// //

Аракечтик тукум кууйбу?

2018.01.18, 14:26
3654

Көпчүлүк адамдар мас болгуча ичпесең эле болду ошол жетиштүү деген жаңылыш ойдо болушат. Бирок өлчөмү кичине ичилген ичимдик организимде 50дөн ашуун ооруну козгоорун унутпашыбыз керек

Өспүрүмдөр арасында алкоголдук ичимдиктерге болгон берилүү, анын курамына, түрлөрүнө болгон кызыгуусу күч. Мындан улам айрым өспүрүмдөрдүн суроолорун, жашы жете электерге медика-психологиялык жардам берүүчү борбордун адиси Лариса Ивановага узаттык. 

 

 Өспүрүмдөр алкоголизм дартына чалдыгабы?

Алкоголизм дарты 18 жаштан жогору болгон чоңдордо кездешет. Өспүрүмдөрдө мындай нерсе жок. Болгону аларда турукту колдонуу адаты бар. Эгер өспүрүм жумасына 1-2 жолу алкоголдук ичимдиктерди ичсе, бул адат бир жылдан ашуун кайталанса анда өспүрүм алкоголдук ичимдиктерге көз каранды деп айтсак болот.

 Сыра, вино сыяктуу ичимдиктердин курамында канча грамм алкогол бар?

Мынча грамм бар деп так айтуу мүмкүн эмес. Себеби азыр алкоголдук ичимдиктердин түрү көп болгондуктан, өндүрүүчүлөр ар кандай өлчөмдө кошушат. Болжол менен 1 бөтөлкө сырада 5-6% алкогол, виски, аракта 40-50%, коньякта 30-60% алкогол болсо, майрамдарда ичилүүчү шампандарда 18%, квас, кымызда 0,5-1,7% болот.

 Алкоголдук ичимдиктерди ченеми менен ичсе зыяны тийбейт дешет ушул чынбы?

Көпчүлүк адамдар мас болгуча ичпесең болду ошол жетиштүү деген жаңылыш ойдо болушат. Бирок өлчөмү кичине ичилген ичимдик организимде 50дөн ашуун ооруну козгоорун унутпашыбыз керек. Күнүнө мынча ичүү керек деген туруктуу ченем жок. Болжол менен эркектерге 20 грамм, аялдарга 10 грамм деп айтылганы менен ар бир адамдын организими индивидуалдуу, кээ бирөөнө кичине өлчөмдөгү алкогол дагы терс таасирин тийгизет. Ченеми менен ичип олтуруп, акырындап өлчөмүн көбөйтүп, көз каранды болуп калышы мүмкүн. Кандай болгон учурда дагы алкогол бул зыяндуу зат.

 Аракечтик тукум кууйбу?

Ата-энеси, бир туугандары ичкилик ичкен чөйрөдө чоңойуп жаткан баланын алкоголдук ичимдик колдонооруна мүмкүнчүлүк көп болот. Бул жерде генден дагы чөйрөнүн таасири чоң деп айтсак жаңылышпайбыз. Өспүрүмдү алкоголдук ичимдикти колдонууга алып баруучу шарттар ата-эненин жетишсиз көңүл буруусу, досторунун ичимдикти көп пайдаланышы, депрессия, үйдөгү, мектептеги чыр чатактар себеп. Бала чоңдордон көргөнүн туурай тургандыгын эстен чыгарбашыбыз керек.

 Алкоголдук ичимдиктердин курамындагы этанол деген эмне?

Этанол — нерв системасын жабыркатуучу, алкоголдук ичимдиктердин курамындагы уулу зат.

Көп өлчөмдөгү этанол, комага түшүрүп, өлүмгө алып келет. Этанол нерв системасына гана доо келтирбестен, мээнин иштөө режимин бузат. Ичимдик ичкен адам булдуруктап сүйлөп, көзү тунарып, өзүн өзү кармай албай, тамтаңдап басып калышы этанолго уулануунун белгилери.

 Кыздар эркек балдарга салыштырмалуу ичимдикке бат берилеби?

Ооба, кыздарда балдарга караганда алкоголдук ичимдиктерди кабыл алуусу жогору болгондуктан, аларга алкогол бат таасир берет. Кыздар жеке жашоосунда болуп жаткан көйгөйлөрдөн арылуу үчүн ичимдик колдонушат. Ал эми алкоголдун кыздардын организимине келтирген зыяны балдарга салыштырмалуу чоң экенин унутпашыбыз керек. Эс тутум начарлоо, мээнин, боордун жабыркашынан тышкары, тукумсуздукка алып келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт