// //

«Кедей экениңди билсем үйлөнмөк эмесмин». Альфонско алданган кыздын окуясы

2018.07.10, 16:35
7440

Бермет, буга чейин, жигиттердин көзүн арттырган кыз эле.  Сүйүүсүн чет өлкөдөн тапкан эжесинин  үч бөлмөлүү батиринде жашап,  Лексусун минчү.

Бермет Бекзатты кафеден жолуктурду. Өзүн караган, жарашыгы менен кымбат кийим кийген, келишимдүү жигит кимдин дагы болсо көңүлүн бурмак. Колундагы сааты эле 150 000 доллар, көтөргөн телефону акыркы маркада. Кымбат сыранын бокалын кармап алып, турмуштун түйшүгү жөнүндө сүйлөп жаткан. Бермет ошол замат, бул жигит ага жыргал жашоону камсыз кылып бере алчу ханзаада экенин түшүндү.

Албетте, Бермет болочок күйөө баланын жанында суктанып турчудай көрүнө алган жок, бирок кантсе дагы анда насыяга алган модалуу телефон менен сааты, эң негизгиси сыртта күтүп турган жол тандабасы бар эле.  

Бир айга созулган романтикалык кечтерден кийин Бекзат Берметке үйлөнүү сунушун киргизип, кыздын батирине көчүп келди. Жаш үй-бүлөлөр арыз жазуу үчүн нике каттоо кызматына бармай болушту.

Ошентип, алар бактылуу жашап калыптыр деп ойлоп жатсаңыз, жаңылышасыз. Бактылуу эле жашамак, эгерде баягы эжеси босогодо пайда болбогондо. Чет өлкөдөн келип алып эле, батирин сатам деп кирди. Алдын ала сүйлөшүп алганбы, айтоор сатып алуучусу дагы даяр экен. Үйдү бошотуп коюуга жаш түгөйлөргө бир ай убакыт берди. Иии ооба, унаасын дагы сатмак, чет өлкөдөн үй алмак имиш.

Кызыктын баары эми башталды. Жагымдуу сүйлөгөн, тарбиялуу жигит Бекзат, кечирип койгула, мындайча айтканда, эшекке айланды. Кыз менен жигит бир күндө 100 жолу уруша турчу болушту.

Көрсө, Бекзаттын колундагы баягы кымбат саат реплика эле экен, гаджет-маджеттерин болсо насыяга сатып алыптыр. Тапканынын баарын насыяга берип, үй-бүлө багууга акчасы артпай калат.

Той болбой калды. Тараптардын бирөөсү дагы акча таба алган жок, атүгүл каалоосу дагы кайдадыр жоголуп кетти. Ал эми күйөө бала мындай деди:

- Мен сени бай деп ойлогом. Ушундай эч нерсеси жок жакыр экениңди билсем, жоломок дагы эмесмин.

Айтты дагы, кетип калды.

Берметке эмне болду деп жатасызбы? Коркпоңуз баары жакшы. Көрсө эжеси болочок күйөө баланы жөн гана текшерип жаткан экен. Берметтин агасы жигитти жактырбай, эжесин чакыртыптыр. Батир, унаа дагы кызда калды.  

Бермет көпкө азап чекти. Айла жок, кантсе дагы эми кыздык намыс кайтып келбейт. Бир жыл өткөндөн кийин, жакшы жигитке жолукту. Кээде үйлөрүнөн казан-аяктын үнү угулуп калбаса эле, азыр алар бактылуу жашап жатышат.

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт