// //

Уролог жооп берет

2018.06.04, 13:22
10500

Окурмандардан келген суроолорго дарыгер-уролог Нурлан Эгетаев жооп берди.

Простатитти толугу менен айыктырса болобу?

  • Сенек (застойный) простатитти толугу менен айыктырса болобу?

Эгерде өтүшүп кете элек болсо, айыктырса болот. Простатит аз кыймылдуу жашоо образынан пайда болот. Андыктан, көп кыймылдап, муздактан абайлап, туура тамактаныңыз. Бир дарылангандан кийин баарын унутуп койбой, профилактика үчүн жылына бир-эки жолу текшерүүдөн өтүп туруңуз.

Балалуу болгум келет

  • Оң бөйрөгүм өнөкөт оорусу менен жабыркайт. Кийин балалуу боло аламбы?

Сиз өнөкөт пиелонефрит тууралуу айтып жатсаңыз керек. Ооруса жана оорубаса дагы жылына анализ тапшырып, текшертип туруңуз. Туура тамактанып, дарыгердин айткандардын аткарсаңыз, балалуу болууга эч кандай терс таасирин тийгизбейт.

Стафилококк чочулатат

  • Стафилококк жыныстык канташ аркылуу жугушу мүмкүнбү?

Стафилококк микробдору адамдын ар кайсы жеринде болот. Алсак, ооз көңдөйүндө, ичегисинде, терисинде жана башка дегендей. Бул жерде өздүк гигиенаны сактоо керек. Болбосо заара бөлүп чыгаруу органдарына кирип кетип, сезгенүүнү пайда кылат.

Төшөк алсыздыгы

  • Төшөктө алсызмын. Интернеттен буга жардам берчү ар кандай дарылар бар экен. Ошолорду ичсем болобу?

Сиздин дартты "эректилдик дисфункция" деп айтабыз. Эркектин жыныстык катнаштагы алсыздыгы. Биринчиден дарыгерге кайрылып, текшерүүдөн өтүңүз. Интернеттеги дарылар классикалык варианттар менен берилет. Жүз пайыз кепилдиги жок, бирөөнө таасир берсе, айрымдарына бербейт. Өз алдынча физикалык көнүүгүүлөрдү жасап, көп кыймылдап, муздак жерге олтурбай, оор көтөрүүдөн алыс болуңуз. Убагында уктап, эс алыңыз.

Герпестин зыяны

  • Жыныстык мүчөмдөгү герпести кантип кетирсем болот?

Жыныстык мүчөңүздөгү герпести дарыгерге текшертиңиз. Кан анализин тапшырып, чыккан жыйынтыгына жараша дарыланасыз. Дарылануу узакка созулат, бир курстан айыкпайсыз.

Жыныс мүчөм муздак

  • Жыныстык мүчөм муздап калууда. Бул эмне себептен болушу мүмкүн?

Бул простатит оорусунун белгилери. Сиз өтүшүп кете электе, тезинен дарыгерге кайрылыңыз. Текшерүүдөн кийин дарылоо курсунан өтөсүз.

Канча жашта үйлөнсө болот?

  • 21 жаштамын. Канча жашымда үйлөнсөм болот? Үй-бүлө курганга чейин жыныстык катнашка бара берсем болобу?

Мусулманчылыкта үйлөнгөнгө чейинки жыныстык катнашка тыюу салынат. Бул туура, бир жагынан ар кандай жыныстык жактан жугуштуу оорулардан сактайт, экинчиден ийгиликсиз сексуалдык тажрыйбадан улам пайда болгон психологиялык бузулууну алдын алат. Жигиттерге үйлөнүү үчүн оптималдуу курак 23 жаштан жогору.

Эркектик мүчөм кичинекей

  • Жыныс мүчөм кичинекей. Балалуу боло аламбы?

Жыныс мүчөнүн өлчөмү балалуу болууга эч кандай таасирин тийгизбейт. Сиз мүчөңүздүн өлчөмү канча сантиметр экенин жазбаптырсыз. Эгерде 5-6 см болсо “микро пенис” деп диагноз коюлуп, дарыланат. Андан жогору болсо норма. Тукумсуздукка гипаспадия, аномалдык кемчиликтер таасир берет.

Уруктугумдун өңү башкача

  • Уруктугумдун өңү өзгөрө баштады. Эмне кылышым керек?

Сиз урологго кайрылып, спермограммага жана жыныстык жактан жугуучу ооруларга анализ тапшырыңыз. Чыккан жыйынтыгына жараша дарыланасыз. Өз алдынча эч нерсе кылбаңыз.

Спорттун зыяны

  • Спорт менен көп машыгам. Жыныс мүчөмө терс таасирин тийгизбейби?

Жыныстык мүчөнү жабырката турган түрү болбосо, зыяны жок. Допинг, протеиндерди азыраак колдонуңуз. Болбосо организимде зат алмашуулар бузулуп, жыныс алсыздыгына алып келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
М
Мырза Садирдинович
12.12.2018, 22:10

Ассалоому алейкум Нурлан байке менин жыныстык мучомо солго окшогон бир балээ чыгып ачыштырып оорутат мезгили менен,анан тошокто бат  бутот,  узуну 5.4см аялым менен ажырашып тындым,бир эркек балам бар аялымын экинчиси боюнда болгондо гинекологго барса ирин басып кетиптир деди  врачы бала болбойт дегенинен алдыртып тыштады,анан ажыраштык жанагы балээ саныма чыгып кыйнап жатат,анан алам кычыша берет тырмасам жара боло берет эмне кылсам болот,анан сакал мурут да чыкпай жатат,кедергесин тийгизбейби гармондорум бузулганбы деп ойлоп коем,жардам берип койсонуз,толук адресинизди же ватсап номеринизди берсениз барсам деп чештим

 

0
Пайдалуу жооп
М
Мырза Садирдинович
12.12.2018, 22:13
  • Айткандан уялып журом  жашым 31де жыныстык мучом оспой калды окшойт деп корком ичтен сызам,мен дагы полноценный  эркектердин катарында болсом деп кыялданам,алдын ала  рахмат
  •  
0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
08.01.2020, 23:01

Ассаламу алейкум нурлан байке  номеринизди жазып койунузчу сураныч

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт