// //

“Ийгиликтүү эмчек эмизүүнүн 10 кадамы”

2018.04.13, 15:19
10965

 

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык Сактоо Уюму (БДСУ) менен ЮНИСЕФ эмчек эмизүү практикасын кеңейтүү максатында медициналык мекемелерде энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга кызмат көрсөтүүчү жаңы колдонмо иштеп чыкты. Колдонмо негизги 10 кадамдан турат. Ымыркайды алгачкы эки жылда эмизүү менен жылына беш жашка чейинки 820 000 баланын өмүрүн сактап калса болот.

“Ийгиликтүү эмчек эмизүүнүн  он кадамы” практикалык колдонмосу жаш энелерге эмизүүгө түрткү берет жана өз ичине саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн дагы маалыматтарды камтыйт. Төрөттөн кийин бир саат ичинде баланы эмизүү менен аны инфекциялардан коргоп, өмүрүн сактап калууга болот.

Жарым-жартылай же болбосо толугу менен эмизилбеген ымыркайлар диарея сыяктуу инфекциялардын улам өлүм коркунучуна кабылышат. Ошондой эле эмчек эмизүү акыл-эс жактан жетилүү, мектепке даярдануу жана баруу көрсөткүчтөрүн жогорулатат. Баланын бойго жеткен убагында жакшы киреше табуу мүмкүнчүлүгүнүн ымыркай кезинде эмчек эмгендиги менен байланышы бар экени аныкталган.

Кыргызстандагы ЮНИСЕФ өкүлү Юкиэ Мокуо эмчек эмизүү баланын жашоосун сактап калат дейт:

“Кыргызстандагы алты айга чейинки ымыркайлардын 41 пайызы гана эмчек эмет. Эмизүү өз кезегинде колдоону, сыйлыкты жана жетектөөнү талап кылат. Бул негизги 10 кадамдын жардамы менен дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы эмчек эмизүү көрсөткүчтөрүн жакшырта алабыз.”

Кыргызстандагы Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык Сактоо Уюмунун кеңсесинин жетекчиси Ярно Хабихт өз пикиринде төмөнкүлөргө токтолду:

“Эмчек эмизүү ымыркайдын жашоосунун жакшы башталуусуна багыт берет. Энеге жана балага кам көрүүдө эмизүүнүн 10 кадамынан өткөн жакшы башталыш жок.”

“Ийгиликтүү эмчек эмизүүнүн  он кадамы”

  1. Толугу менен эне сүтүн алмаштыргычтардын Саламаттыкты сактоо боюнча Дүйнөлүк ассамблеясынын революциясына дал келген эл аралык эрежелерин сактоо, үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана маалыматтарды башкарууну жүзөгө ашыруу.
  1. Медициналык кызматкерлерди эмчек эмизүүгө колдоо көрсөтүүгө зарыл болгон билим, компетенттүүлүк жана көндүмдөр менен камсыз кылуу.
  1. Кош бойлуу аялдар жана алардын үй-бүлөлөрү менен эмчек эмизүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүү.
  1. Төрөлгөндөн кийин мүмкүн болушунча тезирээк эмчек эмизтирүү, наристелердин жана энелердин ортосундагы түздөн-түз жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу.
  1. Эмчек эмизүүнү уюштурууда, жүргүзүүдө жана жалпы маселелерди чечүү үчүн энелерге колдоо көрсөтүү.
  1. Медициналык көрсөтүүнү талап кылган абалдан башка учурда төрөлгөн балдарга эмизүүдөн башка эч кандай тамак-аш жана суусундук бербөө.
  1. Эне менен жаңы төрөлгөн ымыркайдын бир бөлмөдө 24 саат бою бирге болуусун камсыз кылуу.
  1. Эмгиси келип жаткан баланын белгилерин жана кыймылдардын таанып билүүсү үчүн энелерге колдоо көрсөтүү.
  1. Ымыркайды азыктандырууда бөтөлкөлөрдү, атайын соргучтарды пайдалануу коркунучу боюнча энелерге кеңеш берүү .
  1. Ата-энелер жана алардын балдары өз убагында кам көрүүгө жана колдоого жеткиликтүү болушун башкаруу.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт