// //

Кайын эне: “Кашыктарды коноктор уурдаган экен десе, өзүмдүн келиним турбайбы!”

2018.08.06, 11:25
10263

Кайын энем өтө сараң адам. Жатаарда баардык буюмдарын эсептеп чыкмайын уктабайт.

Дем алышта күйөөм менен базарга соода кылганы бардык. Идиш-аяк саткан катардын жанынан өтүп баратып, бирөөсүндө 70 пайыз арзандатуу болуп жатканын көрүп калдым. Эл жык. Биз аялдар мындай жерден жөн кетпей калдык го. Түртүнүп олтуруп, сатуучуга жеттим. Кооз чынылардан бир нече комплект алдым. Сапаты, жакшы деле эмес. Бирок, өз баасынан жарым баада берди.

Баары кайын энемди сыртынан көрүп жакшы адам ойлошот. Үйүнө тууган-туушкан, дос-курдаш деп олтуруп конок көп келет. Кайын энемдей бололу дешеби, айтоор кетип жатып кашык, вилка, кээде чыныларын ырымдап, кымтып алып кетишет. Эми аягы кандай болоорун билип турсаңыздар керек.

Биз өзүнчө турабыз. Кээде түнкү саат 2-3төрдө күйөөмө чалып, кылмышкерлерди таап беришин айтып, ызы-чуу салат. Мындай чалууларга күйөөм ийнин куушуруп кутулат. Кайын энем бул жоругу менен бардык балдарын тажаттып бүттү.

Жоголгон чынылардын ордун толуктап коеюн дегенби, айтоор, базарга барып жаңысын алыптыр. Кызыгы, дал биз чыны сатып алган жерден. Эми акчасына караганы белгилүү да. Кайын энем экөөбүз алган чынылыр окшош болуп калды. 

Ал күнү биздикине ууруларга нааразычылыгын айтуу үчүн келген. Бир маалда күтүлбөгөн жерден идиштер турган текчемди карап токтоп калды:

-  Бул эмне? Көргөн көзүмө ишенбей турам! Ууру! - деп кыйкырып жиберди.

Ордунан ыргып туруп, текчедеги чыныларды ала баштады. Баягы арзандатуудан алган чынылар. Баарын акырын жыйнап, пакетине салды.

- Сенден муну күткөн эмесмин! Уурдап алган кашык, вилкаларымды дагы бер! Коноктор уурдап кетип жатыптыр десе, өзүмдүн келиним турбайбы! Койнумда жылан жатканын билген эмес экенмин да! Уялсаң боло, акмак!

- Бул чынылар сиз сатып алган жерден алынган, - деп түшүндүрүүгө аракет кылдым.

- Жаныңды жебе! Алдамчы! Жалганчы! Буларды алып кетем, калган жоголгон идиштеримдин акчасын бересиң!

Акыркы сөздөр менен мени урушуп, чыгып кетти.

Күйөөм келгенде даттандым.

Ал:

- Тим эле койчу, ал чынылар баары бир арзан болчу, - деди.

- Сен түшүнгөн жоксуң, ал мени ууру деди. Жоголгон идиштеринин баарын мени уурдадың деди. Анан дагы төлөп бер дегеничи. Азамат бир нерсе кылчы! – деп сурандым.

- Болуптур, апам менен сүйлөшөм.

Бүгүн кайын энем дагы келиптир, жалгыз эмес кайын эжеси менен.

- Мен идиштеримди табышым керек. Сенден башка эч ким алган жок. Азыр үйүңдүн баарын карап чыгабыз. Кач жолдон! – деп кайын эжеси менен үйгө сүзүп киришти.

Ачуумду кармай алган жокмун.

- Апа, бул жерде сиздин идиштериңиз жок. Кантип мени ууру деп жатасыз. Дайыма сизге жардам берип, конок кеткенден кийин үйгө түндөп кетчү элем го.

- Кара көздөрү ойноктоп жатат. Күнөөлү да!

Кайын энем жетчү жерине жетти.

- Чыгып кетиңиздер, болбосо азыр милиция чакырам! – ыйлап баштадым. Бул жерде ууру сизсиз, менин чыныларымды алып келип коюңуз! Менин буюмдарымды карашат имиш!

Аялдарды түртүп, эшикти жаап салдым. Эмне десе ошо десин. Эч кимге мени каралаганга уруксат бербейм. Күйөөм бир нече мүнөттөн кийин чалды.

- Апамды үйгө коё берип койчу, эч нерсе уурдаган жок болсоң, эмне жашырынасың, көрүп тынчып калсын да!

- Апаң экөөң бир жерге баргылачы! Ал мага сурак жүргүзгөндөй милиция беле. Кетсең апаңа кете бер! Ууру эмес аял алып берет! - деп телефонду өчүрүп таштадым.

Ошондон бери кайын энемдикине барбайм. Той-топур болсо күйөөм эле барып келет. Башка уурдабаган келиндери жардам берип жаткан имиш.

 

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт