// //

Кайын журтка "кыңк" дебестен кызмат кылышым керекпи?

2018.07.07, 12:42
4719

Окурмандарыбыздан келген укук тармагындагы суроолорго укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.

  • Келин кандай укуктарга ээ? Милдеттүү түрдө кайын-журтуна кызмат кылышы керекпи?

Келин жолдошу экөө расмий түрдө үй-бүлө курабыз деп никеге тургандан баштап бири-биринин алдында жоопкерчилик пайда болот. Келин жолдошу кандай укуктарга ээ болсо, ошондой эле укуктуу. Мыйзамда тең укуктуулук белгиленген. Ал эми кайын журтуна кызмат кылуу мыйзамда милдеттендирилген эмес, бул биздин каада-салтыбыз. Кызмат кылбайм десеңиз, кийин так ушундай мамилени кайра аласыз. Чечим өз колуңузда.

  • Менин ата-энем сүйлөшкөн кызымды кабыл албай коюп, азыр өзүнчө батирде жашап жатабыз. Айтыңызчы, мен эмне кылсам болот? Ата-энемдин мындай кылганга акысы барбы?

Ата-эне балдарын 18 жашка чейин чоңойтуп, билим берип, ден-соолугуна кам көрүүгө милдеттүү. Балдарынын баарын үй менен камсыз кылуу ата-эне милдетине кирбейт. “Эмнеге мени батырбай жатасыңар” деп ачууланбай, тескеринче “мен эркинмин, эми билимиме жараша иш кылып, ата-энем сыймыктангандай үй-бүлө куруп, келечегимди өз колума алам” десеңиз туура жолго түшөсүз. Ал эми кайсы кыз менен сүйлөшүү ал сиздин жекече ишиңиз. Сүйлөшкөн кызыңызды ата-энеңизге жактыруу өз колуңузда. Баары жакшы болот.

  • Жигит сүйлөшкөн кызын каржылаганга милдеттүүбү?

Эки адамдын ортосундагы милдеттенме нике (ЗАГС) кыйылгандан кийин гана пайда болот. Ага чейин жаштар бири-бирине бир нерсе тартууласа, ал өз ниети жана калоосу менен гана болушу керек.

  • Сүйлөшкөн жигитиңе баш ийүүгө укуктуусуңбу?

Укук жана милдет жаштар расмий түрдө нике (ЗАГС) кыйганда башталат. Сүйлөшүп жүргөндө эч ким бирөөгө милдеттүү эмес. Кыз-жигит болуп жүргөн маалда үй бүлөлүк жашоо үчүн ал жигит же кыз өмүрлүк жубай болгонго татыктуубу билинет. Өмүрлүк жар болгуңар келсе, ошого тийиштүү мамиле кыласыңар. Бул сөзсүз түрдө бир адам экинчиге баш ийүү эмес, тескерисинче бир-бири менен тил табышуу жана милдеттерди бирге аткарууну үйрөнүү.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт