// //

Күйөөң бекерпоз болсо эмне кылуу керек? Адистен кеңеш

2018.06.07, 11:06
4946

Күйөөсү бекерпоз айымдарга кеңеш

Бут шилтегенге шайың калбай жумуштан келесиң, ашканага кирип тамак жасайсың, эртеден бери үйүлүп калган идиш-аяктарды, кирлерди жууйсуң, кийим үтүктөйсүң.

Жумушу жок, диванда чалкалап жаткан күйөөңдөн жардам сурасаң: “Мен чарчадым" деген жооп угасың.

Бул тааныш жагдай болсо, психолог Тамара Воронцованын кеңештерине кулак сал.

Күйөөң жумушунан айрылса, 2 күн ичинде жаңысын издесин. Ылайыктуусу көрүнгүчө, тапканына иштесин.

Аёонун кереги жок, ал майып эмес.

2-4 ай иштебесе, кайын энең  "ага тийбе", - деп баласына боору ооруп өзү акча берсе, эркек буга көнүп калат. Ал эми сен үй бүлөнүн багуучусу болууга даярдана бер.

Күйөөңдүн жумушу жок экенин уят деп достордон, туугандардан жашырба. Эркек такыр иштебесе - уят!

Достору менен жолугушканга, көңүл ачканга, чылымга, тойлорго, белектерге жана башкаларга акча бербе.

Күйөөңдү эс алууга өз чөнтөгүңдөн алып барба.

Үй бүлө башчысы төлөй турган нерселерди төлөбө. 

Катуу талап жана мөөнөт кой. Өзүң да ал эрежелерди сакта.

Жардам бербе, өзү тапсын, эркек экенин эскертип тур!

Эч качан жалкоо күйөө менен жашаба, болбосо балдарыңа кошуп аны да багасың.

Күйөө тандап жатканда өзүнүн жана ата-энесинин байлыгына караба, жалкоо эмеспи жакшылап байка.

Окумуштуулар аныктагандай, жалкоолук тукум кууйт. Эгерде келечекте балдарың жалкоо болбосун десең, болочок күйөөңдүн үй бүлөсүнүн көндүмдөрүнө, атасынын иштөө жөндөмдүүлүгүнө көңүл бур.

Биздин аялдарга көнүмүш болуп калгандай, түйшүктүн баарын мойнуңа алба.

Эркектин ролу бар, аны өзүнө калтыр!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт