// //

Күйөөмдүн бир сөзү, жашоомду өзгөрттү

2018.06.28, 15:01
18867

Убагында жолдошум мага баа жеткис нерсени үйрөткөнүн билген эмесмин. Башында мен аны түшүнбөдүм, мурду балта кеспеген, өжөр, үй-бүлөлүк жашоо тууралуу түшүнүгү жок деп ойлодум. Убакыттын өтүшү менен гана, аныкы туура экенин билдим.

Биз үйлөнгөндө жаш эмес, бутубузга туруп калган, жашоодон ордубузду тапкан, ар бир нерсеге жеке көз караштары бар адамдар элек.

Биринчи күндөрүбүз ырахаттануу менен өтүп жатты. Андан кийин жаңы статусума баш отум менен кирип, биринин аркасынан бир ката кетире баштадым.

Килем тазалоо, таттуу токочторду бышыруунун пайдасы үчүн аэробика жана англис тили курстарымды таштадым. Күйөөмдүн жумушуна себепсиз чалып, сатып жаткан суу түтүкчөлөрүнө кызыга баштадым.

Жууркан тигип, майда-барат нерселерди чогултуп, шейшептердин эки тарабын тең үтүктөчү болдум. Кышкыга салат, кыямдардын түрүн жапканды үйрөндүм.

Идеалдуу үй кожойкеси болууга аракет кылып жүрүп, арыктадым, жүдөдүм, өзүмдү курмандыкка чалдым.

Ошол күн али да эсимде. Ноябрдын биринчи ишембиси эле, жамгыр нөшөрлөп төгүп жаткан. Эртең менен болгонуна карбастан ашкананын жарыгы жанып турган.

Күйөөм сүт ичип, сыр, эт жана помидор кесип жатканымды карап олтурган. Сүт эле ичээрин, эч кандай бутерброддун кереги жок экенин үч жолу кайталады. Мен сүйлөнүп коюп, тактаны жууй бердим. Акыры чыдабай кетип:

- Бери кара, мага кызмат кылуунун, түрлөп тамак жасоонун, унитазды стерилдөөнүн зарылчыгы жок. Биз бири-бирибизге кул эмеспиз! Мен сенин бүт өмүрүң эмесмин, анын бир гана бөлүгүмүн. Биз бактылуу кокустуктардан улам жолугуп, сүйүшүп, баш кошуп калдык. Бул экөөбүзгө тең жакшы болгон бир байланыш точкасы. Калганы – жеке өзүбүздүкү. Андыктан менин кызыкчылыктарымды баарынан өйдө коюунун, жакшы же жаман болуунун кереги жок. Кандай болсоң ошондой бол! Мен сүйгөн, жеңил, жүзү күлкүгө толгон, жаңылып калуудан коркпогон адам бол! Сен азыр мага сүңгүп кирип, көлөкөм болуп баратасың.

Айтты дагы, стаканын раковинага ыргытып, машыгуу залына кетип калды. Мен ашкананын ортосунда калдым.

Эрксизден көз жашымды жутуп, жууруп жаткан камырымды таштадым.  Бетимди жууп, англис тили мугалимиме чалып, толук жазылып бүтө элек аңгемемдин файлын ачтым.

Ошондон бери мен кожойке, жыртыктарды бүтөгөн тигүүчү, суу түтүкчөлөрүнө кызыккан менеджер эмесмин. Кызмат кылбайм, жагууга аракеттенбейм жана эч нерсени далилдебейм. Мен жөн гана менмин!

 

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт