// //

Бала менен кандай оюндарды ойноо керек? 3-бөлүм

2018.07.16, 12:13
2385

Урматтуу ата-энелер, бүгүн биз 1 жаштан 1 жаш 6 айга чейинки курактагы балдар менен кандай оюндарды ойноо керектигин карап чыгабыз.

Бөбөктөр жашоосунун алгачкы биринчи жылынын аягында өнүгүүнүн жаңы  этабына өтүшөт. Себеби бала өз алдынча эркин жыла алат, керектөөлөрүн, эмоцияларын кенен  билдирет. Өнүгүүнүн маанилүү жактары бул кыймылынын координациясы, баарлашуунун жана кебинин өнүгүүсү. Кеби менен бирге эле баланын ой-жүгүртүүсү,  манжаларынын жана колунун майда кыймылдарынын өнүгүүсү көз каранды болот.

 Бул куракта балага төмөндөгүдөй оюнчуктар керек болот?

  • барабан;
  • ар кандай түстөгү кубиктер;
  • пирамидалар;
  • бири-бирине кийилме пирамидалар
  • үй жана жапайы жаныбарлар топтому;
  • куурчак театр;
  • дөңгөлөгү бар оюнчуктар.

Баланы  өнүктүрүп, ойнойбуз:

  • Барабанды каккылап, ар кандай үндөрдү (каттуу, акырын, аз, бат-бат) чыгараарын көрсөтүңүз. Балага аны менен өз алдынча ойногонго мүмкүнчүлүк бериңиз. Балаңыз менен чогуу курулуштарды жасаңыз. Мисалы, үй куруп, анын ичине оюнчуктарды “жашатыңыз”, гараждын ичине унааларды киргизип коюңуз. Балага пирамиданы карматып көрүңүз.  Пирамиданын шакекчелерин кантип чыгарышты, андан соң киргизишти көрсөтүңүз. Бала өз алдынча шакекчелерди чыгарып, киргизип көрсүн. Жардам катары шакечелерди туура тартипте жайгаштырып коюңуз, чоңураактарын жакыныраак, ал эми кичирээктерин болсо алысыраак.
  • Балаңыз менен чогуу  кийилме пирамидканын идиштерин бири-бирине кийгизиңиз, андан соң чеп курууну сунуштаңыз. Жардам бериңиз жана балаңыздын демилгесин колдоп туруңуз.
  • Жаныбарларды карап көрүп, ар бири жөнүндө баяндап бериңиз, аталышын, кантип үн чыгараарын, эмне жээрин. Мисалы, ит “ав,ав” деген үн чыгарат. Андан соң “Кана ит, мышык, улак?” деген суроолорду бериңиз.
  • Куурчак театрынын куурчагын колуңузга кийип, үнүңүздү өзгөртүп, бала менен куурчактын атынан сүйлөшүңүз, ыр окуп бериңиз. Андан кийин баланын колуна кийгизип, кыймылдатканга жана анын атынан сүйлөгөнгө шыктандырыңыз.
  • Унааларга оюнчуктарды отургузуп ары бери айдап көрүңүз. Кыймыл-аракеттерди сөз менен коштоңуз, баланын демилгелерин (жорголоону, чуркоону, үндөрдү окшоштурууну, эмоцияларын билдирүүнү) колдоңуз.

(уландысы кийинки санда)

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт