// //

“Мен эми кыз эмесмин”: алданган кыздардын окуясы

2018.06.21, 17:51
13184

“Билесиңби” жаштар долбоору ар бир келген суроолордо анонимдүүлүктү сактап, тиешелүү адистерден өспүрүмдөр менен жаштарга жооп алып берип келет. Келип түшкөн суроолордун арасынан жигитине алданып калган кыздардын маселеси олуттуу экенин байкадык. Мына ошондой сезимдерине алданып калган кыздарыбыздын окуялары (анонимдүүлүк сакталды)-кыз-жигит маалында жыныстык катнашка баруу мамилени бузаарын көрсөтүп турат.

Жигитим менден качып калды

- Жигитим менен сүйлөшүп жүргөнүмө 3 жыл болду. Бири-бирибизди жакшы көрчүбүз. Баары бир үйлөнөбүз деп 3-4 жолу кыздыгыма тийбегендей кылып кошулуп койдук. Ага чейин, андан кийин дагы эч ким менен жыныстык катнашта болгон эмесмин. Жигитим Москвага кетти. Мамилебиз солгундап, мурункудай жакшы сүйлөшпөй калдык. Менден көңүлү калгандай. Кийин гинекологго барып текшерилсем кыздыгым жок экен. Азыр ойлосом жаштык кылып кантип кан чыкканын билбей калыпмын. Ошол күндөн баштап жашоом караңгылап, ой басып, өзүмдү жемелеп келем. Жигитим мени менен сүйлөшкүсү келбей, качып калды. Эми эмне кылам? Сүйлөшпөй коеюн десем кийин кантип турмушка чыгам. Айтсам ишенбей “мен кыздыгыңды алган эмесмин" дейт деп корком. Өкүнөм!

Күч колдонуп кыздыгымдан ажыратты

- Мектепте окуп жүргөндө өзүмдөн улуу жигитим бар эле. Мени абдан жакшы көрчү. Ал кезде жашсың деп үйдөгүлөр мамилебизге каршы болуп койгон. Кийин шаарга келип, окууга тапшырдым. Аны унутуп жаңы жашоо баштайын деп өзүм курактуу бала менен сүйлөшө баштадым. Кийин ал айылда сүйлөшкөн жигитим тууралуу угуп “кыз эмессиң, өзүм текшерем” деп ургулап, күч менен кыздыгымды алып койду. Кан чыкканын көрсө дагы “мен алган эмесмин” деп, мени таштап кетти. Эми эмне кылам?

Мени кул катары көрөт

- Менин көйгөйүм төмөнкүчө. 5 жылдан бери бир жигит менен сүйлөшөм. Бир күнү жыныстык катнашта болуп койдук. Бул менин чоң жаңылыштыгым экен. Ошол күндөн баштап тозок жашоо башталды. Мени коркутуп, зордуктап, кыйнап жыныстык катнашка барат. Жылаңач сүрөттөрүмдү жиберттирген. Болду сен менен сүйлөшпөйм десем “туугандарыңа, ата-энеңе баарын айтам, сүрөттөрдү көрсөтөм” деп коркутат. Ушул убакка чейин чыдап келдим. Мени кулдай көрүп, ур-соккуга алат. Өзү каалаганын жасайт. Эмне кылаарымды билбей калдым. Сага үйлөнөм дейт. Бирок ал жигиттен көңүлүм калды.

Жакында башка кызга үйлөнөт

- Жигитимди сүйөм. Ушул күнгө чейин ал дагы мени сүйөт деп ойлоп келгем. Көрсө жаңылган экенмин. “Мен сени сүйөм, баары бир сага үйлөнөм” деген таттуу сөздөрүнө ишенип, жыныстык катнашка барып койдум. Көп өтпөй баягы көзүмдүн кареги менен тең айланган жигит жоголду. Качан үйлөнөбүз десем “апамдарга кыз алып барышым керек” деп оозумду ачырды. Кыздыгымды алганы аз келгенсип, минтип ара жолдо таштап кетти. Эми мени ким алат? Эркектер кыз алгысы келет экен, мендей болуп алданып, сүйүүсүнө ишенген кыздар эмне болот? Ата-энем билбесе экен деп корком. Чакырган жерине барып, каалоосун кандырган кызга айландым. Жакында ал башка кызга үйлөнгөнү жатат. Мен эмне болом, кантип турмушка чыгам?

Урматтуу окурман мына ушул окуянын баары биздин айланабыздагы жаштар арасында болуп жатат. Эгерде кимде ким сырын айткысы келсе же жооп таппай жүрсө, www.bilesinbi.kg сайтына жана WhatsApp 0704 004 608 номерине суроо узатыңыздар. Биздин адистер бекер кеңеш бергенге дайым даяр.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт