ТОП-5 аудио китептерди угууга тиркеме
Эс алууга чыгып, алыска сапар алдыңызбы? Анда убакытты текке кетирбей, пайдалуу өткөрүңүз. Bilesinbi.kg сиздерге жагымдуу үндүн коштоосундагы аудио китептерди топтогон 5 колдонмону сунуштайт. Дароо көчүрүп алыңыз!
1."Аудиокниги бесплатно. Патефон"
Урматтуу адабият сүйүүчүсү! Бул тиркеме аябагандай көп аудио китептердин жана радиоспектаклдердин жыйындысы. Фантастика, мистика, триллер, детектив, классика, укмуштуу окуялар кайсы жанрды каалабаңыз, анын баары алаканыңызда. Жадакалса өзүн-өзү өнүктүрүүчү, чет тилдерин үйрөтүүчү жана бизнес-адабияты да бар. Сиз бирден китеп сатып албайсыз, бир учурда эле баардык китептер жеткиликтүү.
Колдонмодо орус, англис жана башка тилдердеги 5000 аудио китепти камтыйт. Мисалы, «Шантарам», «Как разговаривать с кем угодно, когда угодно и где угодно», «Английский словарный минимум», «Азазель», «Герой нашего времени», «Гамлет», «Битва замков», «Лолита», «Мертвые души», «Маленький принц», «Над пропастью во ржи», «12 стульев», «История России от Рюрика до Путина» - бул тизменин башталышы гана.
Көчүрүү үчүн: Google Play
2. "Аудиокниги бесплатно"
15 000 аудио китеп жана радиоспектаклди камтыган тиркемени кимдер гана кыялданбайт. Колдонмодо сиз ойлогондой: фантастика, роман, детектив, триллер, мистика, укмуштуу окуялар, классика, балдар үчүн жомоктор. Эч кандай жазылуусуз, каттоосуз жана бекер.
Көчүрүү үчүн: Google Play
3. "Литрес"
«ЛитРес» тиркемеси профессионал актерлордун үн коштоосундагы аудио китептерди өздөрүнүн угармандарына сунуштайт. Көпчүлүк китептер бекер, айрымдарын сатып алууга туура келет. Ыңгайлуу түзүлүштө.
Көчүрүү үчүн: App Store
4. "@want_audiobooks_bot"
Баардыгыбыз эле Telegram'ды кызыктуу видеолорду көрүүдө, музыка угууда, тил үйрөнүүдө пайдаланабыз. Эми мыкты китептерди үндүн коштоосунда угууга дагы колдонолу. Telegram'дан @want_audiobooks_bot деп издеп, миңдеген китептерди угуп чыгыңыз.
5. "Bizdin.kg"
Төлөгөн Касымбековдун “Сынган Кылыч” чыгармасын окуганга убакытыңыз жокпу? Анда Bizdin.kg'ден аудио китебин тыңдаңыз. Мындан башка көптөгөн кыргызга таандык чыгармаларды окуп жана аудиосун уга аласыз. Колдонуучулар үчүн кыргыз, орус жана англис тилдери сунушталат.