// //

Жолдошума уул төрөп бере албайм!

2018.07.13, 15:05
3494

Курбуларымдан калбай, өзүм сүйгөн жигитке турмушка чыктым. “Келин” деген статуска татыктуу болоюн деп, кайын энемен биринчи турам. Кечкиге эмне тамак жасаарымды алдына ала пландап коём. Арадан бир жыл өттү. Бир күнү базардан келсем  улуу кайын эжем үйдө экен. Тамакты түрлөп жасап, көңүлүн алдым. Үч күн конок болуп, шаарга кетти. Кеткенден кийин кайын энем менен күйөөм өзгөрө түштү.

Кечинде жолдошума:

   - Эмир! Эжем келип кеткенден бери апам экөөңөргө эмне болду?

Ал:

   -Экөөбүздүн баш кошконубузга бир жарым жыл болуптур. Наристе жытын искей элекпиз. Доктурга көрүнүп текшерилсек кантет?

Демек, эжем эс алганы эмес биздин балалуу боло элегибизди эскерткени келген экен да.

   - Мен дагы сага айта албай жүргөм. Кааласаң эртең дарыгердин көзөмөлүнөн өтөлү! –дедим да, артымды карап жатып алдым.

Эмир сөзгө бекем, ичип-чекпеген мыкты күйөө. Кыз-жигит болуп жүргөндө келечектеги балдарыбызга ысым тандаганбыз: уул болсо Ариет, кыз болсо Адель.

Эртеси ооруканага жөнөдүк. Ичимен дарыгер эмне деп жиберээр экен деп  бараттым.  Эмир деле уштинтип ойлоп жатса керек.

Дарыгердин бөлмөсүнөн бизде баары жакшы экенин уктук. “Күткүлө” деген жооп менен үйүбүздү көздөй кайттык. 

Арадан 5 жыл өттү, мен “туубас” атка кондум. Эки аялдын башы бириксе эле, “Эмирдин аялы дагы эле төрөй элек” дешет. Мен  таң атканча ыйлап чыгам.

Эмир:

  - Ыйлабачы, бир күнү биз да балалуу болобуз. Эң башкысы мен сенин жаныңдамын!  

Биз күткөн күн келди. Кыздуу болдук.

Жолдошум:

   - Алтыным кыздуу болдук. Эми эркек балалуу болобуз!-деп сүйүнүчтөн көзүнө жаш алды.

Айткандай эле, кызым экиге чыкпай боюма бүттү. Ошондо мен бактылуулук түбөлүк эмес экен билбептирмин. Сегиз айында балам ичимден чарчап калды. Жатынымды алып салышты. Мен мындан кийин балалуу боло албайм!  

Өлгүм келди. Жолдошума эркек бала төрөп бере албастыгымды эстеген сайын ыйлайм.

Эмир:

   - Эсиңе келсеңчи, кызыбыз бар го. Мен сени эч качан таштабайм, мен сени сүйөм! – деп убада берди.

Жолдошум  алыста иштейт. Телефонун албай калса эле бүттү, ыйлайм. Кызым үчүн гана тирүү жүрөм. Ал өзгөрө баштады. Мага берген убадасына турабы же башын бошотсомбу? Баары бир эркекке тукум улоо керек.

Сиздерден кеңеш күтөм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт