// //

Колоңсо менен шыбоодон арылуу

2018.06.13, 14:19
19619

Ысык күндө колтук менен буттун ашыкча тердөөсү сизге ыңгайсыздык жаратып жатабы? Анда бул макала сиз үчүн. Дарыгер дерматолог, косметолог Мээрим Давлетова ашыкча тердөөнүн себебин жана андан арылуу ыкмаларын айтып берет.

Тер – суунун жана туздун аралашмасы, анда эч кандай жыт жок. Жагымсыз жытты жеке гигиенанын туура эмес сакталышынан улам пайда болгон - майда бактериялар жаратат.

Жагымсыз жыттар пайда болот:

  • Өздүк гигиенаны сактабаганда, синтетика кийимдерди, байпактарды кийгенде;
  • Узак убакытка жөө басканда же кара жумуш менен алек болгондо;
  • Сапатсыз материалдан тигилген бут кийим кийгенде;
  • Күндүн ысыгында үстү жабык же калың бүт кийим кийгенде;
  • Грибок оорусуна чалдыкканда;
  • Айрым бир оорунун белгиси (кант диабети, ашыкча салмак) жана нерв, эндокриндик системанын иштөөсү бузулганда;

Алдын алуу жолдору:

  • Бир күндө эки маал бут менен колтукту кадимки кир самын менен жууп туруу;
  • Көп тердетүүчү синтетикалык жана чапташып турган кийимдерди кийбөө;
  • Пахтадан тигилген, кенен көйнөктөрдү кийүү;
  • Булгаарыдан тигилген, желдеп туруучу бут кийимдерди кийүү;
  • Бактерияларга каршы самын жана гелдерди колдонуу;
  • Колоңсосу жана шыбоосу бар адамдардын кийим-кечектерин кийүүдөн алыс болуу;

Колоңсо менен шыбоодон үй шартында арылуу ыкмалары:

  • Формидрон. Ашыкча тердөөгө жол бербеген формидронго кебезди нымдап алып күнүнө эки маал 15-20 күнгө чейин колтукту тазалап турасыз. Ортодон бир жума тыныгуу кылсаңыз болот. Эскертүү: кош бойлуу, эмчектеги баласы жана колтугунда кандайдыр бир сезгенүүсү бар адамдарга колдонууга болбойт.
  • Лимон. Лимонду жука кесип алып же лимондун ширеси менен колтукту сүртүп турса, колоңсодон арылууга көмөк көрсөтөт. Эскертүү: лимондон аллергиясы барларга колдонууга болбойт.
  • Ромашка. Кургатылган 5-6 кашык ромашканы 2 литр сууга кайнатып, бир саатка тыныктырыңыз. Кайнатмага 2 кашык сооданы кошуп, колтукка сүртсөңүз тердебей жүрөсүз.
  • Уксус. Кадимки ашкана уксусу менен колоңсосу бар кийимдерди тазалоого болот. Ал үчүн 100 грам сууга 4 аш кашык уксусту аралаштырып кийимдин колтук жагын таза жууйсуз. Эскертүү: уксус сиздин сүйүктүү көйнөгүңүздүн өңүн бузуп коюушу мүмкүн.Этият болуңуз.
  • Сода. 200 грам жылуу сууга 1 чай кашык соданы салып, бир күндө эки маал бутуңузду жууп турсаңыз, жагымсыз жыттан арыласыз.
  • Туз. 1 стакан кайнак сууга 1 кашык туз салып, эртең менен жана кечкисин жууп туруңуз.
  • Эмен, жалбыз. Бул чөптөрдүн кайнатмасы менен бутту бир күндө эки маал жуу сунушталат.
  • Лимон. Шыбоодон арылуу үчүн лимондун ширеси менен бутту бат-баттан сүртүп туруу дагы жардамын берет.
  • Уксуска кебезди нымдап шыбоосу бар бут кийимдин ичи, тышын суртүп чыгып, желим баштыкка салып 2 күн күнгө илип коёсуз.
  • Шыбоо байпактарды кайнатып жууп же ыргытып салганыңыз оң. Сиз канча аракет кылып бутуңузду тазалаган күндө да кийген байпагыңыз менен бут кийимиңиз бактерияга толо болсо пайдасы жок.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт