// //

Тилек Ахматов: “10 000 саат сизди ийгиликке жеткирет”

2018.07.13, 16:54
5372

https://bilesinbi.kg/ порталынын түз эфиринде Кыргызстандын ийгиликтүү топ-менеджерлеринин бири, Beeline уюлдук компаниясынын санариптик өнүктүрүү директору Тилек Ахматов конокто болду. Коногубуз ийгилик сырлары менен бөлүшүп, окурмандарыбыздын суроосуна жооп берди. Назарыңыздарга өткөрүлгөн маектин урунтуу учурларын тартууладык. Толук версиясын төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыз.  

 Англис тилин бир жылда үйрөндүм

Лицейге которулган жылдары англис тилин үйрөнүү абдан кыйынга турду. Айылдагы мектептен мыкты окуучу болгонума карабастан, «Who is on duty today?», «London is the capital of Great Britain» дегендерди эле билчүмүн. Бир жыл ичинде тил үйрөнүүгө мажбур болдум. Кыйналдым. Күнүнө 8 сааттан окуп жаттык, кайра 2 саат тапшырмаларды аткарабыз. Жалпысынан, бир жыл, күн сайын 10 саатымды англис тилине жумшадым. Жыйынтыгында олимпиада жеңүүчүсү болдум.

Англис тилин китептен үйрөндүк. Мугалимибиз өзгөчө адам эле. Жумасына бир бап өтчүк. Бир бапта жаза турган 10 барактуу текст бар. Ар жумада класс менен экзамен тапшырабыз. Мугалибиз “Чыңгыз хан эрежесин” колдончу. Эгерде сынакта жалпы класстын орточо баасы  жакшы баасы болсо, анда өттүк, орточого жетпей калса баарыбызды 10 барак тексти  50 жолу көчүртүп чыкчу. 10 бетти 50 жолу көчүрүп жазсаң, текстин үтүрүнө чейин жаттап каласың. Ошентип англис тилин үйрөндүм.  

“10 миң саат” деген түшүнүк бар. Эгерде кимдир бирөө өз ишин мыкты билген адис болгусу келсе, ал тармакка 10 миң саатын жумшашы керек. Эми элестетип көрүңүздөр, эмне менен гана алектенбеңиз, күнүнө  ага 10 саат убакыт бөлөсүз дейли. Бир жарым жылдан кийин сиз ал тармактан ийгиликке жете аласыз.

Жакпаган жумушту дагы аткарууга туура келет

Жасап жаткан нерселериңдин баары эле жага бербейт. Бирок сиз аларды дагы аткарганды билишиңиз керек. Мисалы, мен табигатымдан интровертмин, адамдар менен баарлашууну көп жактыра бербейм. Бирок, мен адамдарды башкаруу үчүн бул нерсени кылышым керек. Жыйынтыгында жакпаган нерсемди жасоого туура келди. Тил маселесинде дагы ушундай, англис тилине кызыгам деп айта албайм, бирок бул тилдин зарылчылыгын түшүнөм. Ишенип коюңуздар, 10 миң саат ыкмасы менен алектенип баштаганыңыздарга 10 жолу өкүнөсүздөр. Таштап койгуңуз келген жүздөгөн учурлар, шылтоолор пайда болот. Ошол маалда өзүңүздөн кечип өтүүгө туура келет. Бул ийгиликке жетүүнүн дагы бир ыкмасы. 

Китеп менин-мыкты досум

Мен көп китеп окуйм. Бул менин ийгиликке жеткирген бир адатым. Жөн гана китеп окуу сени акылдуу кылып койбойт. Окугандарыңдан сабак алып, практикада колдонуу керек. Айта кетчү нерсе, ар бир китептен эле кандай сабак алсам болот деп издей бербеңиз. Бирок ошону менен катар жөн эле убактты өткөзүү үчүн окуп койбой, маанисин түшүнүп, жаңы нерсени билүүгө аракет  кылыңыз.

Ийгиликтүү болуунун рецепти-абдан көп эмгектенүү!

Акчаңызды  эмес, өзүңүздү баалагандай адам болуңуз!

Коррупция тууралуу уккум дагы келбейт. Сиздерге дагы айтаарым, акча талап кылган жумушка кирбеңиз. Акчаңызды, туугандарыңызды, “крышаңызды” эмес, мыкты адис катары өзүңүздү баалаган жерге барыңыз. Өз акылыңыз, мээнетиңиз менен  баалана турган жакта иштеңиз.

Кээде баарына кол шилтеп коюп, 1-2 күн диванда чалкалап жатуу пайдалуу. Бирок бат-баттан муну кыла берүүгө болбойт.

Сүйүүгө сынбагыла, ал күндөр дагы өтөт

Мен дагы биринчи  сүйүү болгон. Биринчи  сезимим жоопсуз калганда, жашоомдун кызыгы жоголгон. Ошондо апам, “Балам бул күндөр дагы өтөт” деген. Мен ишенген эмесмин. Азыр мен сиздерге бул күндөр дагы өтөт десем ишенбейсиздер, бирок, бул күндөр дагы өтөт. Учурда жанымда, мени түшүнгөн, сүйгөн адамым бар. Бул үчүн кудайыма миң меретебе ыраазымын.

"Beeline"-20 жыл сиздер менен!

 

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт