// //

Гендер маселелери боюнча суроолорго жооптор

2018.06.08, 17:48
2580

Үй-бүлөдөгү, мамиледеги зомбулукту чагылдарган суроолорго биздин адистер жооп берет.

Суроолорго никелер жана зомбулук боюнча эксперт Гүлбарчын Жумабаева жжоп берет:

  • Жигитим экөөбүз 20 жаштабыз. Боюмда бар экенин бүгүн тесттен билдим. Болжол менен бир жума болсо керек. Жигитиме айткандан коркуп жатам. Ал кубанат. Бирок ата-энем ага каршы болгондуктан, алар менден баш тартып коет деп корком. Эмне кылсам, баланы калтырсамбы? Бирок ата-энемчи? Же башка өлкөгө качып кетсекпи? Үйлөнөлү десек шартыбыз жана жигитимдин үйү жок. Аябай бушайман болуп жатам. Курсактагы баламды эстесем көзүмө жаш толот. Баламды өлтүрүп алып, бактылуу жашай аламбы? Бала менен кошо өзүмдү дагы өлтүрсөмбү? Ата-энемден коркуп жатам.

Кымбаттуум, абалыңыз абдан оор экен. Бул жерде сиздин гана эмес, курсагыңыздагы жаңы жашоонун дагы тагдыры чечилип жатат. Жигитиңиз менен жыныстык катнашка барып жатканда контрацептивдерди колдонуу зарыл эле. Ошондой эле 100 пайыз сактаган каражаттар жок болгондуктан, мындай нерсеге даяр болушуңуз керек болчу. Жигитиңиз менен натыйжасын ойлобогондуктан, сиз кош бойлуулукка даяр эмес болуп калдыңыз. 20 жашта экенсиздер, жыныстык катнашка барып жаткандан кийин, баарын билүү керек. Ошондуктан ата-энелер үй-бүлө курганга чейин, мындай мамилелерге тыюу салышат. Себеби алар балдары ата-эне болууга даяр эмес болуп калса, көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүлөрү керек болот. Мисалы, силердин абал. Ата-энеңизге айтуудан коркуп жатасыз, бирок бул абалдан чыгуунун башка жолу жок. Оба, башында урушат, бирок кандай болгон күндө дагы жардам беришет. Жакшысы апаңызга айтыңыз, андан кийин эмне кылуу керек экенин чечиңиздер. Дайыма эле кыздарды күнөөлөй беришет, бирок жигиттер дагы жоопкерчилигин мойнуна алышы керек. Көп учурда коркок, инфантилдүү жигиттер кыздар өзү чечип алат деп, качып, жок болуп кетишет. Түшүнгөнүм боюнча сиздин жигитиңиз андай эмес экен. Ал сырттан окуп иштеп же жөн гана иштеп силерди камсыздай алат. Бирок анын тапкан акчасы батирге чыгууга жетеби? Ошондой эле төрөткө, баланын кийим-кечесине, тамак-ашка дагы көп акча керек болот. Ал өзүнүн жана сиздин ата-энеңиздин жардамын албай, сиздерди камсыздай алабы? Эгерде оба десеңиз, анда суроо чечилди. Ата-энеңиз ага каршы болгон күндө дагы, мындай абалда үй-бүлө курууга алар жардам берип колдоо көрсөтөт.

Качып кетүү, өзүңүздү жана баланы өлтүрүү вариантарын карабай деле коюңуз. Бул кино же китеп эмес, бул жоопкерчиликти талап кылган чоң жашоо. Аборт кылуу маселесин туура көрбөй жатасыз, ошондой эле жараткан жиберген жаңы жашоону токтотуп кой деп мен дагы кеңеш бере албайм. Бул нерсени өзүңүз гана чечесиз жана жоопкерчилик дагы өз мойнуңузда! Жигитиңиз бала менен болууга, сизге үйлөнүүгө даяр экен. Жакшысы чыныгы эркектей болуп жумуш тапканды, жоопкерчиликти ойлонсун. Коркпоңуз, ата-энеңизге барыңыз, өз сүйүүңүз жана балаңыз үчүн күрөшүңүз. Алардын жардамы жок, сизге кыйын болот. Сизге жана ата-энеңизге туура чечим кабыл алууну каалайм! Өз бакытыбызды биз өзүбүз курабыз!

  • Жолдошум экинчи аял алууну каалап жатат. Эмне кылсам болот?

Урматтуу окурман, Кыргыз Республикасында эки же андан көп аял алууга мыйзам чегинде тыюу салынган. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, өз укугуңузду коргой аласыз. Эки аял, эки үй-бүлө күтүү бул сиз жана балдарыңыз үчүн моралдык-психологиялык жактан чоң сокку болот. Ортодо балдар тынч жагдайда чоңоё алышпайт, психологиясына доо кетет. Муну күйөөңүзгө жеткиликтүү түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Жакшылап ойлонсоңуз, дайыма атаандашуу, бири-бирин жек көргөн абал кимге керек? Эки аял алып жашаган эркектерди сурамжылоонун жыйынтыгында “ Эгер убакытты кайра артка жылдырса, бир үй-бүлө менен эле бактылуу болуп, тынч жашамакмын” деген пикирлер орун алган. Такыр эле болбой жатса укук коргоо органдарына кайрылыңыз, мыйзам сизди коргойт.

  • Менин жолдошумдун башка аялдан бир баласы бар. Ойношубу же ортолорунда никеси барбы так билбейм. Бирок, күйөм "сени менен жашайм, тиги балага жардам берип турам" деди. Мен эмне кылышым керек?

Урматтуу окурман, жолдошуңуз экөөңөрдүн ортоңордо никелешүү жөнүндө күбөлүк барбы, никеңиздер мыйзамдуу түрдө катталганбы? Андай болсо, сиз анын мыйзамдуу жубайысыз. Эгер күйөңүз сизди урбаса, зомбулук кылбаса, аны жактырсаңыз үй-бүлө катары чогуу жашай бериңиз. Балдарыңар бар болсо, жолдошуңуздун мыйзамдуу балдары болуп эсептелет. Ал силерди багууга жана кам көрүүгө милдеттүү. Башка аялдан төрөлгөн балага жардам берип турууну чыр-чатаксыз чечүүгө аракет кылыңыздар. Бардык чечимдерди кабыл алууда жүрөгүңүздү угуп, акыл менен кеңешип, мыйзам чегинде аракеттениңиз.

  • Менин жашым 18 де. Апам менен эжем өзүмөн 23 жакшы улуу адамга турмушка чыгасың деп жатышат. Ал кишинин мени менен тең кызы бар жана нике кыйдырууга макул болуптур. Мен болсо каршымын, үй-бүлөм болсо “кийин өкүнүп каласың” деп көндүрө албай жатышат. Эмне кылсам болот? Канткенде аларга туура түшүндүрөм?

Урматту окурман, биздин өлкөдө ар бир жаран конституциялык укуктарына ылайык, болочок жубайын тандоо эркиндигине ээ. Сиз болгону 18 жаштасыз. Болочок күйө сизден 23 жашка улуу, апаңыз менен эжеңизди кыйбай турмушка чыгууга макул болсоңуз сиз психологиялык жактан абдан жабыркайсыз. Сиздин келечегиңиз али алдыда. Жаш курактык айырмачылыкты эске алганда, ал адамдын кызыкчылыктары менен сиздин кызыкчылыктар да келбейт. Үй-бүлөлүк чыр-чатактар көп болушу мүмкүн. Сиз өзүңүздү дайыма бактысыз сезип жашашыңыз ыктымал. Турмушка чыгуу төрөт менен коштолот, медицина кызматкерлери бүгүнкү күндө 19 жаштагы кыздын организими дагы дени сак бала төрөгөнгө даяр эмес экендигин белгилешүүдө. Энелердин өлүмүнүн көбү 20 жашка чейинки кыз-келиндердин арасында катталууда.

Ар бир эне баласына жакшылыктарды каалайт. Апаңызга ушуну түшүндүргөнгө аракет кылыңыз. Мыйзам чегинде болсо, бул “никеге турууга мажбырлоо” кылмыш болуп эсептелинет. Апаңыз менен эжеңиз сиздин айтканга макул болбосо өзүңүз жашаган аймактык милиция бөлүмүнө барып арыз менен кайрылсаңыз болот. Милиция бөлүмүндө нөөмөттө турган кызматкер арызыңызды алып, мыйзамдын чегинде тиешелүү чара көрүп, тергөөчүгө жөнөтөт. Өзүңүздүн жаркын келечегиңиз үчүн колдо бар чаралардын баарын колдонгонго аракет кылыңыз.

  • Жигитимдин аялы жана үч баласы бар. Ага кантип турмушка чыксам?

Урматтуу окурман, жигитиңиздин үй-бүлөсү, үч баласы бар экен. Мүмкүн жакшылап ойлонуп көрөсүз. Айланада бойдок, келишимдүү жигиттер көп. Мен ишенем сиз ошолордун арасынан чыныгы бактыңызды таба аласыз. Эгер ал сизди ала турган болсо, үй-бүлөсүнөн айрылууга туура келет. Ажырашкан күндө дагы үч балага 18 жашка толгонго чейин алимент төлөйт. Бул чоң сумма болгонуна байланыштуу, дайыма ортоңордо чыр-чатактар жаралышы мүмкүн. Балким, убакыттын өтүшү менен ажырашканына сизди күнөөлөйт. "Бирөөнүн көз жашынан бакыт кура албайсың" деген кеп бар. Туура чечим кабыл алаарыңызга ишенем!

  • Менин жолдошумдун башка аялдан бир баласы бар. Ойношубу же ортолорунда никеси барбы так билбейм. Бирок, күйөм "сени менен жашайм, тиги балага жардам берип турам" деди. Мен эмне кылышым керек?

Урматтуу окурман, жолдошуңуз экөөңөрдүн ортоңордо никелешүү жөнүндө күбөлүк барбы, никеңиздер мыйзамдуу түрдө катталганбы? Андай болсо, сиз анын мыйзамдуу жубайысыз. Эгер күйөңүз сизди урбаса, зомбулук кылбаса, аны жактырсаңыз үй-бүлө катары чогуу жашай бериңиз. Балдарыңар бар болсо, жолдошуңуздун мыйзамдуу балдары болуп эсептелет. Ал силерди багууга жана кам көрүүгө милдеттүү. Башка аялдан төрөлгөн балага жардам берип турууну чыр-чатаксыз чечүүгө аракет кылыңыздар. Бардык чечимдерди кабыл алууда жүрөгүңүздү угуп, акыл менен кеңешип, мыйзам чегинде аракеттениңиз.

  • Мен беш жылдан бери тааныш бир адамдын экинчи аялы болгум келет. Ага турмушка чыгышыма ата-энем каршы. Мен болсо турмушка чыгып ажырашкам. Эмне кылсам болот?

Урматуу окурман, эки жана андан көп аял алууга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык тыюу салынат. Коом дагы экинчи аял болуп тийгенди жактырбайт. Айткандарыңызга караганда сиздин ата-энеңиз дагы буга макул эмес экен. Алар сиздин расмий никедеги сүйүктүү жар, балдардын бактылуу энеси болушуңузду каалашат. Жакшылап ойлонуңуз, өзүңүздүн бактыңызды келечекте сөзсүз жолуктурасыз.

  • Менин алты айлык балам бар, ал коён ээрин болуп төрөлгөн. Операция кылдыралы деп жатканда жолдошум башканы таап алып, мага “кааласаң чыдап жаша, каалабасаң кете бер” деди. Аябай ыза болуп кыйналып жатам, ал көңүлдөшүнө оюндагысын алып берет экен. Ал эми балабызды дарылатууга келгенде “акча жок, акча болгондо барабыз” деп коёт. Азыркы учурда өзүмдүн апамдын үйүндөмүн, апамдын мага жардам берүүгө шарты жок. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңиздерчи?

Урматтуу окурман, сиз жолдошуңуздун мыйзамдуу жубайысыз. Демек, баланы дарылоо операция кылдыруу жолдошуңуздун дагы, сиздин дагы милдетиңер. Жолдошуңуз балага карата үй-бүлөлүк зомбулук жасап жатат жана мыйзамдын чегинде жооп берип калышы мүмкүн. КРда жаңы кабыл алынган "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо" мыйзамынын 1-беренесине ылайык анын бул мамилеси зомбулуктун " Этибарсыз кайдыгер мамиле" деген түрүнө кирет жана мыйзам чегинде чара колдонулат. Ал үчүн жашаган жериңиз боюнча милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнө (Участковый) кайрылып арыз жазасыз. Мындан сырткары, ушул эле мыйзамдын 32-беренесине ылайык сиз өзүңүз сотко өз алдынча түрдө дагы кайрыла аласыз. Жолдошуңуз сизге психологиялык зомбулук көрсөттү. Бул берененин 4-пунктунда "жарандык жана үй-бүлөлүк мыйзамдарга ылайык башка талаптар" деп турат. Ошол башка талаптарга медициналык жактан дарылатуу дагы кирет. Сизди коргоого милициядан башка дагы жашаган жериңиз боюнча социалдык кызматкер, айыл өкмөтү жардам берүүгө милдеттүү. Милициянын ыйгарым укуктуу өкүлү материалдарды топтоп өткөрүп берсе Аксакалдар соту дагы карайт. Баланын, үй-бүлөнүн кызыкчылыгы биринчи орунда турат, ошол үчүн мыйзам чегиндеги бул аракеттердин баарын көрүңүз

Мындан сырткары сиз түз эле Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрыласыз. Ал жактан медициналык социалдык өнүктүрүү борборунун тизмесине катталасыз. Кезегиңиз келгенде балаңызга Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бекер операция жасалып берилет.

Суроого психолог Тамара Воранцова жооп берет:

  • Мен 22 жаштамын, өзүмдү-өзүм жеп, турмушка чыкканыма өкүнө берем. Бир кызым бар. Кызым үчүн эле жашап келем. Азыр кызыма 3 ай болду. Өмүр бою бала үчүн жашасамбы же ажырашып кетсемби? Башым катып жатат?

Саламатсызбы, кымбаттуум! Сиз турмушка чыккан экенсиз, ортодо бала да бар экен. Ажырашуу үчүн жүйөөлүү себептер бар болсо, создуктуруунун кереги жок.

Психологдор кандай учурда ажырашууну сунуштайт дегенде; күйөңүз ичсе, кол көтөрсө, кумар оюндарын ойносо жана баңги колдонсо, иштегиси келбесе.

Эгерде бул нерселер жок болсо анда ортоңордогу түшүнбөстүктөрдү анализдеп чыгуу керек. Талаш-тартыштар, таарынычтар ар бир түгөйдө болот, алардан качып кутула албайсыз. Сиздер түрдүү көз караштагы үй-бүлөдө чоңоюп, тарбия алгансыздар. Ошондуктан тынчтыкта жашай албай жатасыздар. Бирок сизди жашоодогу эң маанилүү кесип-мыкты жар болууга, мамиле курууга эч ким үйрөткөн эмес. Сөзсүз түрдө куруу жана жаратуу керек. Булардын өзүнүн мыйзамы жана эрежелери бар. Үйдөгү тынчтыктын, маанайдын 80 пайызы аялдан көз каранды. Сонун болгон айымдардын илимин өздөштүрүңүз, ошондо үй-бүлөңүз сиз каалагандай бактылуу болот. Бул кыйын эмес, кайра кызыктуу. Болбосо экинчи, үчүнчү жолу турмушка чыкканыңыз менен жыйынтыгы бирдей болот. Сиздин колуңуздан келет, себеби баарыбыз бактылуу болуу үчүн жаралганбыз.

  • 19 жаштамын. Үй-бүлөсү бар адамды сүйөм. Башында ал мага турмушка чыгуу сунушун киргизгенде баш тартып койгом. Башкага үйлөнгөн соң аны жакшы көрө баштадым. Ал дагы аялын эмес, мени жактыраарын айтып жүрөт. Бирок мен жакында башка жигитке турмушка чыгам. Бирок аны сүйбөйм. Эмне кылсам?

Кымбаттуум, абалыңыз оор экен. Бирок мүмкүн, жаштыгыңыздан, кеңешчи эч кимиңиз жок болгондуктан өзүңүз баарын татаалдатып алгандырсыз. Келиңиз баарын карап чыгалы.

Жигит үйлөнүү сунушун киргизгенде эмне себептен баш тарттыңыз эле? Бул абдан маанилүү. Мүмкүн олуттуу бир себеп болгондур, эстеп көрүңүз.

Ал үйлөнгөндөн кийин аны жакшы көрүп калдым деп жатасыз. Бирок буга ызаа себепкер. Мындай боло берет.

Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда эки тараптуу сезим бар экен, уланып жатыптыр. Эгерде ал сизди чындап сүйсө, анда аялы менен эчак эле ажырашып, сизге үйлөнмөк. Демек аны никесинде бир нерсе кармап турат. Көбүнчө эркектер, никесинен тышкары мамиле курууну каалашат. Сизде бүтпөгөн мамиле бар экен. Эгерде психологго кайрылып, кеңеш албасаңыз узакка созулуп, тынчыңызды ала бериши мүмкүн.

Болочоктогу жолдошуңузду жакшы көрбөгөнүңүз, ага дагы, сизге дагы абдан өкүнүчтүү. Үй-бүлөлүк жашоо ар дайым сүйүүдөн башталып, келечектеги балдар сүйүүдөн төрөлүшү керек. Сүйбөсөңүз эмне себептен ал адамга турмушка чыгып жатасыз? Мурунку жигитиңизден өч алуу үчүнбү же келечектеги жолдошуңуздун жакшы сапаттары болгону үчүнбү? Баарын жакшылап ойлонуп чыгыңыз. Бир ката, чечилбеген суроо, кийинки катага алып барат.

Эч жакка шашпаңыз. Ар дайым тандоо бар. Сиз болгону 19 жашта экенсиз, бул курак чондордун жашоосуна аралашуу убагы болгондуктан сезимдерге гана эмес, акылга дагы карап тандоо жасоо керек.

  • Менин окуям мындайча. Мен престиждүү компанияда эмгектенем. Эч нерседен кем болгон эмесмин. Бир жигит менен жарым жылдан бери сүйлөшүп жүрөм. Өзүм дагы кантип сүйлөшө баштаганыбызды билбей калдым. Болгону ал мени жакшы түшүнөт, мен ага бардык нерсени айта алам, мага түрдүү тамашаларды айтып берип, көңүлүмдү көтөрөт. Мен анын үй-бүлөсү, балдары бар экенин билчүмүн. Бирок бул нерсе мени токтото алган жок. Ал учурда бул нерсени ойлогон дагы жокмун, 3 айдан кийин гана сурай баштадым. Ал ажырашкам деп жатат. Бул чын экен, документтерин көрсөттү. Бирок аялы менен бир үйдө жашап жатканы мени тынчсыздандырат. Ал бир үйдө жашаганыбыз менен чогуу жатпайбыз, бөлөк жашайбыз деп жатат. Бул дагы чындыктай көрүнөт. Себеби биз эртеден кечке чогуу жүрөбүз, кафега барабыз, сейилдейбиз, эртең менен, кечинде видео чалуу менен сүйлөшөбүз. Жигитим балдарымдын айынан эле чогуу жашап жатабыз дейт. Мен буга каршы эмесмин, баласына үй керек. Аялын деле куубай эле кой, жашай берсин дедим. Биз чогуу батирге акча чогултуп, өзүбүз сатып алып жашайлы деп чечтик. Бирок досторунун көбү анын ажырашканына ишенбейт экен. Мени анын көңүлдөшү катары карап жатышат. Мага аялы аны дагы да болсо сүйгөндөй туюлат. Ошондуктан жанында жүргөндөй. Мен ага бул оюмду айттым, ал болсо мени сүйөөрүн, буга чейин эч кимди мынчалык сүйбөгөнүн айтты. Мени эртең менен гүл берип тосуп алат, жумушка жеткирет, кайра кечинде үйгө алып келет. Өзү дагы буга чейин эч кимге гүл берип көрбөгөнүн айтып күлүп калат. Мени жашырбайт. Достору менен тааныштырат. Достору дагы анын жумшак болуп калганын айтышты. Суроом ага ишенсемби же жокпу. Ишенсем дагы кызганууну кайда кетирем. Мен 22, ал 33 жашта, үч баласы бар.

Үй-бүлө куруу жоопкерчиликтүү кадам, бул жерде бири-бирин түшүнүү жана юмор жетишсиз. Андыктан баарын таразалап чыгуу керек. Сиздин жигитиңиз ажырашканына карабастан, аялы менен бир үйдө жашап, коомдук жайларга чогуу барышат экен. Мүмкүн алар бизнестин айынан же белгилүү бир себептен улам ажырашып коюну чечишкендир. Достору дагы алардын ажырашканына ишенишпейт экен. Биз айымдар эркектердин ар бир сөзүнө ишенип көнүп калганбыз. Алар жактырганына жеткенде, кыз эмнени уккусу келсе ошону айтышат. Мыйзам боюнча: Сөздөргө эмес, кылган иш-аракеттерине ишенүү керек. Бул жерге гүл берүү, тамактанууга чакыруу, комплимент айтуу кирбейт, муну эске алыңыз. Жигитиңиздин кылган аракеттерине караганда, ал сизди экинчи аял кылып алууну каалап жатат. Сизге расмий түрдө үйлөнгөнү менен, анын мурунку үй-бүлөсү сиздин дагы, анын дагы жашоосунан эч качан кетпей турганын эске алыңыз. Ал тапканынын көбүн балдарына, алардын окуусуна, келечектеги турмушуна берет. Эгер сиз бул нерсени тынч кабыл ала алсаңыз, бул бир тандоо. Бирок ортоңордо бала пайда болгондо, балдарыңызга дагы көбүрөөк тийишин каалайсыз. Анан чыр-чатак пайда болот. Мисалы сиз үй анын баласына калышы керек деп жазып жатасыз. Эгерде ортоңордо эркек бала пайда болсо ага дагы бир бөлүгүн тийишин каалабайт белеңиз? Ал эмне тиги баласынан бир жери кемби? деп айтасыз. Батирге чогуу акча чогултууну каалап жатыпсыздар. Бирок бул нерсени эркек киши кылышы керек. Бирок ал алимент төлөсө, ал муну ишке ашыра албаары анык. Ортодогу никеңер кантип бүтөөрү белгисиз. Батириңер менталитетке ылайык эркек кишиге же анын апасына калат. Анда сиз эмне менен каласыз? Балаңызчы? Психологдун жардамы менен чече турган көп нерселер бар. Мисалы жигитиңиз никени расмий каттатууга даярбы? Сизди достору менен гана эмес, туугандары менен дагы тааныштырабы? Досторунун айтымына караганда ал жумшак болуп калыптыр, бирок анын агрессивдүү тарабын билесизби? Жылына күчөп турчу кызгануу менен өмүр бою жашаганга даярсызбы? Суроолор абдан көп. Жакшылап ойлонуңуз, сиздин алдыңызда эки тагдыр турат, тандоо өз колуңузда. Туура чечим кабыл алышыңызды каалайм!

Суроого "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси, психолог Бүбүсара Рыскулова жооп берет:

  • 19 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум менден 9 жаш улуу, бир кыздуу болдук. Кудайга шугур жакшы эле жашап жатканбыз. Бара-бара жолдошум үйгө анча-мынча келбей кала турган адат тапты. Кийин телефонунан бир кыз менен жүргөнүн билип калдым. Ал кыз менен байланышсам, “көп жылдан бери сүйлөшөбүз. Күйөөң өзү издеп тапты” деди. Акчаны жакшы тапкандыктан ага дагы акча берип турчу экен. Чындыгында аябай стресс болуп, өзүмдү кармай албай, тополоң кылдым. Ал убакта боюмда бар эле. Жолдошум жалдырап алып калды. Ал кызды менин көзүмчө сөктү. Ошентип кетпей калдым. Бирок жүрөгүмдө баштагыдай ага болгон сый жок. Жолдошумдун мүнөзү аябай көк. Үй жумуштарына кийлигишип, адамды эзип жиберет. Азыр ортодо эки балабыз бар. Башында эч нерсе деп айтчу эмесмин. Кийин каяша айтып үйрөнүп алдым. Урушуп кетсек кет дей берет. Көгөрүп сүйлөбөй кийин кайра чыдабай өзүм сүйлөп баштайм. Түндө жатканда кучактасам, кучактабачы дей берет. Сүйөм деп айтпайт. Акыркы убакта чыдабай калдым. Ажырашайын десем б

Сиздин катыңызды окуп туруп эле кеңеш берүү кыйын болот. Биз сиздердин кандай жагдайда баш кошконуңарды, үй-бүлөлүк жашооңорду билбейбиз. Кээде кыздар дагы, балдар дагы телефондон тамашалап, оюн кылып сүйлөшүп коюшат. Башкага алмаштыруунун физикалык жана психологиялык түрү болот. Аял менен эркектин үй-бүлөгө болгон табити, көз карашы башкача болот. Аялдар карандай чай ичсе дагы балдары үчүн, үй-бүлөсү үчүн баарын берүүгө макул болуп, чыдап жашай беришет. Эркектер болсо байыртадан келе жаткандай, бир нерсеге чыдай албай кээде сыртка карап турушат. Биз аялдар бул нерсени билишибиз керек. Башка менен сүйлөштү болду, бүттү деп койбостон, эмне түрткү болду себебин аныктап, балким менден кеткендир деп, анализдеп көрүш керек. Мүмкүн эки баланы атасыз калтыруунун кереги жоктур.алдарды кыя албайм. Кандай айла кылсам болот?

Суроого аймактык инспектор темирбек Камчыбек уулу жооп берет:

  • Өзүмдүн жездем кыздыгымды алып таштады. Эмне кылсам болот? Кимге айтам? Эжемe, апама айтсамбы? Бирок эжемдин менин айыман ажырашканын каалабайм. Менин кийинки жашоом кандай болот? Мен күйөөгө кантип тийем?

Сага күч колдонулган болсо, аймактык милицияга арыз менен кайрылсаң болот. Үстүнөн “зордуктоо” боюнча кылмыш иши жүргүзүлөт, далил болуусу абзел. Мындай нерсени убагында ойлонуп милицияга кайрылышың керек болчу. Арадан канча убакыт өттү? Көп убакыт өтүп кетсе далилдеп берүү оор болуп калат.

Суроолорго психолог Тынчтык Бакытов жооп берет:

  • Дос балам менен кошулуп койдум. Мен аны көптөн бери тааныйм, жакшы жана жакын достордон элек. Болгон окуядан кийин сүйлөшпөй калдык. Эмнегедир өзүмдү ушунчалык жек көрүп жатам.

Урматтуу окурман, сурооңуз үчүн чоң рахмат! Балким экөөңүздөрдүн ортоңордо болгон жыныстык катнаш кийин сизде күнөлүү сезимдер ойгонду. Бирок бул нерсени мен так айта албайм. Себеби менде сиздин абал тууралуу толук маалымат жок. Маселеңизди чечүү үчүн сиз менен жолугушуу керек.

Сизге төмөнкү суроолорду бермекчимин:

Экөөңүздөрдүн ортодо достук гана мамиле бар беле же жигит-кыз катары дагы жүрчүңүздөр беле?

Жыныстык катнашка баруу кимдин демилгеси болчу?

Жыныстык катнашка өз каалооңуз менен бардыңызбы?

Биздин коомдо көптөгөн чектөөлөр бар. Ымыркай кезибизден тарта ата-энебиз “эл эмне дейт?”, “уят болот”, “балдар менен сүйлөшпө” деген сөздөрдү айтып тарбиялайт. Ошондуктан чоңойгондо деле биз бул сөздөрдү бузуп койдук деп өзүбүздү күнөлүү сезебиз. Мунун баары биздин тарбияга же коомдук нормаларга дал келбей калган үчүн өзүбүздү айыпкер сезишибиз мүмкүн. Бүгүнкү күндө жыныстык катнашка баруунун эч кандай уяты жок экенин билиңиз. Сиз өз тагдырыңыздын кожойкесисиз! Досуңуз менен сүйлөшүү үчүн аны ачык диалогго чакырыңыз. Балким, ал да сиздей болуп уялып, өзүн айыптуу сезип жаткандыр. Ортодогу мурунку мамилени жандандыруу үчүн биринчи кадам таштаңыз. Сүйлөшүүдөн кийин мамилени улап кереги барбы же жокпу өзүңүздөр тактап билип аласыздар. Ийгилик!

  • Апам менен эжем тил табыша алышпайт. Бири-бирин көрсө эле ар нерсени шылтоолоп, уруша кетишет. Мен бул нерседен тажап кеттим. Эмне кылсам болот?

Урматтуу окурман, сурооңуз үчүн рахмат! Сиздин тажап кетүүңүзгө үй-бүлөдөгү атмосферанын бузулушу себепкер. Менде бир канча суроолор пайда болду:

Сиздин жашыңыз канчада?

Мектепте окуйсузбу же студентсизби?

Эжеңиздин жашы канчада жана ал эмне менен алектенет?

Кандай “окуялардын”, “шылтоолордун” артынан урушуп кетишет?

Эжеңиз менен апаңыз урушуп жатканда сизде кандай сезимдер болот?

Үй-бүлөлүк чыр-чатактын негизги себеби угуунун жоктугу жана түшүнбөстүк. Психологияда, башка адамды өзгөртүүдөн алыс болобуз. Анткени биз өзүбүздү же окуяга болгон мамилебизди гана өзгөртө алабыз. Жаш өспүрүм болсоңуз, 111 номерине чалыңыз, психологдордон бекер кеңеш ала аласыз. Редакцияга кайрылып, менин байланыш телефондорумду алсаңыз болот. Сизге ийгилик каалайм!!!

Суроого психолог Гүлмира Молдокулова жооп берет:

  • Турмушка чыкканыма 1 жыл болду. Жолдошум башканы сүйөт. Себеби бизди ата-энелерибиз үйлөндүргөн. Ортодо балабыз жок. Жолдошум жок жерден чыр чыгарып уруша берет. Эркек сүйбөсө аял эч качан бактылуу боло албайт экен. Ажырашуу максатым бар. Эмне кылсам болот?

Үй-бүлөдө бири-бирине сүйүү сезими жок болсо, айрыкча бул аялдарга эң чоң стресс. Айымдар үчүн сүйүктүү болуу өтө маанилүү. Чынында “жолдошум сүйбөт” деген фактыны моюнга алуу оор. Бирок мындай мамилени улантуу дагы жеңил эмес. Бул позиция кооптуу деп эсептелинет жана мындай учурда эч нерсе жасалбайт. Менин сунушум олуттуу маселени моюнга алып, түшүнгөнгө аракет кылууңуз кажет.

Жеке өзүңүздүн пикириңиз менен ой жүгүртүңүз:

Жолдошуңуздун жаман жана жакшы жактарын баалап көрүңүз.

Анын мамилесин түшүнүү үчүн күрөшүү керекпи? Жакшылап ойлонуңуз.

Ажырашуу оңой эмес, бирок сүйбөгөн киши менен жашоо дагы кыйын. Сиз “ажырашуу максатым бар” деп жатасыз. Мүмкүн бул чечимди кабыл алууңузга таарынуу сезими түрткү болуп жаткандыр. Күйөңүздү “сүйбөйсүң” деп күнөөлөнүн дагы кереги жок, себеби ата-энеңер үйлөнткөн. Андан көрө бул чындыкты кабыл алыңыз. Ошондо мамилеңер башка нукка бурулуп башкача жашоо башталат. Балким бактылуу үй-бүлөлөрдөн болосуздар.

  • Мен 20 жаштамын жигитим экөөбүз жакын мамиледе (кошулуп) болуп койдук. Бул нерсени эч кимге айта албай кыйналып жүрөм. Жигитимдин апасы менен телефон аркылуу сүйлөшсөм, 5-6 ай кое тургула, күзүндө баш кошосуңар деди. Ойлоно берип депрессияга учурап калдым, эмне кылсам болот?

Сиз берген суроо бул өтө өздүк суроо болуп эсептелинет. Жалпылап жооп берүүгө дагы болбойт, анткени сиз депрессиялык абалда болгондуктан кандай чечим чыгарып саласыз аны эч ким билбейт. Мисалы сиз жигитиңиз жөнүндө эч нерсе дагы айтпапсыз, анын бул маселеге оюу, мамилеси кандай экендигин. Мен болушунча суроого жооп кылганга аракет кылайын сиз өзүңүз дагы ойлонуп же психологго кайрылып жардам сурап көрөөрсүз.

Мен сизди түшүнүп турам, ошол ойду, мамилени закондоштурууну өтө маанилүү жана туура деп эсептейм. Бирок сиз жазбапсыз жигитиңиз кандай, бул тууралуу анын оюу кандай, эмне сунуштарды кылды. Бул маселе чечилбей жатканына караганда ал жигит чечим алгандан качып жатышы дагы мүмкүн, ошондуктан менин айтаарым аны менен ачык cүйлөшүш керек. Биринчиден, ага өзүңүздүн сарсана болуп жатканыңызды, кандай сезимде болуп жүргөнүңүздү билдиришиңиз абзел. Мен өзүмдү сыйлайм мага мурункудай эркин мамиле жарабайт, ачык сүйлөшүп алалы деп айтуу керек. Экинчиден, жигитиңизден өзүнүн оюн, максатын так, даана айтып берүүсүн сураңыз. Анткени аял киши үчүн маанилүү нерсе мамиленин ичиндеги аныктык, тактык. Билип турам мындай сөздөрдү баштоо үчүн өтө чоң эрдик керек, бирок ойлонуп көрсөңүз күн сайын бул сөздү айта албай жүрө берсеңиз аныксыз жашап депрессияңыз күчөп кете берет. Мен сизге айтаарым бул көйгөй менен жалгыз калбай мүмкүнчүлүк болсо ачылып, жакын, ишенимдүү адамыңызга айтып же психологдун жардамына кайрылсаңыз.

Суроого психолог Айгүл Ысыкеева жооп берет:

  • Мен учурда 22 жаштамын. Турмушка чыкканыма 9 ай болду. 6 айдан бери Москвада турам, жолдошум иштетпегенине байланыштуу үйдөмүн, 4 айлык боюмда бар. Үйдө отура берип жалгыз зэригип, депрессияга түшүп калган сыяктуумун. Жашоодогу максатымды, эмне каалап, эмне кылаарымды билбейм.

Кош бойлуу болгон учурда көпчүлүк айымдар депрессия болот. Төрөгөндөн кийин дагы депрессияга кабылат. Мындай абал кадимкидей эле көрүнүштөрдүн биринен. Бирок депрессия болуу курсактагы бала үчүн зыянын тийгизип коёт. Биринчиден сиз өзүңүздү алаксытканга аркет жасооңуз абзел. Мисалы күлкүлүү кино көрүңүз, китеп окуңуз же шаар аралап сейилдөөгө чыгыңыз. Эгер сиз өзүңүзгө жардам бере албасаңыз жолдошуңуздан же жакындарыңыздан тартынбастан жардам сурашыңыз кажет. Мүмкүн жолдошуңуз сиздин депрессиядагы абалыңызды билбей жаткандыр. Ачыгын айтсаңыз жарыңыз дагы жардамын берээр.

Ал эми жашоодогу максатты табуу үчүн эмен кылуу керек?

Ак баракка ойлогон тилек, максаттарыңыздын баарын жазып чыгыңыз. Эгер сиз ойлогондой болбосо башка адамдар менен пикир алышып алардын максаты кандай экенин билсеңиз сизде дагы өзүнөн-өзү максат пайда болот.

Суроого акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова жооп берет:

  • Күйөм жана анын туугандары “кыз төрөй бересиң” деп мени капа кылышат. Канткенде эркек бала төрөй алам?

Баланын уул же кыз болоору атасынан көз каранды. Себеби ген аркылуу алып караганда аял кишиде ХХ, эркекте ХУ деген хромосома бар. Эгерде эркек аялга Хти берсе ХХ болуп кыз, Ути берсе ХУ болуп уул төрөлөт. Болочок баланын жынысын билүү үчүн окумуштуулар көп изилдөөлөрдү жасап келишет. Учурда бир канча методдор болгону менен бирөөсү дагы 100 пайыз кепилдик бере албайт. “Кыз төрөдүң” деп аялды күнөөлөгөн туура эмес, баары табигаттан болот. Азыркы заманда, баланын жынысына маани бербей, 12 мүчөсү аман болуп төрөлүшүн тилеңиздер. Дагы бир ирет айта кетейин баланын жынысы эркектин хромасомасы менен аныкталат.

Суроого юрист Нурислам Раимжанов жооп берет:

  • Жигитим мени кулдай көрүп, ур-соккуга алат. Эмне кылсам болот?

Бүгүнкү күндө сиздин башыңыздан өткөн көйгөйүңүзгө бир гана сиздин жана жакындарыңыздын чечкиндүү кадамдары жардам бере алат. Эң негизгиси Кыргыз Республикасынын күч органдарына сөзсүз түрдө кайрылыңыз. Болбосо, окуяңыз өрчүп олтуруп кооптуу жыйынтыкка алып келиши мүмкүн. Сиз эч коркпостон жакындарыңызга баарын айтыңыз. Жашаган же окуя болгон жердеги милицияга зордуктоо боюнча арыз жазыңыз. Ак баракка болгон окуяны төгүп-чачпай ирээти менен түшүрүңүз. Эгерде мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо юридикалык жардам алуу боюнча Юстиция министрлигине кайрылсаңыз, сизге бекер адвокат бөлүп беришет.

Суроого психолог Бермет Нарлиева жооп берет:

  • Жигитим экөөбүз төрт жылдан бери сүйлөшөбүз. Күзүндө үйлөнөлү деп жатабыз. Бирок акыркы учурда жөндөн жөн уруша берчү болдук. Баш кошсок бул нерсе жоголобу же тескерисинче адат болуп калып калабы?

Төрт жыл бирге кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүү чакан убакыт эмес. Башкалар төрт жыл эмес, төрт ай бири бирине туруштук бере албай калышат. Азаматсыздар! Сиздердин сезимиңиздерде бири-бириңерден бөлбөгөн сезим учкундары бар болгон үчүн, ушул убакытка чейин кармалып келатасыңар. Ал эми акыркы убактагы бат бат урушуп жатканыңар пикир алышуунун башка этабына өтүүңөрдү талап кылганы. Буга чейин кыз-жигит болсоңор, эми жаш жубайлар болушуңар керек. Баш кошсок деле ушундай уруш-талаш боло береби дейсиз, алгачкы учурда андай талаш-тартыш болбойт дейли, андан кийин кагышпаган казан-аяк жок. Жашоо болгондон кийин талаш-тартыш, түшүнбөстүк сөзсүз болот да. Жаш жубайлардын ортосундагы талаш-тартыштын болуп турушу бул нормалдуу социалдык кубулуш. Эч качан конфликттен коркуп качып кетпешиңиз керек. Аны чечүү абзел, чечкенде да жакшы тарабына чечүү маанилүү. “Чегирткеден корккон эгин экпейт” дейт, уруш-талаш боло береби деп төрт жыл сүйлөшкөн жигитиңизди башка бирөөнүн колуна салып бересизби? Ойлонуп көрүңүзчү!!! Пикир алышуудагы, мамиле түзүүдөгү эффективдүү ыкмалар менен кеңири таанышкыңыз келсе, түгөйлөрдүн ортосундагы дал келүүчүлүктү аныктап, кеңири маалымат алууну кааласаңыз психологдун кабылдоосуна редакция аркылуу кайрылсаңыз болот.

  • Сүйлөшкөн кызымдын боюнда бар, эми эмне кылам?

Мындай абалда биринчи айтаарым үйлөнгүлө, өзүңөр кылган ишке жооп бергиле! Бирок ар кандай кырдаалдар болушу ыктымал. Силер экөөңөр тең толук жетилген болсоңор чогу олтуруп сүйлөшкөнүңөр оң. Бири-бириңерди жакшы көрөсүңөрбү, сүйүү барбы? Боюнда болгонго чейин мамилеңер кандай эле, андан кийин өзгөргөн жокпу? Ата-эне болуп балага тарбия бергенге даярсыңарбы, төрөлө турган баланын милдетин ала аласыңарбы? Мына ушул суроого жооп берүү абзел. Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр моралдык жана финансылык кыйынчылыктарды жеңесиңер, бактылуу өмүр сүрүүгө умтуласыңар. Сүйүү жок болсо, ал жөнүндө кызга чындыкты айтыш керек, калп айткан болбойт. Аталык милдетке даяр болбосоң кызга ачыгын айтуу милдет. Кааласаң баланы калтыр финансылык, материалдык жактан жардам берип турам, балага каралашам деп. Эгерде толук жетиле элек болсоңор же кыздын жашы келе элек болсо, менин кеңешим ата-энеңерге ачылып алардан акыл, кеңеш сураганыңар пайдалуураак болот. Айтаарым бул көйгөйдү батыраак чечүү маанилүү!

Суроолорго аймактык инспектор Темирбек Кылычбек жооп берет:

  • Өзүмдүн жездем кыздыгымды алып таштады. Эмне кылсам болот? Кимге айтам? Эжемe, апама айтсамбы? Бирок эжемдин менин айыман ажырашканын каалабайм. Менин кийинки жашоом кандай болот? Мен күйөөгө кантип тийем?

Сага күч колдонулган болсо, аймактык милицияга арыз менен кайрылсаң болот. Үстүнөн “зордуктоо” боюнча кылмыш иши жүргүзүлөт, далил болуусу абзел. Мындай нерсени убагында ойлонуп милицияга кайрылышың керек болчу. Арадан канча убакыт өттү? Көп убакыт өтүп кетсе далилдеп берүү оор болуп калат.

  • Жигитим аскер кызматында иштечү, сүйлөшпөй калганыбызга көп болгон. Азыр мени “шермендеңди чыгарам ” деп коркутуп жатат. Өзүмдү кантип коргой алам?

Эгерде чынында эле коркутуп жаткандыгына факт бар болсо, өзүңдү коргоого укугуң бар. Өмүрүңө же ден-соолугуңа зыян келтирсе же жигитиң сени опузалап жатса милицияга арыз менен кайрылсаң болот. “Шермендеңди чыгарам” деген деле опузалоо. Жашыргандын аркасы жашылыкка алып келбейт, эсиңде болсун.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт