// //

1-класска кабыл алуу 1-июнда башталат

2018.04.30, 13:49
1960

Кичи аймактардагы балдарды 1-класска кабыл алуу 1-июндан башталып 15-августка чейин созулат.  Ата-эненин же баланын ден-соолугуна байланыштуу же башка бир бир жүйөлүү себептер бар болсо, кабыл алууну кийинки айларга жылдырса болот. 

1-класска кабыл алууга төмөнкү документтер топтому керек:

  • Ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) мектеп мүдүрүнүн атына жазган  арызы
  • Ф-26, Ф-63 үлгүсүндөгү медициналык карта
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү
  • Ата-эненин бирөөсүнүн паспорт көчүрмөсү
  • Баланын жашаган жерин тастыктаган документ ( эгерде ата-эненин бирөөсүнүн паспортунда көрсөтүлгөн дарек менен баланын жашаган жери дал келбесе)
  • Мектепке кабыл алуу учурунда баланын ден-соолугунун абалы туралуу маалымкат

Мектепке тийиштүү кичи аймакта жашабаган балдарды 1-класска кабыл алуу 15-августан башталып, 5-сентябрга чейин уланат. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт