// //

Качан күйөөгө тиесиң? Блог

2018.08.01, 10:21
4418

Качан турмушка чыгасың? 20 жаштан өткөн кыздардын көкөйүнө көк таштай тийген актуалдуу суроо.

Албетте, бул мазактаган, диний сезимдерге зыян келтирген, укуктарды кемсинткен суроо эмес... бирок, о кудайым ай,  кыжырды гана келтирет го.

Бул суроо берилет:

  • Боор ооруп - Ай, балам, ай, сен кара далы болуп калдың же эч кимге керегиң жокпу, байкуш? Эмне баары эле ошончо жаманбы?
  • Айыптап – Муну карагыла, өзүнчө эле кыйын. Ал азырынча даяр эмес имиш, ал өзүн өнүктүрүп жаткан имиш!
  • Атырылып - Ай, жыйырма........ чыктың! Сага балалуу болгонго убакыт келди! Көрөм, анан эч нерсеси жок каласың!

Бул суроого ар дайым аргасыз жылмаюу менен мындай деп жооп беребиз:

  • Эмиии, мен сүйүүмдү али жолуктура элекмин ...
  • Мен азырынча үй-бүлө курууга даяр эмесмин ...
  • Күйөөгө чакыра элек, чакырса эле барам (өзгөчө айыптагандарга).

Бирок, иш жүзүндө, ичиңден өрттөнүп, чабалактап от болуп күйүп: "Баарыңар бир жерге киргилечи. Бул силердин ишиңер эмес. Качан кааласам, ошондо жактырган адамыма чыгам"

Албетте, бул суроону берип жүргөн окурмандардын бир бөлүгү, "Азиза сага эмне болду, биз жаман болсун деген жокпуз да",- деп таарынышы мүмкүн.

Мейли, анысына макулмун, аялдык бактыңызга чын жүрөгүнөн кызыкдар болгондор дагы бар.  Бирок,  99%  бул суроону берет:

  • өзүнө-өзү дагы бир ирет ишенүү үчүн (турмушка чыктым, мен азаматмын);
  • кылаарга иши жоктугунан (кээ бирөөлөр үчүн нике суроосу аба-ырайы тууралуу суроодой эле, оңтойсуз тыным болбошу үчүн берип коёт);
  • мурдун ар кайсы жакка тыкканды жактыргандар (өздөрүнүн жашоосу кызыксыз жана монотондуу);
  • баяндама окуганды каалагандар (айрымдар кантип бактылуу болсо болоору тууралуу китеп жазса болчудай, болбосо кеңештери менен баардык тешиктерге кире беришет).

Көйгөй бир нече аспектиден каралат:

Биринчиден, аялдык бакыт - бул жубай, эне болуу, күйөөсүнө кам көрүү жана балдарды тарбиялоо. Бирок дүйнөдө абсолюттук чындык жок, сураныч, муну эстеп алыңыздар. Ар бир адам белгилүү бир түшүнүктөрдү ар кандай кабылдайт жана түшүнөт. Ар бир адамдын өз  бакыты бар. (Ошондуктан, терс пикирлерден алыс болуп, мындан ары душтан наалыңыздар)

Экинчиден, биздин коомдо жазылбаган мыйзамдар бар, мисалы: ЖОЖду бүттүңбү - туруктуу жумуш тап – турмушка чык ( окууну бүтүргөндөн кийин максимум бир жыл ичинде) - бала төрө  (күйөөгө тийгенден кийин так 9-ай өткөндөн кийин) -  экинчи бала төрө (анткени, биринчи жана экинчинин ортосунда чоң айырма болбошу керек, бул эми спирт ичимдиктерин ичип жатканда айтылчу эле, кандай болсо да, балдардын төрөлүшүнө дагы тиешеси бар) - үчүнчүсүн төрөдү, төртүнчүсүн төрөдү жана башкалар. Чыныгы  кыргыз кызынын идеалдуу жашоо айлампасы ушундай. Эгерде кыз бул  күн тартибинен чыгып кетсе, анда ал соо эмес, тезинен  аны менен бир нерсе кылуу керек. Карьера, жеке өсүш,  өнүгүүгө умтулуу, көп акча табуу,  кесиптик ийгилик жана таанылуулар – феминистканын/батыш жактоочусунун/акылсыз аялдын кежирлиги жана акмактыгы.

Андыктан, эринбеген ар бирөө  акылсыз кызды эсине келтирип, күйөөгө берүүгө аракет кылат. Бирок бул “мээжегичтердин” эң чоң келесоолугу - бизде турмушка чыгуу сунушун кыздар киргизбей турганында. Каалооң күчтүү болсо дагы, күйөө ала качуу деген жок ?. Анан эмне эле кыздын мээсин айлантып жатасыңар! Жыл сайын ажырашуу статистикасы өсүүдө. Бул статистика сизге эч нерсени билдирбейби?  Мүмкүн, үй-бүлө куруу - туугандарынын, досторунун эмес, эки жаштын жеке маселеси. Анын үстүнө, жоопкерчилик алууга,  бир нерсени курмандыкка чалууга, убакыт бөлүүгө, ийкемдүү жана моюн сунууга даяр болгондо үй-бүлө курса болот. Ал адам менен өмүр бою жашоого, кайгы-кубанычта бирге болууга даяр болгондо гана ЗАГСка баруу керек.

Сөз кезегин мага берсек. Мен турмушка чыккым келет жана балалуу дагы болгум келет. Бирок, мен өмүр бою сүйө алчу жана бул сүйүүм эки тараптуу боло турган кишиге турмушка чыгууну каалайм. Ооба, мен чыныгы сүйүүгө ишенген келесоомун. Мен ата-энем каалаганда же туугандарым үйлөнүү тойдо сайрандагысы келгенде же кара далы болуп калам деген корккондон эмес, даяр болгондо жана өзүм каалаган учурда турмушка чыгам.

Келиңиздер “Качан турмушка чыгасың!” суроосун кыздардан сурабай турган: "Сенин салмагың канча?" (эгерде дарыгер болбосоңуз) жана  "Сен канча аласың?" (салык кызматында иштебесеңиз) суроолор категориясына кошолу дагы, бул суроону такыр эле бербей коелу (эгерде ? сизде конкреттүү сунуш жок болсо).

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт