөттөрдөн альбом кагазынын төрт бөлүгүнө баштаган оң. Балаңыз пластилинди бармагы жана сөөмөйү менен кагаздын бетине сыйпап чыгыш керек. Ошондуктан кичирээк көлөмдөгү кагаздан баштаган оң. Андан кийин анын үстүнө ар кандай сүрөттөрдү тартсын, ушул эле техниканын жардамы менен. Бул майда моториканы өнүктүрүүдө өтө жемиштүү аракеттердин бири.

(уландысы бар)

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт