// //

Бул белгилер болсо психологго муктажсыз

2018.04.19, 12:18
8606

Көпчүлүк өспүрүмдөр кайсы учурда психологго кайрылаарын билбей, депрессияга туш болушат. Психолог Гүлмира Молдокулова кайсы учурда психологго кайрылуу керек экендигин айтып берди. 

Психологго кайрылуунун 18 себеби:

  • Эмне каалап жатканымды билбейм;
  • Дайым стрессте жашайм;
  • Жан дүйнөм жалгызсырап жатат;
  • Менде бир нерсе туура эмес;
  • Эмнегедир тынчсыздануудамын;
  • Жеке жашоомду жөнгө салгым келет;
  • Эмнеге жашап жатканымды такыр түшүнбөйм;
  • Өз алдымча чечим чыгара албайм;
  • Менин эмнеге шыгым бар?
  • Мен бардык учурда кайгылуумун;
  • Бардык нерсе кыжырымды кайнатат;
  • Мен жалгызмын;
  • Мени эч ким түшүнбөйт;
  • Менин үй-бүлөмдө уруш-талаш, чыр-чатактар көп, алардан тажадым;
  • Өзүмдү-өзүм түшүнгүм келет;
  • Өз жашоом менен жашабайм;
  • Мага эч нерсе кызыктуу эмес;
  • Мага өзүмдүн жашоом жана ишим жакпайт, барынан тажадым;

 

Урматтуу дос! Эгерде сенде жогорудагы 18 белгинин бири болсо анда www.bilesinbi.kg порталына өз сурооңду жөнөт. Анонимдүүлүкө кепилдик берип, атайын адистен жооп алып берүүгө даярбыз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
05.02.2019, 19:54

Саламатсызбы мен акыркы убакта бир чечимге келе албай абдан кыйналам нени каалап жатканымды билбейм бироолордун айтканындай кыла берем оз оюмду айта албайм жооп таппай соз таппай калам не кылышым керек?жардам сурайм

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
12.02.2019, 11:39

Чыр чатак боло берсе көңүл муздайбы

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
20.06.2019, 22:10

менде ушулардын баары бар

 

0
Пайдалуу жооп
15.07.2019, 15:03

Менде ушул койгойлордун баары бар. Озум да психологко кайрылуумду туура коруп бирок бара албай жатам.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт