// //

Балдар менен кандай оюндарды ойноо керек?

2018.07.09, 09:30
2530

Төрөлгөндөн 6  айга чейинки курак

Баланын алгачкы күндөрүнөн тартып ага көңүл буруп, өнүгүүсүнө көп аракет жумшоо керек.  Анын бардык кыймылдарына, кыйкырыктарына канчалык жооп берсеңиз, ошончолук ортоңуздардагы байланыш бекемделет.

Ымыркайдын жашоосунун биринчи жылында  жакындарына болгон байланыш түптөлүп, коопсуздук, жайлуулук сезимдери негизделет. Алгачкы күндөрү бөбөк көп убакытын уйку менен өткөрөт. Ошондуктан ал ойгонгон учурда аны менен болгонго аракеттениңиз.

 Бул куракта балага төмөнкү оюнчуктар керек болот:

Кантип ойнойбуз?

  1. Төрөлгөндөн 2 айга чейинки куракта 2-3 мүнөткө баланын керебетинин үстүндө илинген шылдырактарды, коңгуроолорду  кыймылдатып коюш керек. Шылдыраган шылдыракка бөбөк көңүл бургандан кийин ар кайсы тарапка жылдырыңыз. Бала көзү менен шылдыракты коштошу зарыл.
  2. 2-3 айлыгында оюнчуктарды ар кайсы жакка жылдырып, бала менен баарлашыңыз. Мисалы,Бөбөктай, саламатсыңбы? Кандай уктап турдуң? сыяктуу сүйлөмдөр менен үнүңүздү өзгөртүңүз. Себеби бала ар кандай үндөрдү туурашы зарыл. Андан сырткары оюнчукту бала жеткидей кылып көрсөтүп, колу менен кармоосун үндөңүз. Шылдырактарды күн сайын алмаштырыңыз. Бул үчүн көп сандагы шылдырактын кереги жок. Болгону 3-4 шылдырактын баарын чогуу бербей, кезеги менен көрсөтүңүз.
  3. 3-4 айлык кезинде керебеттин үстүнөн тартылган шылдырактарга, коңгуроолорго  бөбөктүн колу жеткидей кылып ар кандай түстөгү ленталарды илип коюңуз. Баланы курсагынан жаткырып, ар кандай түстөгү жана фактурадагы кездемелерди, ага тигилген топчуларды, жиптерди карматыңыз.
  4. 5-7 айлык кезинде бөбөктү курсагынан 10 мүнөткө чейин жатканга көндүрүңүз. Сенсордук өнүктүрүүчү килемчени изилдегенге шарт түзүп бериңиз. Топчуларды кармалап, топчулаганга аракеттенсин, шуруларды ары бери жылдырсын, сыдырмаларды сыдырып, боолорду кармалап көрсүн. Бул аракеттеринин баарын кубанычтуу үн менен коштоп турган жакшы.

(уландысы кийинки санда)

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт