// //

"Эмоция" деп эмнелерди билесиз?

2018.01.22, 15:37
12378

Эмоция— адамдын организминин сырткы жана ички дүүлүктүргүчтөргө карата реакциясы; дүүлүктүргүчтүн таасири менен адам башынан өткөргөн өзгөчө абал. Эмоция оң (кубануу, канааттануу, суктануу) жана терс (кейүү, кайгыруу) болушу мүмкүн. Ал кыска мөөнөткө же узакка созулат. Айрым эмоция көңүлдү көтөрөт, адамды сергитип, күч-кубат берет, башкасы тескерисинче алсыратат, туталантат.

  • Эмоциямды кантип көзөмөлдөйм?

Эмоция ар бир кишинин жашоосунда маанилүү роль ойнойт. Бир күндүн ичинде бир канча эмоцияны өткөрөбүз. Алсак күлөбуз, кайгырабыз, ыйлайбыз, сүйүнөбүз. Булардын ичинен оң эмоциялар болгондо ал бизге жагат, жыргатат, ал эми терс эмоциялар болгондо аны батыраак жок болсо экен дейбиз. Коркунучтуусу терс эмоцияны башкара албаганда кайгылуу нерселер болуп кетиши мүмкүн. Ал кайсы нерселер? Биринчиден, жакындарды таарынтып алуу, достордон ажыроо жана башка. Көөбүнчө ачууланып турган маалда жаман сөздөрдү айтып, ачуу тараганда кайра өкүнүп калабыз. Экинчиден, жаныбыздагы кишилер менен ишенимдүү байланышты бузуп алуу, кээ бир мамилени түзүүдө көп ай, жылдар кетет, терс эмоциянын айынан бузуп алыш бир заматта. Үчүнчүдөн, ар кандай ооруларга алып келет, көбүнчө жүрөк оорусуна. Төртүнчүдөн, психикалык чарчоого жана депрессияга чалдыгуу. Эмоцияны башкаруу бул өтө маанилүү нерсе, бирок мында бир баланс болушу шарт. Эмоцияны кату көзөмөлдөсө ал бир күнү жарылып же атырылып чыгышы мүмкүн, андыктан эмоцияны көзөмөл менен кое берүү абзел.

Көзөмөлдөөнүн жолу: өзүңдү өзүң кармана бил, чагымга, орой мамилеге дароо жооп бербей ичиңден 5тен 10го чейин санап, мүмкүн болсо сыртка чыгып cуу ичип анан жооп берсең, башкача жооп болот жана акылдуулук кылган болосуң. Мындан сырткары өзүңдү алаксытышың керек, мисалы көңүлү жайдары адамдар менен достошуп, эс алууга чыгып жана дагы спорт менен машыксаң болот, машыгуу учурунда чогулган терс эмоциялардан арылганга мүмкүнчүлүк болот.

  • Менин досторум жок, эмнеге мен дос күтө албайм?

Адамдар бири-бири менен ар кандай мамилелерди түзөт. Алардын ичинен достор менен түзгөн мамиле чыныгы болуп саналат. Бул мамиле жөнөкөй принциптерден турат, аларга бири-биринен эчнерсе деле кереги жок, бирок бирге болуу жагат жана кызыктуу. Достук мамиле горизанталдуу болот, бул жерде башкаруучу, баш ийүүчү деген болбойт, баардыгы бирдей статуста болушат. Өз эрки менен, мында сен эчкимди мени менен дос бол деп кыйнай албайсың. Эгерде досуңдун болуусун кааласаң анда байланыш түзүүгө даяр болуу керек. Ага дайыма көңүл бөлүп, унутпай анын жашоосу менен кызыктар болуп, ал киши менен катышып тура алам деп ишенишиң керек. Албетте ал адам тарабынан сага да ушундай мамиле болуусу абзел. Эмне үчүн менин досум жок деген суроону өзүңдөн изде, тегеректегилерден эмес. Өзүңө суроо бер, мисалы: мен жакшы дос боло аламбы , мага ишенсе болобу, мен бирөөгө койгон талаптарга өзүм жооп беремби деген суроолорго жооп табып анан дос күтө баштасаң болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт