// //

Инстаграмдан бизнести өркүндөтөбүз

2018.07.09, 12:15
3214

Эгер сиз сатык үчүн товарларыңызды инстаграмга коюп, бирок ал өтпөй жатса анда төмөнкү кеңеш сиз үчүн. Инстаграмдан бизнести алдыга жылдыруу тууралуу SMM-адис Светлана Марголис айтып  берет.

Эң негизгиси-эмне себептен инстаграмга чыгып жатканыңызды билиңиз!

Инстаграмга адаттагыдай эле катталуу үчүн  мобилдик телефонуңузду же электрондук почта жазыңыз.

1-кадам: Бизнес-аккаунт түзүү

Эми сизде инстаграмда өздүк баракчаңыз бар. Бизнес-аккаунтка которулуу үчүн,  жөндөөлөргө (настройки) кириңиз, бизнес-аккаунтка которулуу пунктун басыңыз. Эми фейсбукта бизнесиңиздин баракчасы бар болсо, аны автордоштуруңуз. Эгерде фейсбукта бизнесиңиздин баракчасы жок болсо, анда аны түзүңүз.  

2-кадам: Тышкы көрүнүшү жана мазмуну

Маалыматтар жүктөлгөндөн кийин, смартфондорго негизделген Android же IOS  мобилдик тиркемесин жүктөңүз.

Бирдиктүү стилиңиз болсун. Бул бат таанылууга мүмкүндүк берет. Колдон келишинче өздүк сүрөттөрдү колдонуңуз.

Өздүк стилди жаратуунун максаты: товарыңызды же кызматыңызды сатып алган кардарга, сиздин компания жөнүндө өз алдынча образды курууга жардам берет.

Кыскача жазуулардан сак болууга аракеттениңиз. Ашыкча болуп кетсе, визуалдык чарчоого алып келет.

Видоепостинг ийгиликке алып барат.  Инстаграмга 1-мүнөткө чейинки видео киргизе аласыз.

3-кадам: Аккаунтту алдыга жылдыруу

  • Дайыма хештег колдонуңуз.
  • Хештег билдирүүнүн темасын чагылдырып турууга тийиш.
  • Бир билдирүүгө  5тен ашык хештег коюңуз.
  • Көп хештег жазылуучуларды алаксытат.
  • Бир күндө 1-2 билдирүү жасап туруңуз.
  • Бир убакта 10 билдирүү киргизбеңиз.
  • Туура жазыңыз.
  • Комментарийлерге убагында жооп бериңиз.
  • Унутулуп калган комментарий болсо жооп берип, кечирим сурап коюңуз.
  • Эч качан терс мүнөздөгү комментарийлерге терс жооп бербеңиз.
  • Күн сайын сториске түрдүү билдирүүлөрдү жасап туруңуз.
  • Лайкты сатып албаңыз.
  • Билдирүүлөргө оригиналдуу пикир калтырыңыз.
  • Билдирүү киргизүүнүн ыңгайлуу убактысы кечки 8ден, түнкү 12ге чейин.
  • Аудиторияңыз менен ар дайым чын жүрөгүңүз менен сүйлөшүңүз.

Керектүү тиркемелер

Pablo-билдирүүлөрдү түзүү үчүн жөнөкөй курал.

  • Сүрөттүн өлчөмүн коюуга мүмкүнчүлүгү бар;
  • Текст, фон жана логотипти жөндөсө болот;
  • Жакшынакай визуалдык таасирлерди кошуу;
  • "Share" баскычын колдонуу менен жасалган сүрөттү бөлүшүү;

Layout - сүрөттөрдөн куракчаларды түзүүгө арналган тиркеме. Бир эле учурда 9-сүрөттөрдү түзүү мүмкүнчүлүгү бар.

Splice- IOSко акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар, абдан күчтүү видео редактор.

VivaVideo – слайд-шоу түзүү, видеону оңдоп-түзөө тиркемеси.

Бумеранг-кыска гифкаларды жасайт.

Инстаграм-бизнести алдыга жылдыруу жана имиджди түзүү үчүн зор мүмкүнчүлүк болуп саналат. Инстаграм колдонуңуздар!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт