// //

Айлыгыңызды бербей жатышабы? Анда...

2018.07.18, 13:25
2576

"Расмий эмес иштегем, акчамды бербей койду", - тилекке каршы мындай жагымсыз жагдайларга көп туш болобуз. Эмгек акыңызды кантип төлөтсө болоорун Мамэкотехинспекциянын эмгекти жана эмгек мамилелерин коргоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Жолчуев айтып берет.

Жумушка орношоор алдын сөзсүз түрдө Эмгек кодексин окуп чыгыңыз. Бул сиздин укугуңузду сактайт.

Эмгек кодекси-жумуш берүүчү менен жумушчунун ортусундагы эмгек мамилелерин жөнгө салган мыйзам. http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/1505

Сизди кантип алдашат?

  1. Жарыядан эмгек акысы жакшы жумуш таап, орноштуңуз. Бир ай иштеп, сиз күткөн айлыктын жарымын эле төлөп беришти. Кандайча десеңиз, “Жарнамада ката кетип калган, бизде кызматкерлердин маянасы ушундай эле”,- деп коюшат.
  2. Сыноо мезгилинде айлыгыңыз мынча болот деп алдын ала эскертишпейт же бир ай иштетип алып сыноодон өтпөй калдыңыз деп коюшат.
  3. “Ишканада кризис, акча жок”.
  4. “Акчаңарды бригадирге бергем, ал качып кетти”.
  5. “Шеф жок, келгенде аласың”.
  6. “Жумушту толук бүткүлө анан беребиз” деп улам-улам үстүнө жумуш кошо берет.
  7. “Кылган ишиңер мен күткөндөй эмес, бул жери эч эле окшошпоптур”.
  8. “Жумушка өз убагында келген жоксуң” жана башкалар.

Кантип эмгек маянаны өндүрсө болот?

Келиңиздер, иштетип алып эшикке чыгарып койгондо өз укуктарыңызды кантип коргоп, кантип акчаңызды өндүрүп алса болоорун карап көрөлү:

  1. Жаңы жумушка кирип жатканда сөзсүз түрдө эмгек келишимин түзүңүз. Эгерде эмгек келишимиңиз жок болсо, сизге чындыгында эле ал жерде иштегениңизди тастыктоо кыйынга турат.

“Ыкчам келишим” деген нерсе бар. Жайкы каникулда 2-3 ай иштесеңиз дагы келишим түзүңүз.

  1. Белгиленген күнү айлыгыңызды албасаңыз, иштеген мекемеңиздин жетекчилигине арыз жазыңыз. Арызда маселеңиз чечилбесе, тийиштүү органдарга кайрылаарыңызды айтыңыз.
  2. “Билгениңди кыл”,- деп койсо арызыңызды көтөрүп алып Мамэкотехинспексияга кайрылыңыз.

Мамэкотехинспекция: Кыргызстан, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 119 (ар бир региондо башкармалыктары бар), Электрондук дареги: getiserver@mail.ru, +996 (312) 56-48-15 Пресс-секретарь, +996 (312) 56-30-27 Коомдук кабылдама, +996 (312) 56-28-31 Жалпы бөлүм.

  1. Прокуратурага кайрылыңыз. Бул учурда жамааттык билдирүүлөр жакшы иштейт. Иштеген жериңизден бир гана сиз алданган эмес болсоңуз, башкалар менен биригиңиз.
  2. Эч эле болбой жатса, сотко арыз жазыңыз.

КМШ өлкөлөрү: Азербайджан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Белорусь, Молдова, Россия, Таджикстан, Түркменстан, Өзбекстан, Украина жана КМШга кирбеген Монголия мамлекеттери биригип алып Эмгек инспекциясы боюнча регионалдык альянс декларациясына кол коюшкан. Эгерде сиз Россияда же айтылуу өлкөлөрдүн бирөөсүндө иштеп, акчаңызды ала албай жатсаңыз, Кыргызстанга келбей туруп эле ошол жердин эмгек инспекциясына кайрылсаңыз болот. Укугуңузду коргоп, айлыгыңызды алып беришет.

Кантип далилдесе болот?

Көп учурда жумушчулар келишим жок болсо ал жерде иштегениңди кантип далидесе болоорун сурашат. Буга минтиш керек деген так жооп жок. Канчалык көп далил чогултсаңыз, утуп чыгууга мүмкүнчүлүктөр көбөйөт.

Далилдер:

  1. Чогуу иштешкендер.
  2. Кайсы жарыя аркылуу таптыңыз. Гезиттен тапсаңыз, гезитти ыргытпаңыз, ал жерде канча айлык берээри, байланыш жолдору жазылган болот.
  3. Иш убагында түшкөн сүрөттөр.
  4. Телефондогу сүйлөшүүлөр. Жумуш берүүчүнүн номери, кайсы күндөрү сүйлөштүңүз.
  5. Мүмкүн мекемеге жакын жайгашкан жердеги дүкөнчү сизди тааныйт. Анын сөзү дагы бир далил.
  6. Биринчи айлыгыңызды конверт менен берсе, конвертти сактап коюңуз, кол издери бар болот.
  7. Видео, аудио (чалып айлыгымды качан бересиң деп сүйлөшүп, жаздырып алсаңыз болот) жана башкалар. 

Өзүңүздү сыйлаган адам болсоңуз, кол шилтеп басып кетпеңиз. Активдүү болуңуз. Акыр-аягы баары бир тынч койбооруңузду билген жумуш берүүчү, сизге төлөп берип гана кутулса болоорун түшүнөт.  

 

 

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт