// //

Туугандарыбыз бизден жийиркенет

2018.07.16, 15:38
2558

Менин жашым 16да. 6 бир тууганбыз. 14 жашымдан баштап эле Россияда иштеп келем. Себеби, акчага абдан  муктажбыз. Россияда апамдын бир туугандары менен чогуу жашайбыз. Алардан жаман сөз уга берип тажап кеттим. Мындайча айтканда биздин үй-бүлөнү жаман көрүшөт. Кызыгы бир тууганы болгон апамды дагы. Түшүнбөйм кантип эле бир тууганын жаман көрсүн?!

Азыркы учурда үч бир тууганым менен үйдө олтурам. Апам менен эжем иштейт, атам Кыргызстанда. Кечинде апам, эжем болуп алып апамдын бир туугандары менен жумуштан келишет. Алар иштен келгиче тамак жасайм, үй-жумуштарын бүтүрөм, 8 айлык баланы дагы караганга жетишем.

Тайларыбыз бизди ар дайым бөлүп турушат.  Бир нерсе алышса бизден кызганышат, “сенден жийиркенем” деп айткан сөздөрүн айтпай эле коёюн. Бир нерсе иштебей же сынып калса деле бизди күнөөлөйт. Чыдабай баратам. Кетип калайын десем, азырынча бизде акча жок. 

Тамара Воронцова, психолог

- Кымбаттуум, сен болгону 16 жашта экенсиң. Ошондо 14 жашыңыздан баштап, мектепке барбайсызбы? Үй-бүлөнү багыш үчүн акча табууга жардам бересизби? Атаңыз эмне иш менен алек? Эмне үчүн апаңыз сиздин тагдырды курмандыкка чалат? Ата-энелердин парзы-балдарды зарыл болгон нерселер менен камсыз кылуу, окутуу. Энеңиз сиз үчүн кандай тагдыр тандап алды - азыр бала багуучу жана жардамчы, анан турмушка берип коебу? Сиз өз жолуңузду өзүңүз тандап, кыялыңызга умтулушуңуз керек. Бишкекте көп балалуу, жесир же жалгыз бой көптөгөн энелер бар. Алар үч жумушта иштеп балдарын багат жана балдары кол кабыш кылып турат.

Туугандар кааласа кыйын учурда жардам берет, ал эми жылдап алардыкында жашап алуу уят. Ошондуктан, сиздерди сыйлабай жатат. Башкалардын эсебинен жеке көйгөйлөрдү чечүүгө болбойт. Ар бир адам өз  үй-бүлөсү менен жашагысы келет. Канча гана акча  таппаңыздар, ал дайыма аз болот. Эгерде сиздер үй кура турган болсоңуздар-бул сиздердин каалоо жана көйгөй, эгерде алты баланын тамак-аш, кийим-кече жана окуусуна акча таба турган болсоңуздар анда аны мекенден деле кылса болот. Албетте, биздин өлкө мындай маселелерден чет тарапта турат жана башка өлкөлөрдөн дагы эч кандай колдоо жок, жеке өзүбүзгө эле таянышыбыз керек! Тилекке каршы ...

Жакшысы атаңыз көп иштесин, улуу бир туугандарыңыз ага жардам берсин. Үйүңүзгө келип алып тигүүчү, саймачы, балмуздак же шоро сатуучусу, батирлерди тазалоочу, ошондой эле бала багуучу болуп алсаңыз болот. Бирок, акчага жана мектептен кийин гана!

Апаңыз, сиз менен үйгө кайтып келип, үй-бүлөнүн куту болсун. Үй-бүлөнү камсыздап жана акча табуу-эркектин милдети.  Ата-энеңиз алты баланы жарык дүйнөгө алып келгенден кийин, ар бирөө үчүн жоопкерчиликти алышкан.

Албетте, бардык  жагдай тууралуу маалымат берген жоксуз, бирок мүмкүн болушунча сиз билим алып, ата-энеңизге жардам берип, бактылуу болушуңуз керек! Кемсинтилип жашап жана жашагыңыз дагы келбей жатса-буга  ата-энеңиз күнөөлүү!

Кечиресиз алтыным, катуу айтып жатам, бирок мен сизге боорум ооруп жатат. Үйүңүздөргө кетүүгө талап коюңуз, жок дегенде сиз кетиңиз! Кедей болсо дагы, бактылуу жана ынтымактуу үй-бүлө болуу абдан маанилүү болуп саналат. Таянар эч кими жок болгондуктан, кедей үй-бүлөлөрдүн балдары көп нерсеге жетише алышат! Силердикиндей эле үй-бүлөдө өскөн, биздин өлкөдө атактуу адамдарды көп билем. Көшөрүп кыялыңызга карай  багыт алыңыз! Эгер кетүүгө мүмкүн эмес болсо, анда  булар убактылуу нерсе эмес экенин, бир күнү бүтөөрүн билиңиз. Чыдамдуу болуңуз жана  пландарды түзүңүз! Баардыгы жакшы болот! Мен сизге ишенем!

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт