// //

Түйүлдүктүн өрчүбөй калуу себептери

2018.05.17, 14:59
3847

                                  

Боюнда бар аялдар алгачкы күндөн тартып эле дарыгердин көзөмөлүндө болушу шарт. Түйүлдүктүн өрчүбөй калуусу, бала  жана энелердин өлүмү дал ушул кош көңүлдүүлүктөн болот. Акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова түйүлдүктүн өрчүбөй калуу себептерин айтып берди.

Түйүлдүктүн өрчүбөй калуу себептери:

  • Инфекция: сасык тумоо, цитомегаловирус, кызамык жана башка.
  • Жыныс жактан жуугуштуу оорулар: трихомониаз, гонорея, сифилис, ВИЧ.
  • Генетикалык жактан коркунуч болсо.
  • Кан группаларынын дал келбестиги. 
  • Жатындын тубаса кемчилиги .
  • Мурда аборт кылып жүргөн болсо.
  • Гормоналдык бузулуу.
  • Дайыма стресс абалында жүрүү.
  • Дары-дармектерди көзөмөлсүз ичүү.
  • Туура тамактанбаса.
  • Айрым учурларда ЭКОдон кийин.

Өрчүбөй калган түйүлдүктүн белгилери:

  • Кош бойлуулуктун белгилери күтүүсүз жерден токтойт: көөнү айнуу, кусуу жоголуп, көкүрөк бездери жумшарат.
  • Бели, ичи ооруп баштайт.
  • Жыныстык жактан кан келет.
  • Кош бойлуулуктун мөөнөтү чоң болсо, түйүлдүктүн кыймылын сезбей калат.
  • Түйүлдүктүн жүрөгүнүн согушу токтойт.

Кантип диагноз койсо болот?

Эгерде жогорудагы белгилер байкалса, тезинен гинекологго кайрылгыла. Диагнозду адис гана кое алат.

Ким бактылуу эне болом десе, алдын ала дарыгерге көрүнүп, ден-соолугун чыңдайт жана даярданып, үй-бүлөнү пландаштырат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт