// //

Ич кийимге туура кам көрбөсө, кандай оорулар пайда болот?

2018.07.11, 14:27
4906

Айымдардын эң жакшы досу – сапаттуу ич кийим. Бирок, тилекке каршы, белгилүү бир эрежелерди сактабаса, бул дос чыккынчылык кылат. Туура ич кийим сатып алуу жана кам көрүү тууралуу дарыгер-гинеколог Гүлзина Мадраимова айтып берет.

Ич кийимди экинчи тери деп коюшат. Сырты жалтырайт, ичи калтырайт дегендей кылбай, аларды туура  тандап кийсек, ыңгайлуу жүрөбүз.

Кандай гана кийим болбосун  эң арзаны-синтетика. Сиз дал ушул синтетика ич кийимдерден качыңыз. Аба өткөрбөгөнү аз келгенсип, аллергия кылып, инфекцияларды көбөйтүп, жыныс мүчөнү  кычыштырат.  Окумуштуулардын айтымында синтетика, полиэстердик ич кийимдер уйкудагы генетикалык ооруларды ойготот.

Ден-соолугубузга зыян келтирүүчү нерселердин 5-орунунда ич кийимдер турат. Андыктан туура эмес тандалган ич кийим, денебизге чоң коркунуч келтирет.

Синтетикалык ич кийимдер микрофлораларды бузат. Аба кирбеген жерде микробдордун көбөйүшү батыраак болуп, дисбактериоз пайда болот.

Бактериялар көбүнчө ич кийимдерде жашайт. Ал жакка кандидоз сыяктуу жыныс орган ооруларынан улам түшүп калат. Мындай микробдору бар ич кийимдерди кармап койсоңуз эле жуктуруп аласыз. Андыктан эч качан бирөөнүн ич кийимин кийбеңиз, өзүңүздүкүн дагы эч кимге бербеңиз.

Ич кийимдерди: трусик, байпак, калготки, бюстгальтерди күндө алмаштыруу керек. Болбосо териге жармашып турган нерседе, зыяндуу микробдор көбөйүп кетет.

 Ич кийимиң кымбат болсо, өзүңдү ханыша сезесиң!

Анотомияны алып карасак микроб бир тешиктен, экинчи тешикке кирип жүрө берет. Эки-үч күн алмаштырылбай калган ич кийимдеги микроб, табарсыктан кыздык тешикке, жыныс мүчөнүн ичинен сийдик тешигине, андан ары бөйрөккө кирип кетиши мүмкүн. Жыйынтыгында ачыштырып, кычыштырып кандидоз оорусунун күчөшүнө алып келет.

Ич кийимге кам көрүү эрежелери:

  1. Жаңы бюстгальтер менен трусикти сөзсүз жууп туруп кийиңиз. 5 мүнөткө чылап, кичине ашкана уксусунан куюп койсоңор, ал дезинфекцияланат.
  2. Трусикти күн сайын, бюстгальтерди 2 күндө бир жууңуз.
  3. Ич кийимди кир баштыкчасына ыргытып коюп, эртеси же бир эки күндөн кийин жууган болбойт. Кир болуп жата берген кийимде микробдор көбөйүп, кездемесине сиңип кетет.
  4. Ич кийимдерди жуугандан кийин жакшылап чайкаңыз. Кир жуучу каражаттар калып калса, аллергияны козгошу мүмкүн.
  5. Чашкалары бар бюстгальтерлерди сыкпаңыз.
  6. Ич кийимдерди кээ бирөөлөр баласынын кирине, дасторконуна кошуп жууй берет, бул гигиены билбейт дегенди билдирет. Ич кийимдерди башка кирлерге аралаштырбай өзүнчө жууш керек.

Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген!

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт