// //

Ата-эне менен балдардын мамилеси тууралуу суроолорго жооптор

2018.06.08, 17:55
14875

Биздин дарекке келген ата-эне менен балдардын ортосундагы мамиле тууралуу суроолорго адистерден жооп.

Суроого балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча эксперт Айгүл Камалова жооп берет:

  • 22 жаштамын. Баламды төрөгөндө күйөм өз үйүмө алып келип, ошол бойдон келбей койгон. 3 жолу турмушунан ажыраган аял менен жашап алган. Азыр жолдошум чалып, кечирим сурап жатат. Бирок аны менен жашабайм деп өзүмө сөз бергем. Максатым балама жакшы тарбия берип, аман-эсен чоңойтуп алуу. Бирок кээде туруп эркек балага атанын тарбиясы керек деп ойлойм. Экинчи ирет турмушка чыксам болобу же жашоом кайра эле ушундай болуп калабы?

Урматтуу айым, балага жынысына карабастан эненин да, атанын да мээрими, сүйүүсү, камкордугу жана колдоосу бирдей маанилүү. Эгерде сиз эркек балага сөзсүз эркектин тарбиясы керек деген ой менен кайра турмуш курууга аттансаңыз, туура эмес болуп калат. Экинчи ирет турмушка сизди сүйгөн, балаңызды толугу менен кабыл алып, мээримин төккөн кишини тандаңыз. Азыркы учурда сизге бере турган кеңешим балаңызга болгон сүйүңүздү, мээримиңизди тартуулаңыз.

Суроого юрист Нурислам Раимжанов жооп берет:

  • Мен 23 жаштамын. Жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Бир жаштагы балам менин колумда. Никебиз расмий катталган эмес, нике күбөлүгүбүз жок. Баламды өзүмдүн наамыма каттатып алсам болобу?

Балаңызга өзүңүздүн фамилияңызды бергиңиз келип жатса, анда өзгөртүү Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актылары жөнүндөгү мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине ылайык жүргүзүлөт. Мыйзамга ылайык балаңыздын фамилиясын өзгөртүүдө балаңыздын атасынын сиз менен биргелешкен өтүнүчү талап кылынат. Ушул учурда гана баланын фамилиясын алмаштыра аласыз.

Жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу арызда төмөнкү маамыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

- арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү жана жери, жашаган жери;

- арыз ээсинин оңдоо же өзгөртүү киргизүүнү сураган жарандык абалдын акт жазуусунун реквизиттери.

- арыз ээси жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу арызына кол коет жана ал түзүлгөн күндү көрсөтөт.

Арыз менен кошо жарандык абалдын акт жазуусунун мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгү жана жарандык абалдын акт жазуусуна оңдоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздер бар экендигин тастыктаган документтердин болушу керек.

Суроого никелер жана зомбулук боюнча эксперт Гүлбарчын Жумабаева жооп берет:

  • Менин алты айлык балам бар, ал коён ээрин болуп төрөлгөн. Операция кылдыралы деп жатканда жолдошум башканы таап алып, мага “кааласаң чыдап жаша, каалабасаң кете бер” деди. Аябай ыза болуп кыйналып жатам, ал көңүлдөшүнө оюндагысын алып берет экен. Ал эми балабызды дарылатууга келгенде “акча жок, акча болгондо барабыз” деп коёт. Азыркы учурда өзүмдүн апамдын үйүндөмүн, апамдын мага жардам берүүгө шарты жок. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңиздерчи?

Урматтуу окурман, сиз жолдошуңуздун мыйзамдуу жубайысыз. Демек, баланы дарылоо операция кылдыруу жолдошуңуздун дагы, сиздин дагы милдетиңер. Жолдошуңуз балага карата үй-бүлөлүк зомбулук жасап жатат жана мыйзамдын чегинде жооп берип калышы мүмкүн. КРда жаңы кабыл алынган "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо" мыйзамынын 1-беренесине ылайык анын бул мамилеси зомбулуктун " Этибарсыз кайдыгер мамиле" деген түрүнө кирет жана мыйзам чегинде чара колдонулат. Ал үчүн жашаган жериңиз боюнча милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнө (Участковый) кайрылып арыз жазасыз. Мындан сырткары, ушул эле мыйзамдын 32-беренесине ылайык сиз өзүңүз сотко өз алдынча түрдө дагы кайрыла аласыз. Жолдошуңуз сизге психологиялык зомбулук көрсөттү. Бул берененин 4-пунктунда "жарандык жана үй-бүлөлүк мыйзамдарга ылайык башка талаптар" деп турат. Ошол башка талаптарга медициналык жактан дарылатуу дагы кирет. Сизди коргоого милициядан башка дагы жашаган жериңиз боюнча социалдык кызматкер, айыл өкмөтү жардам берүүгө милдеттүү. Милициянын ыйгарым укуктуу өкүлү материалдарды топтоп өткөрүп берсе Аксакалдар соту дагы карайт. Баланын, үй-бүлөнүн кызыкчылыгы биринчи орунда турат, ошол үчүн мыйзам чегиндеги бул аракеттердин баарын көрүңүз.

Мындан сырткары сиз түз эле Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрыласыз. Ал жактан медициналык социалдык өнүктүрүү борборунун тизмесине катталасыз. Кезегиңиз келгенде балаңызга Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бекер операция жасалып берилет.

Суроого психолог Айгүл Ысыкеева жооп берет:

  • Азыркы учурда күйөм экөөбүз чогу жашабайбыз. Ачуусу менен “мен сени менен жашабайм” деген, азыр болсо “кайра жашайбыз” дейт. Биздин бирге болушубузга жолдошумдун туугандары каршы. Ортобузда болсо эки кызыбыз бар, ал экөө эки жакта. Эмне кылышыбыз керек?

Балдарыңардын бирге өсүп чоңоюшуна шарт түзүп бере албаган жоопкерчиликтин жоктугун билдирет. Үй-бүлө болуп туруп өзүңөрдүн көйгөйдү чече албайсыңар, ошол себептен улам жашооңорго туугандар аралашып жатат.

Сен алгач төмөнкү суроолорго жооп изде:

Мындай жашоо мага эмнеси менен керек?

Мындан ары жашоом ушул боюнча уланса эмне табам, эмне жоготом?

Күйөм менен келечекте бирге боло аламбы жана бирге болуу керекпи?

Балдарымдын келечеги кандай болот?

Бул суроолорго жооп берип жана дагы жолдошуң менен биргеликте алдыда боло турган жашоону кеңешип чечим чыгарасың деген ойдомун.

Суроого педиатр Жаңыл Мусамбетова жооп берет:

  • Менин балам көзүндөгү карегин аңтарып, тырышып, буту өйдө көтөрүлүп калып жатат. Кимге кайрылсак болот?

Балаңызды тезинен балдар неврологуна же невропатологго алып барыңыз. Бул эпилепсия оорусунун белгилери болушу мүмкүн. Мээнин иштөөсү бузулганда пайда болот. Андыктан создуктурбаңыз.

Суроого психолог Гүлмира Молдокулова жооп берет:

  • Мен 17 жаштамын, беш бир тууганмын эки эжем эки карындашым бар. Атам ичип келип үйдө жаңжал чыгарат. Апамды урат,эмнеге экенин түшүнбөйм. Кайдагы уят сөздөр менен сөгөт, мени да урат. Мен чыдабай калдым эмне кылсам болот, кантип кутулам бул жагдайдан? Азыр саат 0:42 атам дагы ичип келип урушушту, жатып эс алыңызчы десем мени да сабады. “Жүрөгүң өрттөнүп калсын, керегиң жок бар кет” деди, бул сөзү мага өтө оор тийди эмне кылаарымды билбей калдым, суранамын кеңеш бериңиздерчи?

Бала үчүн “ата” деген бул эң күчтүү, акылдуу, ишеничтүү киши. Балдар чоңойгондо атасына окшош болуусун каалайт. Бирок ичкен ата, мас болуп алып эмне кылып жатканын, кандай жаман иш кылып жатканын түшүнбөйт. Мындан сырткары аялын, балдарын урат. Муну түшүнгөнгө кыйын жана бул абалга макул болуу оор. Бир караганда бул абалдан чыгууга жол жоктой сезилет. Анткени билбейсиң эмне кылыш керектигин. Апаңды, бир туугандарыңды, өзүңдү ойлоно берип башың ооруп кыйналасың жана ушул көйгөй менен жалгыз калгандай сезилет. Билесиңби атаң ичип жана чатак салып турса, бул коркунучтуу. Бирок бул абалдан чыгуучу баардык жол жабык дегенге болбойт. Эмне кылуу керек? Биринчиден тынчтанып, ыңгайга карап, кандай иш-аракеттерди жасасам болот деп ойлонуш керек. Экинчиден туугандардын арасынан, үй-бүлөнүн досторунан кимге бул көйгөйдү айтсам болот, атама кимдин сөзү өтөт деп изилдеп көр. Анан атаң ичпеген соо кезинде олуттуу сүйлөш. Дагы бир кеңеш мындай күтүүсүз жагдайларга план түзүп алсаң болот. Дагы бир жолу айтаарым ичкен киши мас абалында эмне сүйлөп, эмне кылып жатканын билбей калат, ошондуктан атаңдын айткан жаман сөздөрүн көңүлүңө алба. Соо кезинде ата сиз ушинтип айттыңыз ушул чынбы деп сурап, тактап алсаң болот.

  • Менин жашым 17 де. Кээде апам экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болуп кетет. Эмне кылсам болот?\

Мындай көрүнүш көпчүлүк эне менен кыздын ортосунда кездешет. Эне эрезеге жете элек ар бир баласы үчүн эң жакын адам болгондуктан, балдары ага таянып өсөт. Бирок бала бой жеткенде өз алдынча болууну самап, эненин камкордугунан алыстоону каалайт. Бой жетип, өз алдынча боло баштаса да эне үчүн бала дагы эле кичинкей сезилип, аны дайыма коргоого алгандыктан, пикир келишпестик туулат. Эненин дагы кыздын дагы өзүнүн оюу болот жана аны билдирүүгө акысы бар. Ал эми ошо ойду билдирүүдө туура кабыл алып, чындап ар бир ойго кызыгуу менен мамиле кылуу кажет. Ортодогу болуп өткөн таарынычтарды ачык сүйлөшүп, кечиримдүү боло билүү маанилүү. Эгер ортодогу мамиле аябай оорлошуп кетсе психологдон жардам алса болот.

Суроого психолог Кундуз Оморова жооп берет:

  • 18 жаштамын. Үй-бүлөбүздө акча жактан кыйынчылык болгондуктан ата-энем ортосунда көп уруш болот. Мен албетте тынч олтура албайм. Бирок аларга эмне деп айтаарымды билбей жатам. Эмне кылсам болот?

Ата-энеңизге жан тартып, кабатыр болуп жаткан болсоңуз абдан жакшы. Ооба, каржы маселесинен улам үй-бүлөдө көйгөйлөр жаралат. Сиз мындай көрүнүштөр көп эле үй-бүлөлөрдө болоорун түшүнүп, өтө эле оор кабыл ала бербеңиз. Мындай учурлар бир убакта келет, кайра белгилүү бир убакта өтүп кетет. Өмүр бою калып калбайт. Сиз бул нерсени түшүнүңүз. Үй-бүлөңүздөр азыркы тапта кыйынчылыкта турса, эртең оңолот. Бизде эле болуп жатат деп эч ойлобоңуз. Мындай көйгөй ар бир үй-бүлөнүн башына түшөт.

Суроого акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова

  • Кыз эмес уулду болгубуз келет. Баланын жынысын пландап бойго бүтүрсө болобу? Же баары кудайдын буйругу мененби?

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, баланын уул же кыз болоору атасынан көз каранды. Себеби ген аркылуу алып караганда аял кишиде ХХ, эркекте ХУ деген хромосома бар. Эгерде эркек аялга Хти берсе ХХ болуп кыз, Ути берсе ХУ болуп уул төрөлөт. Ошондой эле, болочок баланын жынысын билүү үчүн түрдүү ыкмалар бар. Алсак, овуляция учурунда кошулса эркек бала болушу мүмкүн. Бул үчүн аял этек кир циклин так билиши керек. Тамак-аштан дагы көз каранды. Илгери кыргыздар “эркек төрөйм десең, күйөңө куйрук, боордон берип майлап бак” деп айтышкан. Мезгилдерге жараша болот, жазында кыздар, күзүндө эркек балдар көп төрөлөт деп коюшат. Интернетте математикалык календарлар бар. Кыскасы түрдүү жагдайлардан көз каранды. Азыркы заманда, баланын жынысына маани бербей, 12 мүчөсү аман болуп төрөлүшүн тилеңиздер.

Суроого психолог Бермет Наралиева жооп берет:

  • 17 жаштамын. Апам менен сүйлөшүүдөн качам. Себеби ал менин чоңойгонумду сезбей, көп нерсеге тыюу салат. Өз оюмду айтканга дагы укугум жок. Намаз окуйм клуб, туулган күн дегендерге барбайм. Курбума барып келейин деп сурансам уруксат бербейт. Мени жаман жолго түшүп кетет деп ойлойт. Мындай чектөөнүн айынан чындап эле бузулуп кетчүдөй болом. Акыркы күндөрү ичип, чегип, клубдарга баргым келет. Эмне кылсам болот?

Муундар арасындагы келишпестик мыйзам ченемдүү кубулуш. Апаңыздын кооптонуп, тыюу салгандарын сизге болгон коргоосу, камкордугу деп билиңиз. Ортоңуздарга ишеним пайда болуусу керек. Бул ишенимге туура түшүндүрүү жолу менен пикир алышуунун натыйжасында гана жетише аласыз. Түз баскан жолуңуздан адашпаңыз. Ачык сүйлөшүүдөн качпай, ортодогу субардинация бузулса дагы өз максаттарыңызды, позицияңызды түшүндүрүңүз. Апаңыз түшүнөт деген ойдомун.

  • Ата-энем мен 2- класста окуп жатканда ажырашып кетишкен. Азыр жашым 19 да. Апам менен атамды элдештирейин десем апам макул болбой жатат. Менин мамилем эки жак менен тең жакшы. Канткенде ата- энемди бириктире алам?

Акыркы мезгилде үй-бүлөдө ажырашып кетүү маселеси аябай көп учуроодо. Бүтүн үйдүн бүлүнүшү бул оор маселе, анан дагы жөн эле өтүп кетпей үй-бүлө мүчөлөрүн стресске кабылтат. Мындай учурда мейли жаш балдар, мейли чоңдор, болуп жаткан окуяларды адекваттуу кабыл ала албай, туура ой жүгүртүүгө алсыздык кылат. Өзгөчө балдар үчүн бул фактыны кабыл алуу оор маселе. Жашыңыз 19 да болуп бойго жетип калыпсыз. Биринчиден ата-энеңиздин ажырашып кеткенине сиз күнөөлүү эмессиз. Ажырашуу алардын жеке чечими. Ошого карабастан экөө менен тең жакшы мамиледе болгонуңуз сиздин акылдуу болуп өсүп келе жатканыңыздан кабар берет. Экинчиден атаңыз да апаңыз да сиздин сезимиңизге “ата, апа” деген атты ыйык бойдон сакталышына көмөкчү болгон үчүн, сизде экөөнө карата жылуу сезимдер сакталып калган.

11 жылдан бери жарашууга кадам таштабаган ата-энеңизди балалык баё сезим менен жараштырам деген ой сизде болгон менен чечимди алар кабыл алышат. А балким сиздин сунуш менен жарашып кетсе да алардын чечими. Өз жашооңузда алар кетирген катачылыктарды кетирбөө аракетинде болушуңуз абзел.

  • Балам 1 ге чыкты. Атасы бала төрөлө электе чет жерге иштегени кеткен. Баласын көргөн эмес, анда-санда бир чалып кабар алып коёт. Угушума караганда кумар оюнунан башын чыгаралбай жүрүптүр. Ойногонуна 8-9 жылдай болгон экен. Жакындарым: “Кумар ойногон адам аны таштай албайт, ажыраш!”- дешет. Мен баламдын тагдырын, келечегин ойлоп сыгылам. Атасы ошону түшүнсө, билсе кана.

Сиз жолдошуңуз менен сүйүшүп, бири бириңизди таанып, антташып, ысык суукта, барчылыкта, жокчулукта баарына чыдайм деп баш коштуңуз беле? Кантип баш кошконсуз?

Жакшы жашоону издеп чет өлкөдө жүргөндөр акча табам деп жүрөт. Сиздин оюңузча кумар ойнойм деп жүрөбү? Чет өлкөдө капиталисттик система, барган эле мигранттарды башынан сылап, эркелетип койбойт. Бир барып алып GREEN CARD же жашап туруу укугун жоготуп албайын деп бир жыл эмес төрт жылга чейин келе албай жүргөндөр бар. Сиз турмушка чыкканга чейин ал күйөңүздүн 8-9 жылдан бери кумар ойноп жүргөндүгүн билбей эмне иш кылып жүрдүңүз?

Турмуш, бала, үй-бүлө сиздики, жакындарыңыз же тааныштарыңыз сиз кабылган маселени жон териси менен эч качан сезишпейт .

Суроого дин таануучу Уланбек Калмуурза уулу жооп берет:

  • Биринчи баланы кайын журтка берүу шартпы?

Биринчи баланы кайын журтка же төркүнгө берүү негизинен шарт эмес. Азыркы учурда жаш үй-бүлөлөр окуган окуусуна же иштеген ишине байланыштуу биринчи балдарын убактылуу чоң эне, чоң аталарына болбосо тайэне, тайаталарына беришет. Бирок баланы берген учурда деле өз ата-энеси баласына баардык учурда ээ. Негизинен баланы бербестен өздөрү тарбиялаганы жакшы.

Суроого психолог Рустам Исмаилов жооп берет:

  • Мен үйдөгүлөр менен уруша берем. Жашым 16 да. Аларды көргүм келбейт, көрсөм жүрөгүм кысылат. Айрыкча апам менен көп урушам. Көңүлүмө эч нерсе жакпайт, кээде өлгүм келет. Үйдөгү ызы-чуудан улам окуумду Исфана шаарына которуп жибергем. Азыр ошол жактамын. Үйгө каникулга келсем, кайра эле ошол көрүнүш кайталана берет. Эмне кылсам болот?

Биринчиден сиз көйгөйүңүздө жалгыз эмес экениңизди айта кетейин. Ата-энеси менен тил табыша албаган өспүрүмдөр көп. Мүмкүн ата, апаңыз дагы жаш кезинде ушундай болушкандыр. Үйдөгүлөрүңүз менен урушуп жатканыңызда бир канча себептер болушу мүмкүн. Алардын айрымдары чечилсе, кээ бири чечилбейт. Бирок бул маанилүү эмес. Себеби талаш-тартыштар, түшүнбөстүктөрдөн баары бир кутула албайбыз. Жакындарыңыз менен болгон мамиле өзүңүз өзгөргөндөй өзгөрүп турат. Өмүр бою ызы-чуу бойдон калбайт. Убакыттын өтүшү менен турукташып, ордуна келет. Мамиледе эң негизгиси сүйлөшүп, баарлашуу керек. Канчалык бул нерселер көп болсо, ошончолук түшүнүүгө, ишенүүгө, жактырууга жана сүйүүгө мүмкүнчүлүктөр арбын болот. Эгерде сиз үйдөгүлөрүңүз менен мамилеңизди жакшыртууну кааласаңыз, бөлүнүү жардам бербейт. Планыңызда алардан толугу менен баш тартуу жок болсо, оор болгонуна карабастан жандарында болуңуз. Алыска кетип калуу менен ортоңуздардагы түшүнбөстүктү өрчүтөсүз. Ошондой эле жакындарыңыз дагы бул нерсени түшүнсө сизге жеңилирээк болот.

  • Жигитимди ата-энем менен тааныштырсам, ата-энем аны Жалал-Абаддык экен деп, мамилебизге каршы болуп жатышат. Жигитимди аябай жактырам, бирок ата-энемдин ыраазычылыгы жок жашай албайм. Эмне кылсам болот?

Тилекке каршы сиздин абал өтө карама-каршы экен. Бир жактан ата-энеңиздин талабы, экинчиден сүйгөн адамыңыз. Ата-эненин айтканы көпчүлүк учурда туура болуп калат. Себеби аларда тажрыйба көп. Мисалга Ромео и Жулетта повестин эстеп көрүңүз. Дүйнөдө андан өткөн кайгылуу чыгарма жок. Башка өңүттөн карасак, ата-энеңиздин тыюу салышы, сизди дагы эле кичине көрүп, өз алдынча чечим чыгара аларыңызга көздөрү жетпей жаткандыктан болушу мүмкүн. Аларга чоңоюп калганыңызды көрсөтө турган жалгыз адам-өзүңүз. Эгерде өз жашооңузга жоопкерчиликти алууга даяр эмес болсоңуз, анда ата-энеңиздин позициясын алып, айткандарын аткарыңыз. Жок мен чоң адаммын, кантип, ким менен жашоону өзүм чечем десеңиз, анда ата-энеңизге жаш бала эмес экениңизди, жашооңузга өзүңүз ээлик кылаарыңызды түшүндүрүп айтыңыз.

  • Мени ата-энем дайым башкаларга салыштырат. Тигинин баласы жакшы, сен болсо андай эмессиң дей беришет. Кээде чындап эле туура эмес кылып жатамбы деп калам. Эмне кылсам болот?

Ата-эне билдирбесе дагы дайыма балдары үчүн кабатыр болот. Алар балдарын өздөрүнүн жолун жолдоочуулары катары көрүшөт. Ата-эне салыштырууда баласынын азап тартып, кабатырлануусун каалабайт. Болгону жакшы жакка өзгөрсүн деген ниет менен башка балдарды үлгү көрсөтүшөт. Чындыгында, ата-эне үчүн анын баласынан өткөн мыкты адам жок. Ошондуктан ата-энеңиз сизди башкаларга салыштырса капа болбоңуз. Сиз жаман болгонуңуз үчүн бул кадамга барып жатышкан жок. Болгону алар сиздин жакшы адам болушуңузду каалап жатышат.

  • 16 жаштамын. Мен 2 жыл мурун түндө жигитиме чыгып кеткем. Мен анда эч нерсе билбей, жигитти эле ойлоп чыгып кеткем. Үйгө келгенде ата-энем мени издеп жүрүптүр. Атам мени аябай сабап салган. Ошондон бери мен ушу күндү эстеп аябай өлгүм келе берет. Канча жолу кан тамырымды кесип, жипке муундум. Бирок өлө албай койдум. Мен өзүмдү аябай оорукчан кыздай сезем. Атамды аябай жаман көрүп калдым. Канча жолу психологияны окудум. Жардам бербеди. Ошол күндү эстеп, кандай жаман болуп жатканымды эч ким түшүнбөйт.

Сиздин окуяңыздан кийин 2 жыл өтүптүр, бирок азыркы учурга чейин ал нерсени унута албай жатсаңыз, сизге сөзсүз түрдө психологдун жардамы керек. Ал сиз менен баарлашып, абалдан чыгууга жардам берет. Себеби өз жаныңызга кол салуу, жаратыңыз терең экендигин айтып турат. Көп учурда суицидге үнү жетпей, жардамга муктаж болгондуктан барышат. Ошол себептүү мен сизге, сөзсүз түрдө психологго барыңыз демекчимин.

Суроого петиатр Жылдыз Мусамамбетова жооп берет:

  • Менин улуу балам 4 жарым жашта. 4кө эми чыгаарда атасы экөөбүз уруша кеткенбиз. Уулумду 15 күндө алып келип берем деп алып кеткен боюнча 7 айдан кийин алып келди. Балам мурдагыдай ачык эмес, коркок, жалакай, ыйлаак. Башка дагы жаман сапаттар пайда болуп калыптыр. Кантип сүйлөп, мурунку калыбына келтиришти билбей жатам. Мындайда эмне кылыш керек?

Капаланбаңыз. Негизи балдарда ар бир жашына карата эмоциянын өсүү этабы бар. 4 жаштагы балада энесин жоготуудан улам коркуу синдрому менен коркуу сезими пайда болот. Балаңызда ушул сезимдер болгон. Эми өзүңүз балаңыз менен көбүрөөк сүйлөшүп, ойнотуңуз. Жашына жараша оюнчуктарды алып берип, таза абага көбүрөөк алып чыгып, сейилдетиңиз. Дайыма позитивдүү мамиле кылсаңыз сөссүз мурунку калыбына келет.

Суроого Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Бообекова Гүлзина жооп берет:

  • Бала багып алуу канча сом төлөнөт жана кандай документтер керек?

Бала багып алууну кааласаңыз жашаган жериңиз боюнча социалдык коргоо кызматына кайрылсаңыз, адистер шарттарын кенирээк түшүндүрүп берет. Багып алуу үчүн акча төлөнбөйт, болгону документтериңизди тапшыргандан кийин, акыркы чечимди сот чыгарат. Атайын талаптарга жооп берүү үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  1. Асырап алууга мүмкүндүгү бар экендиги тууралуу арыз
  2. Арыз ээсинин (ээлеринин) паспортунун көчүрмөсү
  3. Нике жөнүндө күбөлүк (жубайлар үчүн)
  4. Жашаган жеринен жана үй-бүлөлүк курамы тууралуу маалымкат
  5. Арыз ээсинин туруктуу киреше булагы бар экенин ырастаган документ (иштеген жеринен жана эмгек акысы көрсөтүлгөн маалымкат, ишкердик кирешеси жөнүндө декларациянын көчүрмөсү, жер үлүшү, малы жана башка активдери бар экенин тастыктаган жергиликтүү башкармалыктын маалымкаты)
  6. Турак-жайы тууралуу менчик укугун ырастаган документ
  7. Соттолбогондугу жөнүндө ички иштер органынын маалымкаты
  8. Арыз ээсинин ден-соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду
  9. Иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө
  10. Баардык документтер берилген күндөн тартып бир жылга чейин жарактуу деп саналат.

Суроого психолог Тамара Воранцова жооп берет:

  • Жашым 17де. Үйдө жалгыз кызмын, 2 байкем бар. Үй жумуштарын бардыгын кылам. Канчалык аракет кылбайын, бирок апам эч алкыш айтпайт. Дайыма ишимен кемчилик таап уруша берет. Эмне кылсам болот? Апамдын мүнөзү татаал, мен андан корком.

Сиз бой жетип калыптырсыңыз. Аз убакыттан кийин үйүңүздөн кетесиз. Жатаканага, батирге же болбосо турмушка чыгасыз. Өзүңүздүн жеке жашооңуз башталат. Эгерде азыр апаңыз сизди мактабай жатса, өзүңүзгө өзүңүз алкыш айтыңыз. Сулуулугуңуз, ийгиликтериңиз, сабырдуулугуңуз, кыялдарыңыз, айтор бардыгы үчүн. Бул нерсе эркин болууга жардам берет. Жыйынтыгында сиз кийин жолдошуңуздан, мүдүрүңүздөн же кесиптештериңиз, жакындарыңыздан мактоо талап кылып, күтпөйсүз. Болгону дайыма өзүңүздү мактап туруңуз. Бул абдан маанилүү жана көпкө же өмүр боюу жасасаңыз өзүңүзгө болгон баанын көтөрүлүп жатканын сезесиз. Эмесе баштайлы, сиз акылдуусуз, сулуусуз, эмгекчилсиз жана сабырдуусуз, тамакты мыкты жасайсыз, үйлөрдү тыкан жыйнайсыз жана башка. Көйгөйүңүздү айтып, кат жазып, жардам сураганыңыз сиздин тайманбаган, азамат экениңизди көрсөтүп турат. Сизге ийгилик каалайм.

  • Менин көйгөйүм, апам мени жактырбаганында. Апам менен урушуп-талашпоо үчүн ага жардам берип, колуман келген бардык нерсени кылам. Ал эми сиңдим эч нерсе кылбайт, сабактан келип жата берет. Ага деле макул, бирок апам ар дайым менден кемчилик издеп турат. Абдан намыстуу болгонум үчүн, апам урушуп жатканда көз жашымды көрсөтпөйм. Жалгыз калганда эч кимге көргөзбөй ыйлайм. Апама жагуу үчүн болгон аракетимди жумшайм. Ал болсо элдин көзүнчө мени басынтып, урушат. Эмне кылышты билбей калдым, мен бактылуу болгум келет. Мүнөзүмдүн айынан кээде айтышып кетем, бирок кайра кечирим сурайм. Менде баары жакшы, болгону апам барын бузуп, көп нерсеге уруксат бербей, колуңдан келбейт, сага акча коротуунун пайдасы жок дей берет. Кээде асылып алгым келет. Бирок мен атамдын кызымын, атамды ойлоп боорум ооруп кетет.

Кымбаттуум, энелер өз балдарына тең мамиле кылбаганы оор нерсе. Сиз улуусу экенсиз, иштин көбү сиздин колуңузда болгондуктан, апаңыз сизди күчтүү деп эсептейт. Апаңыз сизге ыраазы болбой, көп кемчиликтериңизди айтсам сиз көбүрөөк аракеттенип, ийгиликке жетесиз деп ойлоп жаткандыр. Бирок тарбия берүүдөгү мындай тактика кыздарга эмес балдарга туура келет. Мүмкүн көпчүлүк энелердей болуп, апаңыз дагы биринчиси уул болсо экен деп тилегендир. Бирок башка адамдар алдында басмырлап, урушуп жатканы бул туура эмес. Дал ушул нерсе баарынан өкүнүчтүү. Ошондой эле сиздин колуңуздан келеринен күмөн санашы, келечекте ийгилик жаратууңузга тоскоол болот. Сиздин айтууңуз боюнча апаңызга жакшы экениңизди көрсөтүүгө аракет кылууңуз менен, башка жактардан көп ийгиликтерге жетиптирсиз. Бирок эне мээримин эч нерсе алмаштыра албайт. Кийин сиз өз балдарыңызга алган тажрыйбаңыздан улам жакшы мамиле кылаарыңызга ишенем. Чынбы? Өз үй-бүлүңүз менен көп болсо аз убакыт жашайсыз. Турмушка чыгып, өз жолуңуз менен кетесиз. Бир аз чыдап, уруш-талашсыз татыктуу кетиңиз. Өзүңүзгө гана ишениңиз. Сизде башкаларда жок болгон атаңыздын колдоосу бар экен. Сиз сөзсүз бактылуу болосуз. Бул узакка созулган кара күндөр дагы өтөт. Артка карабаңыз, өз колуңуз менен татыктуу келечек куруңуз!

Суроого теолог Кадыр Маликов жооп берет:

  • Мен социалдык жетиммин. Төрөлгөнүмө 5 ай калганда эле ата-энем ажырашып кетишиптир. Ата- энемден жалгызмын. Кийин алар үй- бүлө курушкан. Атамдын экинчи аялынан өзүм менен тең карындашым төрөлгөн. Апам менен тайенем 18 жыл эч кимге кор кылбай бакты. 10 жашка келгенде апамды өз макулдугум менен экинчи күйөөгө тийишине себеп болдум. Мен исламдын шарттарынын негизинде, өзүмдүн ата-энемдин алдында акым бар экенин, алардын менде акысы бар экенин билем. Апам бейишимдин эшиги болсо, атам бейишимдин ортосу. Аларды ыраазы кылышым керек. Бул толук камсыздалган, ата- энесинин колунда өскөн балдар үчүн туура. А мендей болгон социалдык жетимдер үчүн кандай болот? Атам мага анча каралашпай эле. Өз балдары, аялынан артпайт. Сүннөт тоюмду чоң атамдын керээзи менен атам өткөрдү. Мен атама кандай мамиле кылышым керек? Атам сүйүүсүн деп мага зулумдук көрсөтсө деле менде анын акысы калабы? Атам менен телефондо сүйлөшүп турам, мамилем жакшы. Бирок атамдын менде акысы калдыбы деген суроо мени кыйнай берет.

Исламда ата-эне жараткандын ыразычылыгын алуунун себеби. Бала ата-энеге кандай мамиле кылса, кудай таала аларга ошондой мамиле жасайт. Оба, жашоода балдарын карабай таштап койгон ата-энелер көп. Бирок жараткан баарынан сурак алат. Ошол себептүү сурак күнү деген бар. Балдар ата-эне алдында өз милдетин аткарууга укуктуу. Алардын милдети ата-энеси кандай гана болбосун, алсак ичкич, баңги колдонгон адамдар болсо дагы аларга кам көрүп, карашы керек. Биринчи орунда апа, экинчи орунда ата турат. Милдетке токтолсок, ата-эне балдарын камсыздап, тапканынын жарымын аларга бериши зарыл. Эгерде бул нерсени кылбаса сурак күнү баарына жооп беришет. Сиз кечиримдүү болуңуз, кудай алдында атаңызды кечириңиз. Жашоодо баары боло берет. Мүмкүн атаңыз сизге жетиштүү көңүл бурбаганына жүйөөлүү бир себептер болгондур. Андыктан сиз ата-эне алдында өз милдетиңизди аткара берсеңиз, жараткан дагы сиздин күнөөлөрдү кечирет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт