// //

Өгөй атам инимди кур менен сабайт

2018.07.05, 16:12
5213

Көбүнчө энелер өз укугун билбегендиктен, экинчи күйөөсүнө көз каранды болгондуктан, үй жайы жок болуп, жолдошунун үйүндө жашагандыктан, экинчи турмуш кургандыгынан, күйөөсү балдарына кол тийгизсе да атайын органдарга кайрылышпайт.

Ар бир баланын ич күптүсү, таарынычы, турмушта көргөн кордугу ар башка. Бирөөлөр ата-энеси туруп өзүн жетим сезсе, кээ бири өгөй ата же өгөй эненин запкысын көрүп, куу турмуштун кордугун эрте башынан өткөргөн өспүрүмдөр, наристелер арабызда көп экени талашсыз. 

Өгөй атам инимди кур менен сабайт

  • Мен 16 жаштамын, менден кийин 8 жаштагы карындашым 6 жаштагы иним бар. Атабыз каза болуп калган. Жакында апам турмушка чыккан, жыл   айланбай  өгөй атабыз 6 жаштагы иним уктабай жатса кур менен көтөнгө  чаап коркутту. Апам экөө ал үчүн урушуп кетишсе өгөй атам мени ошентип тарбиялаган, мен да ошондой тарбия берем деп жатат, эми эмне болот? Иниме боорум ооруп жатат ал кичүүбүз болгон үчүн эрке өскөн.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева:

Бүгүнкү күндө ата-эне балага кантип тарбия берүүнү жакшы түшүнбөй жатат. “Илгери ата-бабаларыбыз деле ур-токмокко алып тарбия берген” деген жаңылыш пикир ата-эне психологиясына сиңип калган. Бирок бир нерсени эске алышыбыз керек, заман талабына ылайык өспүрүмдөрдүн аң-сезими өзгөрүлүп турат.

Өгөй ата-эне менен тил табыша албай, алардын зомбулугуна дуушар болгон балдар арбын. Бул жерде ата-эненин, сиздин абалыңызда апаңыздын ролу чоң. Бирок көбүнчө энелер өз укугун билбегендиктен, экинчи күйөсүнө көз каранды болгондуктан, үй жайы жок болуп, жолдошунун үйүндө жашагандыктан, экинчи турмуш кургандыгынан, күйөсү балдарына кол тийгизсе да атайын органдарга кайрылышпайт.

Өгөй атаңыздын кылганы туура эмес, иниңиздин укугу бузулуп жатат. Биринчиден эч коркпостон 111 же 102 телефондоруна чалып адистерге айтыңыз, ошондой эле жашаган жериңиздин социалдык коргоо мекемесине жана милицияга кайрылсаңыз болот. Мыйзамдын негизинде ата-энеңиз жана жашы жете электер менен иш алып барган атайын адистер, инспекторлор профилактикалык иштерди жүргүзүп, чара көрүшөт.

Өгөй энем сиңдиме күн көрсөтпөйт

Апам кичинекейибизде каза болгон. Бир сиңдим бар. Атам башка аял алды. Убакыттын өтушү менен 3 балалуу болушту. Мен турмушка чыккам. Сиңдим азыр 9-класста окуйт. Аябай жүдөп кетти. Себеби өгөй энебиз ага күн көргөзбөйт. Атам болсо, бизге эч эле көңүл бурбай калган. Аялы бизди атама жамандай берип, бизден алыстатты. Сиңдим өзүн өлтүрүүгө чейин барган. Өгөй энеме айтайын десем, сиңдим “Айтпаңыз, сиз жокто мени кыйнайт” дейт.  Кантип сиңдиме жардам бере алам?

Гүлбарчын Жумабаева, никелер жана зомбулук боюнча эксперт:

Урматтуу айым, өгөй апаңыз сизге жана синдиңизге карата зомбулук жасап жатат. Мындай зомбулук аракеттерин эч качан жашырбоо керек. Биздин өлкөдө "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзам бар. Ал мыйзамга ылайык, сиздин сиңдиңизди мектептеги "Жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү" же Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо органдары коргойт. Алар бир эле келип кетип калат деп коркпогула. Билдирүү жасагандан кийин, сиңдиңизди дайыма өз көзөмөлүнө алып, өгөй апаңызга карата иш-чараларды көрүшөт. Аны менен, атаңыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мыйзам сиздерди коргой тургандыгын түшүндүрөт.

Буга бир эле милиция эмес,  билим берүү, саламаттыкты сактоо органдары дагы көзөмөл кылышат. Сиңдиңиз өспүрүм кыз экен, психологдун жардамына муктаж. Жогорудагы тескөөчү ( ИДН) жана башка органдар психологго көрсөтүшөт. Сиз өзүңүз азамат кыз экенсиз. Кеңеш сурап кайрылганыңызга ыраазычылык билдиребиз. Зомбулукту эч качан жашырбагыла! Унчукпай жүрө берсеңиздер, сиңдиңиз кийин  күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылышы мүмкүн. Ошондуктан жогорудагы органдарга дароо кайрылыңыз!

Айгүл Камалова, балдарды эрте курактан өнүктүрүү боюнча эксперт:

Урматтуу окурман, сиздин сиңдиңизге психологдун жардамы керек болуп жаткан учур экен. Бишкекте "Балдар укугун коргоо лигасы" деген уюм бар. Ал жерден сиздин сиңдиңизге жардам көрсөтүшөт. Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 93, телефон номери: 0312 66 25 87, 90 86 18. Эгер сиз башка аймакта болсоңуз, телефон аркылуу кайрылып көрүңүз. Сизге пайдалуу кеңештерди айтып беришет. Создуктурбастан, тезинен кайрылыңыз.

Өгөй эне өз эне эмес экен

18 жаштамын. Биз үч бир тууганбыз. Кичүүсү менмин. Апамдын каза болгонуна 7 жыл болуп калды. Атам апам кайтыш болгондон 3 жыл өткөндөн кийин башка аялга үйлөнүп алды. Ал аял баары бир өз апабыздай боло албайт экен. Кээде урушуп кетебиз. Апамдын каза болгонуна азыркыга чейин көнө албай келем. Кээде алыстарга качып кетким, атама ал аялы менен ажыраш деп айткым келет. Иштейин десем дагы атам уруксат бербейт. Эмне кылсам болот?

Тамара Воронцова, психолог:

Кымбаттуум, азыр сизге баарынан апаңыздын колдоосу жана кеңеши керек болуп жатканын түшүнүп турам. Ооба, өз апаңыздын оордун эч ким ээлей албайт. Өгөй эне менен достошуп, ынтымактуу жашоо идеалдуу бир көрүнүш. Бирок бул чанда гана кездешет. Өгөй эне, өгөй кыз өз алдынча жакшы адам болгон күндө деле, ортолорунда жоготуу кайгысы, кызгануу, атага болгон таарыныч сыяктуу сезимдер болот. Өгөй апаңыз болгон күндө деле атаңыз балдарын эмес, аны тандаганы үчүн ал баарыңыздарга душман көрүнөт. Өгөй энеңизди апа эмес, курбу, тааныш же кошуна катары кабыл алыңыз. 4 жыл ичинде мамилеңиздердин жакшы болбогонуна анын гана эмес, сиздин дагы күнөөңүз бар.

Турмушта эмне болоорун эч кимибиз билбейбиз, андыктан анын ордуна өзүңүздү коюп көрүңүз. Бир тасмада баш ролду ойноп жатканыңызды элестетиңиз. Жактырган адамыңыздын балдары сизди кабыл албай жатат. Сиз мен кетип калмакмын деп айтасыз. Бирок бул кепти турмушка чыга элек кыз айтып жатат. Ал эми аялдын өзүнүн далилдери бар. Ал жактырган адамын жолуктуруп, өз жашоосун куруп жатат. Жакында сиз дагы өз жашооңузга багыт аласыз. Окуйсуз, үй-бүлө курасыз, балалуу болосуз. Атаңыз жана анын аялы экинчи планга өтүп кетет. Атаңызга өз жашоосу менен жашоого уруксат бериңиз. Эркектерге жалгыз жашоо абдан кыйын. Эгерде атаңыз ажырашып кетсе, ал жалгыз калат. Сиздер менен жашаган күндө дагы өз жашооңор бар. Атаңыз аялы менен бактылуу жашай беришсин, ага кабатырланбай сизге дагы тынч болот.

Атаңыз иштөөгө уруксат бербей жатса, колуңуздан келген нерселерди үйрөнүңүз, бош жүргөндөн көрө келечегиңиз үчүн пайдалуу болот. Жаман ойлордон дагы алыс болосуз. Жакында сиз дагы болочок жолдошуңузду тандайсыз. Мүмкүн атаңызга анын көп жери жакпай калат. Бирок атаңыз маданиятты сактап, сиздин көңүлүңүз үчүн эч нерсе айтпайт. Сиз дагы тарбиялуу, кең пейил болуңуз. Сиздин тагдырыңыз ушундай экен, аны кабыл алып, жакшы нерсени гана ойлоңуз. Алдыга гана багыт алыңыз. Сизге кыялдарыңыздын орундалышын каалайм!

Апам денемди көк ала кылып сабайт

Саламатсызбы, мен 13 жаштамын. Менин апам аябай ачуулуу, ал көп кыйкырып анан абдан катуу сөгүнөт. Эгер кичине эле туура эмес иш кылып аласам ошол замат сөгүнүп кыйкырып урушат. Өзү коротуп унутуп калган акчаларын да мени уурдап алдың деп урушуп каргап-шилейт. Аябай сабаган күндөрү да болгон, денемдин баары көк ала болуп көптө айыккан. Дегеле бул боюнча кимге кайрылсам болот?- ата-энелик укугунан ажыратып салса мен кайда барам?

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева:

Биринчиден сиз апаңыздан эч коркпошуңуз керек. Бүгүнкү күндө ата-эненин баланы ур-токмокко алып, катуу сабап тарбиялаганга укугу жок. Көпчүлүк өспүрүмдөр ата-эненин сабаганы бул тарбия деген жаңылыш пикирде болушат. Сиз туура эмес кылганыңыз үчүн ур-токмокко алынып жатышыңызда күнөөңүз жок, бул жерде күнөө апаңызда. Себеби ата-эне балага тарбияны жакшы жол менен берүүсү керек.

Сиз апамды ата-энелик укугунан ажыратып салса кайда барам деп коркуп, кабатырланбаңыз. Бизде 111 номериндеги ишеним телефон бар. Ал жерге ата-энесинен ырайымсыз мамиле көргөндөр, ата-энеси таштап кеткендер, достору менен тил табыша албаган жана башка көйгөйлөрү бар баардык өспүрүмдөр акысыз чалып, адистердин жардамын алса болот. Сиз дагы чалып жогорудагы көйгөйүңүздү айтсаңыз, биздин психологдор, адистер чара көрүп, жардамга келишет.

  • Менин ата-энем бар. Бирок балдар үйүндөмүн.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева:

Кыргыз республикасынын үй-бүлөлүк кодексине, мыйзамына жана конститутциясына ылайык ата-эне баланы өзү камсыздаш керек. Бирок бүгүнкү күндө балдарын бакпастан, балдар үйүнө өткөрүп берген ата-энелер көп. Мыйзам боюнча үй-бүлө оор кырдаалда калса, үй жайы жок болсо бала билим алуусу үчүн балдар үйүндө жайгаштырылып турат. Балдар үйүндө ал бала 10 жылдап эмес, бир эки жыл турса болот. Бул жылдар аралыгында ата-эне жумуш таап, бутка туруу чараларын көрүшү керек. Эгер ата-энеңиздин сизди багууга шартты бар болсо, мыйзамга ылайык сөссүз түрдө алардын колуна кайтарылып берилишиңиз керек. Ошондой эле сиздин дагы өз укугуңуз бар экенин унутпаңыз. Жашап жаткан балдар үйүнүн мүдүрүнө кайрылып, оюңузду айтыңыз. 111 номерине чалсаңыз биздин социалдык кызматкерлер сизди ата-энеңизге жайгаштырууга чара көрүшөт. Ошондой эле дем алыш күндөрү балдар үйүнөн суранып, ата-энеңизге барып, алардын жанында болсоңуз болот.

Мурун үй-бүлөдө өгөй ата же эне чанда гана пайда болсо (ата-эненин бирөөсүнүн өлүмү менен), бүгүн статистика көрсөткөндөй ар бир экинчи нике ажырашуу менен аяктайт. Бизде негизинен ата-эне мамилесинин бузулуусунан көп учурда балдар гана жабыркашат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт