// //

Узун көйнөк кийген жигиттер көбөйдү

2018.04.18, 14:57
6098

Акыркы убакта сакалын өстүрүп, тизеден ылдый узун көйнөктөрдү кийип жүргөн кыргыз жигиттери көп кездеше баштады. Кийген кийиминен намазга жыгылып жүргөнүн түшүнө алабыз. Бирок дин жолундагылар ушинтип кийиниши шартпы деген суроо туулат. Бул тууралуу теолог Кадыр Маликов ой бөлүштү.

Эркектердин кууш джинсылары сүннөт эмес

Намаз окуган адам сүннөткө ылайык кийиниши керек. Бул деген кийген кийими таза, денеге жабышпаган, жарашыктуу, ички кийимдер көрүнбөгөндөй, ачык эмес болушу шарт. Ар бир адамдын кийинүү стили модага жана улуттук баалуулуктарга жараша болот. Заманбап кийимдердин сүннөткө туура келгендери дагы бар. Болгону алар башында айтып өткөн талаптарга ылайыктуу болсо болду. Тактап айтканда кууш джинсыларды эмес, пиджак, кең шым менен кең джинсыларды тандаса болот.

Сакал коюу өздүк тандоо

Сакал коюу бул сүннөт болуп саналат. Ал баардык пайгамбарлардын сүннөтү. Эгерде Иссус, Моисей сыяктуу пайгамбарларды алып карасак, алар дагы сакал коюп жүрүшкөн. Пайгамбарлардын бул сүннөтүн христиандар, иудейлер ошол эле мусулмандар дагы аткарышкан. Бирок сакал коюу ишенимди жана кудайдан коркууну көрсөткөн негизги фактор эмес.

Бүгүнкү күндө сакалды светтиктер, хипстер дагы коюшат. Андыктан бул жерден ким кааласа коет, каалабаса койбойт.

Жаратканга болгон ишенимдин негизги принциптери таза ниет менен ой пикир, жорук-жосундар. Тыкан, таза эмес кийинүү, сакалын өстүрүп алуу же болбосо көйнөк кийүү ар бир адамдын өз тандоосу.

Кийимибизге карата бааланабыз

Кийим тандоодо исламдын, мусулмандардын жүзүн көрсөтүп жатаканыбызды түшүнүп, эсибизден чыгарбайлы. Үстүбүздөгү кийимибизге карата бааланабыз. Эгерде мусулман адамдын кийими кир, сакалы өскөн же түшүнүксүз бир кийимдерди кийип алса, анда ал болгону адамдарды өзүнөн, исламдан алыстатат.

Мусулман көрүнүшү менен адамдарды өзүнө тартып турушу керек.

Арабдардын кийими биздин кийим эмес

Пакистандык жана арабдардын айрым кийимдери тууралуу айта кетсем, алар пакистандыктардын жана арабдардын улуттук кийиими. Болгону бул кийимдер тыкыс жана ачык эмес болуп, сүннөткө туура келгени үчүн кийип алышат.

Кудай таала барыбызды өзүбүздүн маданиятыбыз, салт-саанабыз менен жараткан жана бул нерселерди сактап калышыбызды каалайт. Эгерде бирдей кылып жаратууну кааласа, анда баарыбыз араб же пакистандык болоор элек.

Биз маданиятыбызды, тилибизди сактап калышыбыз зарыл. Улуттук кийимдерибиз сүннөткө туура келсе болду. Ал эми пакистандыктардын же арабдардын кийимдерин кийип жүргөндөр туура дагы, туура эмес дагы кылып жатышат. Туурасы сүннөттүн стандарттарына туура келген кийимди кийгендигинде, туура эместиги сүннөттү кичирейтип коюп жаткандыгында. Сүннөт бул кең нерсе. Пакистандык, арабдардын кийимдерин христиан арабдар, мусулмандар, пакистандыктардын сарисин мусулмандар, индейстер, бутпарастар дагы кийишет. Андыктан сүннөткө ылайык келген кийимдерди кийсек туура болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт