// //

Бойго бүтүрбөөчү каражаттар. Кайсынысы ишенимдүү?

2018.05.10, 15:29
124842

Үй-бүлөнү пландаштыруу, күтүүсүз бойго бүтүүдөн сактануу – бул контрацепция. Бүгүнкү күндө кош бойлуулуктан сактануунун ар кандай ыкмалары жана каражаттары бар. Акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова бойго бүтүрбөөчү каражаттар тууралуу айтып берди.

Универсалдуу- презерватив

Презерватив- бойго болтурбоо каражаттарынын эң универсалдуусу. Презервативдин ден-соолукка зыяны жок. Күтүүсүз кош бойлуулуктан сырткары ВИЧ сыяктуу жыныстык жактан жуугучу түрдүү оорулардан сактайт. Жаштарга ылайыктуу, арзан, жетиликтүү жана колдонууга жөнөкөй, дарыгерлер тарабынан атайын кеңеш талап кылбайт.

Жатын ичине салынуучу спиралдар

Спираль-жатындын ичине салына турган, сактануу каражаты. Түрлөрү көп, күмүштөн, алтындан жасалгандары бар. Көбүнчө “Т” тамгасына окшогонун колдонушат. Жатындын ичине этек кир келген убакта коюлат. Бөйрөгү ооругандарга, каны аздарга жана жатында сезгенүүсү бар айымдарга коюуга болбойт. Андыктан алгач гинекологдун текшерүүсүнөн өтүү керек. Спираль жыныстык жактан жугуучу оорулардан сактабайт.

Календарлык ыкма менен сактануу

Календарь ыкмасын колдонуу үчүн ар бир айым өзүнүн менструалдык циклин жатка билүүсү керек. Урук чыккан кооптуу күндөрдө, жыныстык катнашты токтотуп же тосмо ыкмаларын, таблеткаларды, презеративди колдонуп туруу зарыл. Мындай ыкманы этек кири туруктуу келгендер колдонсо болот, эгерде баш аламан келсе коркунуч болуп калышы мүмкүн. Жыныстык жактан жугуучу оорулардан сактабайт.

Химиялык жолдор менен коргонуу

Химиялык ыкмага спермициддер, кынга салынуучу таблеткалар кирет. Бул заттар сперматозоидди жатынга киргизбейт. Эгерде буларды туура колдонсо, спирал, презерватив сыяктуу эле эффективдүүлүгү 98 пайызды түзөт. Бирок, бир түндө эки жолу жыныстык катнашка бара турган болсо, ар бир жыныстык катнаш алдында бирден салып туруу керек. Ыңгайлуу, чөнтөккө салып алып, керектүү учурда колдонууга болот.

Үзгүлтүктүү жыныстык катнаш

Жыныстык катнашты үзгүлтүккө учуратуу. Табигый ыкманын бир түрү. Бул эркектин тажрыйбасына караштуу, урук чыгаар маалын алдын алып, урукту аял кынынын ичине түшүрбөйт. Мындай сактануунун эффективдүүлүгүн бийик деп айтууга болбойт. Кээ бир учурда күтүүсүз кош бойлуу болуп калышы мүмкүн.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
26.03.2019, 02:47

Саламатсызбы менин мурдум дайыма кызара берет эмне үчүн?Анализ да тапшыргам дерматологго барып көрүнсөм да жардам болбоду ал эч нерсе кыла албайт экен,жана маңдай жагыман чачым түшүп чыкпай атат не кылыш керек?

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
26.03.2019, 02:47

Саламатсызбы менин мурдум дайыма кызара берет эмне үчүн?Анализ да тапшыргам дерматологго барып көрүнсөм да жардам болбоду ал эч нерсе кыла албайт экен,жана маңдай жагыман чачым түшүп чыкпай атат не кылыш керек?

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
21.05.2019, 11:10

Менден выделения келбейт кургап калган Жок бу 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт